КОЙ
(21.03–20.04)
Моюнуңузга тагылган милдеттерди, иштерди тез, жоопкерчиликтүү аткарганга аракет кылыңыз. Анткени жетекчиликтин көзөмөлүндө болосуз, бул карьералык тепкичтен жогорулоо же финансы жаатында пайда алып келгенге жардам берет. Бейшембиде үй-бүлөдө келишпестиктер чыгышы күтүлөт, бул күнү түгөйүңүздүн көңүлүн оорутпаганга аракет кылыңыз. Соода иштерин дем алыш күндөрү кылганыңыз туура. Башка иш пландабай, эс алуу күндөрүн жакындарыңыз менен өткөрүңүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Өзгөрүүнү каалабасаңыз да өзгөрчү учурларга туш болосуз. Иште шашылуу же кыжырдануу эмес, акылмандык жана токтоолук сапаттарына басым жасаңыз. Өтө чоң келишимдерди колго алгандан качуу керек, бул күндөрү кабыл алынган чечимдер оң жыйынтык бербейт дешет жылдыздар. Жакыныңыз менен же өзүңүз деле саякатка чыгып келүүгө эң ылайыктуу мезгил. Комплимент айтып, сиз менен таанышкысы келген адамга жолугасыз. Байкап көрүңүз, балким, сүйүктүүңүздү таптыңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
“Бардык нерсе – жакшылыкка” деген сөздү унутпаңыз. Анткени аптада эгиздердин маанайын түшүргөн бир нече окуялар орун алат. Чарчаганыңызды сезесиз – элдин алдында күчтүүмүн деген роль ойноп, ар кимге колдоо сөздөрүн айтып жүрүп сизге тирек болчу адамдар аз экенин байкайсыз. Финансылык жаатта туруктуулук орун алат. Жумуш менен үй-бүлөгө бирдей убакыт бөлгөнгө аракет кылыңыз. Бойдоктордун күйөрмандары дем алыш күндөрү активдүүлүк көрсөтүшөт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Баарын өзүңүз чечкенге, жасаганга аракет кыла берсеңиз, моралдык, физикалык “ачкачылыкка” дуушар болосуз. Өзүңүзгө кам көргөндү унутпаңыз, күнүгө таза абада сейилдеңиз, моюндагы жоопкерчиликти жакындарыңыз менен бөлүшкөндү үйрөнүңүз. Саясатта жүргөн бөйөндөр үчүн ийгиликтүү апта болот. Достор менен жолугушуу уюштуруңуз, жакшы компания жаңы энергия, жаңы идея, жаңы күч тартуулайт. Ишемби-жекшембиде сапарга чыгышыңыз күтүлөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Көптөн бери күтүп келген максатыңыз ишке ашып кубанасыз. Тобокелчиликке баргандан коркпоңуз, ийгилик сиз тарапта. Бойдокторду сүйүү жаатында популярдуулук күтөт, бирок абайлаңыз, эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат болуп бирин да кармай албай каласыз. Аптанын экинчи жарымынан баштап ишмердүүлүк активдүүлүгүңүздү башка нерселерге буруңуз. Үйдө топтолгон чарба иштерин бүтүрүңүз, жакындарыңыздын маселелерин чечкенге аракет кылыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул күндөрү айланаңызда болуп жаткан бардык нерсеге көңүл бурууга аракет кылыңыз. Жумушта жалкоолукту атаандаштарыңызга таштап, эч нерсеге алаксыбай иштеңиз, акыбети кайтат. Жолдо жүрүү эрежелерин бузбаганга, чоң жолдордон абайлап өткөнгө аракет кылыңыз, майда кырсыкка кабылуу коркунучу бар. Башка адамдардын иш-аракетине баа берүүдө абайлаңыз, туура эмес айтылган сөз сиз үчүн баалуу адамды таарынтып коюшу мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Окуу жана башка интеллектуалдык иштер үчүн жемиштүү мезгил. Көптөгөн жаңы нерселерди жана эң негизгиси өзүңүзгө пайдалуу нерселерди таанып-билесиз. Аптада акчага байланыштуу сатып алуулардан качканыңыз жакшы – сиздин мүмкүнчүлүгүңүздөн алда канча көп чыгымга дуушар болуу коркунучу бар. Лидерлик сапатыңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Чарчаганда ишти токтотуп, эс алуу керек, болбосо тескерисинче ката кетирип алышыңыз ыктымал.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жылдыздар чаяндарга өзгөрүүлөргө даяр болууну сунушташат. Өзгөрүүгө карата өз убагында реакция кылуу, ийгиликтин кушун кармап калуу сизден гана көз каранды. Түгөйүңүз менен мамиледе көбүрөөк ийкемдүүлүк жана акылмандык көрсөтүңүз. Кошоматчылык көрсөтүп, ашыкча сизди мактаган адамдар менен жолугасыз. "Ии, мен кыйын экенмин" деп асманга учпай, ал адам эмне максатта кошоматчылык кылып жатканын баамдаганга аракет кылыңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Бул аптада баарлашууга жана жаңы таанышууларга жетиштүү убакыт бөлүү максатка ылайык. Учурдагы баалуулуктарыңыздын тизмесин кайра карап чыгууга аракет кылыңыз. Бул күндөрү башкалар сизге көңүл бура турган объект болуп каласыз, уялчаактык жана ашыкча жөнөкөйлүктү артка катып, чыныгы өзүңүздү көрсөткөнгө аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында туугандарыңыздын бири сиздин жардамга муктаж болушу мүмкүн, баш тартпаңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Баш-отуңуз менен иштей турган апта. Жумуштун көптүгү кийинкиге калтырууга мүмкүн эместигин далилдейт. Лидерлик такка келгенге аракет кылбаңыз, анткени башкаруучулук сөздөрү башкалардын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Аптанын ортосу жумушта жеңилдөө күтүлөт. Бул күндөрү көк ала болуп же башка жаракат алуу коркунучу жогору, кылдат жана этият болуңуз. Досторуңуздун колдоосу менен көптөн бери келе жаткан коркуу сезимиңизди жеңе аласыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Түгөйүңүздү таарынтпаганга аракет кылыңыз – азыр алар сиздин камкордугуңузга муктаж болуп турушат. Жалгыз суу куярлар болсо жаңы таанышуудан алыс боло туруңуз, өзгөчө интернеттеги “романтиктерден”, алданып калуу коркунучу бар. Акчага да этият болуу керек, бир нерсе сатып алардан мурун анын сапатын бир нече жолу текшериңиз. Ал эми жакындардын кеңешине кайдыгер карабаңыз. Өзгөрүлмө аба ырайында суукка урунуу коркунучу жогору, абайлаңыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Балыктарга да өзгөрүүнүн шамалы келет, бул аларды жаңы нерсени сынап көрүүгө шыктандырат. Кээ бирөөлөр өз имиджин эксперимент кылууну чечишет, кээ бирлери ишке болгон мамилесин кайра карап чыгышат дегендей. Бирок сүйүү мамилесинде радикалдуу өзгөрүүлөргө умтулбаңыз, андан көрө бар адамдын баркын билип, ортодогу жылуу сезимдерди бекемдегенге аракет кылыңыз. Ишемби-жекшемби үй иштерин бүтүрүп, үй-бүлө мүчөлөрү менен эс алуу күтүлөт.