Зари: «БОЙ КӨТӨРГӨН ЖИГИТТЕРДИ ЖЕК КӨРӨМ»

“Адамды өңү менен тосуп алып, анан аң-сезими менен узатасың” дешет. Ал эми ырчыны үнү менен кабыл алып, жактырабыз. Бирок анын сахна артындагы жашоосу көмүскөдө кала берет. Махабат баянын даңктап ырдаган керме каш, сырдуу сулуунун ырларын угуп ашык болгондор канча дейсиз?.. Таланты менен күйөрман топтоп, жаштарга жагып келе жаткан ырчы кыз Зари тууралуу айрым кызыктарга гезитибизден орун бердик.

ЗАРИ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Туулган жылы – 1989-жыл, 27-апрель
Жылдыз белгиси – Букачар
Бою – 175 см
Салмагы – 55 кг
Көп кайталаган сөзү – Анан
Тамшанып жечү тамагы – Манты
Билими – Жогорку
Жактырган мезгили – Жай
Сүйүп окуган китеби – Жон Голсуорси “Сага о форсайтах”, Михаил Булгаков “ Мастер и Маргарита”

– Зари, чын атың Зарипабы же Заринабы?
– Ата-энем азан чакырып койгон атым Зарина.
– Москвада окуу оор эмеспи? Эс алганга бош убакытың болобу?
– Москвадагы Финансы өнөр-жай академиясынын юридикалык факультетинин 5-курсунда окуйм. Кечки бөлүмүндө окугандыктан, күндүзү түрк фирмада иштейм. Түркиядан келген товар ташуучу машиналарды чек арадан өткөрүү менен алектенебиз. Ошондуктан жумуштан кийин окууга барып, бош убакытым да калбайт, аябай чарчап калам. Мурда достор менен эс алып, мылтык атканы барчу элек, азыр мындайга кол тийбейт.
– Ата-энеден алыс жашап, аларга болгон сагыныч артып барабы же өз алдынча жашоого көнүп калгансыңбы?
– Жакындарымдан алыстап, жалгыз жашоого эч көнө албадым. Апам менен күндө телефон аркылуу байланышып турам. Бир күн сүйлөшпөй калсам, бир жыл байланышпагандай болобуз. Атам ааламдан өтүп кеткен, тилекке каршы, былтыр чоң атам да көз жумду.
– Ал жакта сени ким камсыз кылып турат?
– Квартираны бизге фирма камсыздайт, акча жагынан мен өзүм иштеп, баарына кеңири эле жеткирем. Окуума, кийим-кечеге, тамак-ашка өзүм төлөп, кыскасы, өзүмдү өзүм каржылайм. Ата-энем катардагы эле жөнөкөй адамдар. Бизде баары бар, жетиштүү эле жашайбыз. Ошондуктан мага үйдөгүлөр да жардам беришет.
– Бир туугандарыңдын кимисине өтө жакын болуп ыктайсың?
– Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Менден кийин эки сиңдим, анан иним бар. Сиңдим экөөбүздүн ортобуз бир эле жаш болгонгобу, эже-сиңди эмес эле, ынак курбулардайбыз.
– Продюсериң Динара Эсенгулова менен кантип иштешип калдың?
– Мындан 3 жыл мурун интернеттен Динара эженин номерин таап, чалган болчумун. Динара эже “кел, сүйлөшөбүз” дегенинен иштерим чыгып калып жолуга албай калгам. Бишкекке барганымда жолугайын деп номерин издеп таппайм десеңиз. Сурап-билүү кызматынан баштап, тааныш-билиштерге чейин издештирдим. Ырдаганга абдан кызыккандыктан, эженин артынан 2 жыл ээрчип жүрдүм го.
– Сен Москвада, продюсериң Бишкекте. Экөөңдүн тандемиңер кызык...
– Динара эже менен интернет, телефон аркылуу байланышып иштейбиз. Динара эже ал жактан аранжировкаларды даярдап мага жиберет, мен бул жактан үнүмдү жаздырам. Анан Кыргызстанга барарда баарын телефондон сүйлөшүп, аранжировкаларды Динара эже даярдап турат, мен барарым менен эле ыр жазып, клип тартканга киришебиз.
– Кыргызстанга келгениңде ыр жаздырып, клип тарттыргандан сырткары дос-туугандарыңа барып жетиштиңби?
– Акыркы жолу Кыргызстанга өткөн жылдын жайында баргам. Анда да эки эле аптага. Аз убакытта 3 ыр жазып, 3 клип тартканга жетиштик. Кызыл-Кыяга да 3 күнгө эле барып, жакындарымды көргөнгө араң жетиштим. Убакыт аябай тартыш болгондуктан, досторум менен да жолугуша албай кайттым. Чынында, эртең мененки саат 4тө келип, кайра 8-9да туруп жүрдүм. Динара эже да ушундай абалда болду.
– 14-Февраль – Махабат майрамы дешет, сен ким менен тостуң?
– Ошол күнү катуу ооруп калдым. Эч жакка чыккан да жокмун. Үйдө жаттым.
– Көпчүлүк ырчылар “жүрөгүмдүн ээси жок” деп кылыктанышат, сен таптыңбы же артыңдан чуркап жете албай жүргөн жигиттер көппү?
– Жумуштан үйгө, үйдөн окууга деп жүрүп эле жигиттерге көңүл бурбай калдым окшойт. Телефонумдун номерин алмаштырып салгам, номеримди жакындарым эле билишет. Жигиттер артымдан чуркаганын же мени бирөө сүйүп жүргөнүнөн кабардар боло элекмин го.
– “Махабат башатын мен өзүм баштайын...” деп ырдасаң, кээ бир кыздар, “ап, бали, Зари, анча-мынча сезимди түшүнбөгөн эркектерге ушул ырды ырдасакпы биз дагы” деп калышат. Негизи эле кыздарда намыс күчтүү болот дечи, бирок жүрөк кургур сүйүп калса, ырыңдагыдай биринчи кадамды өзүң таштаарыңа күч жетеби?
– Негизи, “Сезим кайгысы” деп аталган ырым махабаты күчтүү болгондорго арналган да. Анан жөн эле тоок сүйүү деп коёбуз го, андай болсо минтип сүйүүнү билдирип ырдаштын кереги жок деп ойлойм. Өзүмө келсек, мен сүйүүгө кабылсам, биринчи болуп өзүм айтат болушум керек, айтпасам да сезимимди билдирмекмин. Бирок жаратылыш ушундай да. Өзү аялдардын ою экинчи орунда болуп калат экен.
– Негизи эле кандай эркекти жек көрөсүң да, кандай жигиттерди сыйлайсың?
– Мага бой көтөргөн эркектер эч жакпайт. Элдин баарын аларга карыздай мамиле кылган эркектерди жек көрөм. Мага жөнөкөй, тамашаны да таамай айта билген, акылдуу, көп окуп, изденген эркектер жагат.
– Көрө албастыктын, кызганычтын курмандыгы болдуң беле?
– Адамдардагы эң жаман сапат көрө албастык жана ич күйдүлүк да. Ошондуктан мындай мүнөздөгү адамдан алыс жүргөнгө аракет кылам. Алла Таала ар бир пендеге өзүнө жараша сулуулук, байлык, бакыт берет. Эгер биз бергенине кубанып турсак, Кудай эки эсе көп кылып берет деп ишенем. Көрө албастыктын пайдасы жок, инсан бир нерсеге жетишсе, бул анын сыймыгы, күч-мээнети деп ойлойм.
– Шоу-бизнестен кайсы кызды өзүңө атаандаш деп ойлойсуң?
– Чынын айтсам, мен эч бирине атаандашпастан, тескерисинче, кээ бир ырчы кыздардын күйөрманымын. Ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар, бирине жакпаса, башкасына жагат.
– Клип тарттырганда сени “өтө берилип, күзгүнү талкалап салган” деп күлүп жүрүшөт, чын эле образга берилдиң беле же клиптегидей турмуш баштан өткөнбү?
– Жок, баштан өтпөй калсын. Чынында, “Кыз жүрөгү” аттуу ырымдын клибин тартып жаткан учурда өтө образга берилип кетиптирмин. Анда башкы каарманды ойногон ырчы Самандар менин берилип урушканыма каткырып күлүп эч токтоналбай койду. Мен болсо ого бетер кыйкыра баштасам, 1-кабатта отурган үй ээлери таң калып карап калышыптыр. Менимче, жөн эле ойноп койбой, ошол нерсени жашагандай кылып көрөрманга жеткириш керек.
– Мода кубалагандардын катарын толуктайсыңбы же мода сени кубалайбы?
– Кийим жарашса болду, кийип кете берем. Модалуу кийимдин да өзүбүзгө ылайыктуусун тандашыбыз керек.
– Сени менен интернет аркылуу баарлашып отурганыма байланыштуу, жөнөткөн быйтыкчаларыңа (смайлик) күбө болуп, өзүңдү көрбөй отурам. Заринин мүнөзү кандай?
– Боорукермин. Кедейди көрүп калсам, бар акчамды берип салгым келет. Оорукчандарды көрсөм, Кудай, ушуга ден соолук бер деп суранам. Анан койгон максаттарыма дайыма жетишүүгө аракет кылам.
– Ой-максаттарың орундалышына тилектешпиз, окууңду ийгиликтүү аяктап, кыргыз элине кайт.
– Рахмат. Кыргызстанды абдан сагындым, баары тынч болушсун.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Adikalon
2011-02-19 15:21:38
Азаматсын ийгилик сага. Ыйманындан жазба, кантип таанышабыз ыя, мага жагып калды.
0
Nurjanka
2011-02-19 15:35:36
Азаматсыз Зари ийгилик сизге! Аябай аракетчил кыз экен дагы сизден коптогон жакшы жана жаны ыр клиптерди кутуп калабыз
0
Otkurbek
2011-02-19 23:48:15
Мен сени Москвада кочодо кордум ошол моментте сени таныдым сен ото сулуу экенсин сага ийгилик
0
sulusha
2011-02-20 01:34:36
kitepti kop okugandygy jakty!kolundagy kiteptin filmin ke4ee kordum,polnoe ha-ha,stress=)
0
Puwkin
2011-02-20 09:18:26
Kyrgyzymda uwunday baatyr kizdar koboyobersin. araket4il, jonokoy bawkalarga ornok bolo alaturgan kiz eken. Uwunday kizdardy Urmattaym, siylaym, barktaym. Kizdardyn baary uwunday taza oyluu bolso bul duynobuz beyiwke aylanyp kalatkooo.
0
Puwkin
2011-02-20 09:28:10
Bakyt menen Taalay koldop, İygilik menen Oomat joldop, Kubany4 menen Mayrambek kowtop, juroberiwsin ZARİ dep.
0
Fernando
2011-02-21 05:21:31
Zari 1 yryndy aiabai uktum ele
0
Батон
2011-02-21 13:12:45
Зарина ты суперн-пупер
0
Батон
2011-02-21 13:14:02
Я горжусь тобой, молодец так держать
0
lider-kg
2011-02-21 13:55:16
турктордо иштеселе баатыр кыз болуп калабы я
0
danka
2011-02-21 14:05:55
Зари сенин ырларынды мен тажабай угам. Аябай сени жакшы кором. Сени менен кантип жолугушсам болот? Ырларын атайын мага жазылгандай. Менда Москвадамын!
0
nurikjneki
2011-02-22 03:15:34
Кызыл-Кыянын кыздарыыыы!!!
0
Puwkin
2011-02-22 16:11:21
Lider -Kg, sen korup jatasynby turktordo iwtegeni u4un baatyr kiz degen basmany? men baardik jaginan karap aytip jatam.
0
lider-kg
2011-02-22 21:34:20
кечир
0
syrduu kyz
2011-02-25 14:30:48
Zari, yrlaryn maga jaga berbeit, baary ele bir maanide...
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан