Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

–  Кадыр аке, Баян чыкса сөзсүз бир кабарын билдирмек, менимче, аны чыгарышкан жок. Дагы бир жолу түрмөнүн администрациясына киреличи, суранам. Жүрөгүм жаман нерсени сезип жатат.

– Уфф, Чика, чыгып кеткен деп жатпайбы, булар алдабайт...

– Сурап көрөлүчү дагы бир жолу?

– Мейли, жүрчү.

– Кадыр менен Чика кирип кайра Баян тууралуу сураганда аларга далил катары Баяндын сумка көтөрүп түрмөнүн имаратынан чыгып бараткан видеосун көрсөтүштү. Чиканын бала кыялдыгына кызууланды Кадыр:

– Чика, мен сага айтпадым беле булар алдабайт деп. Досуң чыгып кетиптир. Биз колдон келген жардамды кылдык, калганы өзүнүн тандоосу. Сен дагы ал кызды издебе, жайына кой. Канча жардам кылдык, чуркадык. Чалып “абактан чыктым, рахмат силерге” деп ыраазычылык айтып койсо деле болмок. Мейли, пендебиз да, жакшылыкты бат унутабыз.

xxx

Баян абактан чыккандан бери 3 ай өттү. Абактын жашоосу аны кадимкидей өзгөртүп, таптакыр башка адамга айлантты. Эң негизгиси, жашоодогу баалуулуктары өзгөрдү. Мурун “агам укса уят, эл эмне дейт” деп көп нерседен тартынып, өзүн тыйып жашаса, азыр андай эмес. Ичинен “жакшы жолго түшөйүн деп аракет кылсам да, Кудай мага жаман адамдарды жиберип азгырып жатат, демек, менин бул жашоодогу миссиям ушундай, мындан ары каалагандай жашайм, эч кимди укпайм” деп чечти. Башынан өткөн окуялар турмуштун чоң сабагы, сыноосу экенин, баары өтүп кетерин түшүнгүсү келген жок. Абактан чыгып эле Бахар айткан мырзага жолугуп вебкам болуп иштей баштаган. Жумушунда бетме-бет жолуккусу келген кардарларын да тейлеп жатты. Жан дүйнөдөгү баш аламандык реалдуу жашоону андан бетер баш аламан кылат эмеспи. Түнкү клуб, кафе, мейманкана, шарап, ичимдик, кальян – бул Баяндын жашоосундагы кадимки нерселерге айланып баратты. Түнкү көпөлөк болуп иштеген 1-2 курбу таап алган, алар “жашоого бир жолу келебиз, каалагандай жашап өткөнгө акыбыз бар” деген девизди Баянга да үйрөтүп коюшкан. Күндө мас болуп, таң атканда такси менен батирине келген Баян бир күнү күзгүдөн кебетесин карап өзүнө суроо берди?

– Бул сенби, Баян? Аябай өзгөрүпсүң, ээ?

Ички туюму: “Жок, Баян, бул сен эмессиң, бул абдан жаман кыз. Бул кыз апасына берген убадасын унутту, котормочу болом, баламды табам деген тилектерин жок кылды. Моюнунда дагы деле миллиондогон карыздары турат, агасын, анын чиедей балдарын аяса болот эле. А бул тапканын чачып жүрөт. Өзүн жоготту, бул баягы Баян эмес!"- деди.

– Жап жаагыңды! Мен Баянмын, мен эч кимге карыз эмесмин. Баары мага карыз, тескерисинче. Эч кимдин алдында милдеттүү эмесмин мындан ары!- деп жинденип, стол үстүндө турган ваза менен күзгүнү бир чаап талкалап басып кетти.

xxx

Баян кырсыктап абакка түшкөндөн бери жеңеси Атыргүл Чика менен күндө жазышып кабар алып турчу. Кайын сиңдисинин абактан чыгып дайынын таптырбай кеткенин уккандан бери Ильяс экөө тең санаа тартып жүрүшкөн. Бир күнү Атыргүлдүн оюна бир нерсе кылт этти. Дароо Чикага чалып, иштин чоо-жайын түшүндүрдү.

– Чика, Баяндан кабар барбы? Издөө иши кандай жүрүп жатат?

– Эже, ал Москвада эмес окшойт. Кыргыздардын бардык кафе-ресторан, түнкү клубдарын издеп чыктым. Кабар жок. Сүрөтүн көрсөтсөм 1-2 адам түнкү клубдан көргөнүн айтышты. Ал жакка барсам мени киргизбей коюшту. Жаңы эле абактагы курбусу Бахар деген өзбек кыз менен сүйлөштүм. Жакшы эмес кабар айтты.

– Эмне деди, ботом?

– Жеңил ишке ыктап кетиптир. Түнкүсүн эле иштейт экен.

Атыргүл баарын айттырбай түшүндү. Чикага андан ары суроо узаткысы келген жок.

– Чика, бизге эң башкысы аман жүрсө болду. Кайсы притондон болсо да издеп таап берчи, алтыным. Ал кызды бир жолун таап Кыргызстанга алып келишибиз керек.

– Барбайм десечи, эже?

– Антпейт, аны кайтаруунун жакшы жолун ойлоп таптым. "5 жыл мурун төрөгөн балаң табылды, баккан энеси баланы өз апасына берем деп жатыптыр" десең Кыргызстанга жетип келет.

– Ыя, бала дейсизби, кайдагы?

– Чика, анын баары узун сөз, эгер тапсаң ушуну эле айтып кой, болду, өзү түшүнөт. Мага чалсын, калганын өзүм сүйлөшөм.

– Макул, тапсам эле сизге кабарлайм.

 

  xxx

Айым Ильястын үйүнө баргандан бери аны көрө элек болчу. Ильяс ага акча которуп батир ижарасын төлөп турганы болбосо, башка иши жок эле. Айым кантип Ильястын сүйүүсүн кайтарып алууну күтүп жүргөн. Бир күнү “балабыз катуу ооруп жатат, бизди ооруканага алып барып келчи” деп суранып жазды. Ошол күнү Ильяс да шаарда эле, бир жолу суранычын аткарып коёюн деп Айым айткан дарекке келди. Экөө баласын ооруканага алып барып көрсөтүштү. Ильяс сыртта күтүп турган эле. "Дарыгер керектүү дарылардын тизмегин жазып берди" деп Айым бат эле баласын көтөрүп чыга калды. Аларды кайра үйүнө жеткирип, достору менен бильярдга кеткен Ильяс.

 xxx

Түнкү саат үч. Ильяс достору менен бильярд ойноп, андан ары кафеге барышкан. Бир аздан сеп этип отуруп аягында мас болуп бутуна тура албай калды. Атырга чалса албайт. Вотсапптан “Атыр, жаным, күйөөң мас, мен бүгүн шаарда достордукунда эле калат окшойм. Мас абалыңда рулга отурганга болбойт, жибербейбиз деп жатышат. Мейли, жакшы жат” деп аудиобилдирүү жиберип койду. Бирок ал түнү Айым Ильяска кайра-кайра чалып жатып, достору менен кетирбей унаасын өзү айдап үйүнө алып келген. Ильяс келип эле сулк кулап уктап калат. Таңкы алтыда туруп Ильястын аудиобилдирүүсүн уккан Атыргүл дароо чалат.

– Алло, Ильяс, сен көп ичип алган окшойсуң, чулдурап сүйлөптүрсүң аябай, Кукунун үйүнө кеттиңби же Саке аяштыкындабы?

– Ильяс меникинде,- Айымдын үнү угулду.

– Ким бул?

– Мен Айым, балам менен үйүңө барбадым беле, унутуп калдыңбы?

Атыр унчуккан жок, көзүнөн жаш куюлуп, көкүрөгү ачышып чыкты.

– Кечээ балабыз ооруп, Ильяс бизди ооруканага алып барып келген. Достору менен жолуккандан кийин түндө меникине келди. Мамилебиз мурункудан да сонун. "Бала байлайт" деген чын экен, элдин кебине карабай төрөп алганыма сүйүнүп жатам. Мени да аябай сагынып калган экен. Түнү менен махабат жыргалына баттык. Айтчу кебиңиз барбы, Атыргүл айым?

– Сен шуркуя менин үй-бүлөмдөн эмнени каалап жатасың?! Ортого кыпчылып бузукулук кылган шерменде!

– Тилиң бар экен го, ыя? Өткөндө Ильястын көзүнчө укмуш акылман аял болуп жатпадың беле?

– Сен канчыкка теңелмек белем анын көзүнчө?!

– Тилиңден уу чачырайт го. Мына эми чыныгы жүзүңдү көрсөттүң. Угуп кой, Атыргүл, каалайсыңбы, жокпу, мен сенин күйөөңдүн жашоосунда дайыма болом, мейли, көңүлдөштүн ролунда болсом дагы. Анткени биздин балабыз бар. Башың менен дубал сүзсөң да бул чындыкты кабыл алышың керек. Ильяска экинчи аял болуп тиймейинче жанын койбойм, ушуну билип кой.

– Көрөбүз, сендей шуркуялардын тагдыры жеңил болбойт. Тынч турган жерге өзүң сүзүп кирдиң, эми сен дагы ар кандай сыноолорго даяр бол! Мен дагы оңой жоо эмесмин сен ойлогондой. Аягында жалдырап ыйлап, бутумду өбөсүң, карап тур!- деп Атыргүл тутканы коюп салды. Жүрөгү лакылдап, көпкө өзүнө келе албай кыйналды.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан