Азамат Кудайбердиев, кикбоксчу: «Мени бирөө уруп койду, келчи деп көп чалышат»

Кикбоксчу дегенде атактуу Жан-Клод ван Дамм сыяктуу чапчаң, чымыр денелүү, катылгандын катыгын берген адам көз алдыма тартылат. Чынында эле кикбокс  спорт түрлөрүнүн арасынан кол, бут, чыканак, тизе менен чабуул жасаган техникасы менен өзгөчөлөнүп турат эмеспи. Каарманым кикбоксчу Азамат Кудайбердиев да ушул өзгөчөлүгү, кооз спорт түрү болгону үчүн кикбокс менен машыгып калганын айтат.

Каарман тууралуу...

Туулган жылы – 1993-жыл, 12-июль

Туулган жери – Баткен району, Самаркандек айылы

Билими – жогору, Кыргыз экономикалык университети,
экономист адистиги

Жетишкендиктери – 5 жолку Өлкө чемпиону, Өзбекстан open турниринин 2 жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун 1 жолку күмүш, 2 жолку коло медалынын ээси, Түрк тилдүү профессионалдар арасында өткөн беттештин жеңүүчүсү жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

Балалыктан башталган кыял...

– Бала кезде Жан-Клод ван Дамм, Жеки Чан катышкан боевик кинолорду көрүп, аларды туурап жүрүп спортко кызыгуум ойгонду окшойт. Эс тартып калганда эле өз алдымча машыгып, чуркай берчүмүн. 8-класс кезимде, 2008-жылы айылда спорт зал ачылып, бокс менен машыга баштагам. Кээде машыгууга баргым келбей же жумуш жасап бошобой жатсам атам “аларды кой, машыгууңа бар” деп турчу. Ошол убакта беттештерде жеңүүчү болуп, эл намысын, өлкөмдүн намысын коргосом деп кыялдангам. Кыялдар кийин чоң максатка айланды.

Университетке тапшырган соң 2012-жылы кикбокс менен машыгып баштадым. Кикбоксту тандашыма техникасы, бут менен тепкени, кызыктуу, кооз спорт түрү болгону, анан таякем да себепчи болду. Ал кикбоксчу. Азыр мен машыгып жаткан машыктыруучум Маралбек Давлеткуловдун кол алдында машыккан. Агайымды ушул жерден кошо кетпесем болбойт.

Маралбек агай убагында мыкты кикбоксчу болгон, эл аралык даражадагы спорт чебери. Бир нече дүйнө чемпиондорун, Азия чемпиондорун, 70тен ашуун спорт чеберин, 10дон ашуун эл аралык даражадагы спорт чеберин даярдаган тажрыйбалуу машыктыруучу. Агайдын аракети, багыты менен ийгилик жаратып жүрөбүз.

“Ушу саньда, муай-тай, кармаш урушу, самбодон мелдештерге катышам”

– 75, 81 килограмм салмакта беттештерге чыгып жүрөм. Машыгууда эң оору эле салмак таштоо. Калганы тартип, эрте туруп, эрте жатып, убагында машыгуу менен ийгилик жаратса болот. Дүйнөлүк деңгээлдеги мен-мен деген кикбоксчулар 40-50гө чыкса да, менимче, ушул эрежелер менен рингде мыктылыгын көрсөтүп келишет.

Кикбокстон сырткары ушу саньда, муай-тай, кармаш урушу, күжүрмөн самбодон беттештерге чыгып жүрөм. Ушу саньдадан Өлкө чемпиону, кармаш уруш боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болгом. Бул спорт түрлөрүнүн эрежелери бөлөк болгону менен, бири-бирине окшошуп кеткен жактары бар, анан бири-бирине жардамы да тиет.

“Саат 10-11де телефонду үнсүз режимге коём да, уктайм”

– Спортчу болгонум үчүнбү, достор, туугандар “мени баланча уруп койду, келип койбойсуңбу” деп көп чалышат. 10-15 жылдан бери мындай чалуулар абдан көп, кээде күн сайын ушундай чакыруулар болот. Ошондуктан түнкү саат 10-11де телефонумду үнсүз же учуу режимине коюп уктоону адат кылгам. Бирөөнү коргоп мушташкан учурлар болгон, бирок бала кезде. Эжемди, карындашымды коргоп урушуп кетчүмүн. 3 же 4-классымда өзүмдөн 3 жаш улуу баланы уруп койгом. Ошол аябай эсимде калыптыр.

“Дүйнө чемпиону болуу – башкы максатым”

– Кикбокс Олимпиада оюндарынын программасына камтылган эмес, ошондуктан бул тармакта Дүйнө чемпиону болуу, Кыргызстандын гимнин ойнотуп, желегин желбиретүү – башкы максатым. Быйыл күз айларында Абу-Дабиде Дүйнө чемпиондугу өтөт, буюрса, ошол мелдеште ийгилик жаратууну көздөп турам. Ага чейин өлкөбүздүн биринчилигине, Ташкентте Дүйнө кубогуна мелдешке чыгабыз.

“Ошол атаандашым менен кайрадан рингге чыккым келген”

– Спортто калыстык болбой калган учурлар көп кездешет. 2021-жылы Италияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2-айлампада дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, азербайжандык Рамал Асланов менен кезиккем. Ошол беттеште калыстар калыссыздык кылып жеңишти ага берип коюшкан. 2022-жылы Таиландда да өзбек атаандашыма карата ушундай окуя болгон. Анда да толук жеңиш мен тарапта болчу деп ишенимдүү айта алам. Рамал Асланов менен кайрадан рингге чыгып утуп алсам деп ойлоп жүргөм, тилекке каршы, ал спортту таштап, федерациянын вице-президенти болуп кетти. 

“Чет жактагы турнирлерге чыгымдар өз чөнтөгүңдөн болот”

– 12 жылдан бери кикбокс менен машыгып келем. Акыркы убактарда бул спорт түрүнө катышкан, кызыккандардын саны эмнегедир азайып баратат. Же ар кандай спорт түрү көбөйгөндүктөнбү, же жаш муун оңой оокатка өтүп, кыйынчылыктан качып калгандыктанбы, билбейм. Негизи Кыргызстанда спорттон акча таба албайсың, тескерисинче, акча коротосуң. Айрыкча кикбоксто чет жактагы турнирлерге чыгымдардын баары өз чөнтөгүңдөн болот, демөөрчү табуу кыйын. Ошондуктан машыгуудан сырткары Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда иштейм. Бул кызматта 2017-жылы иштеп баштагам. Ортодон өз ыктыярым менен бир тыныгуу алып, 2024-жылдын февраль айынан бери кайра иштеп жатам. 

“Карьерамды бул жашымда токтотом деген план жок”

– Кооптуу спорт түрү болгондуктан үй-бүлөм, ата-энем сарсанаа болуп калган учурлар болот, бирок ушуга чейин спорттон эч бир жаракат алып, бирөөдөн токмок жеген жокмун. 30дан өткөндөн кийин ата-энем “болду кылбайсыңбы, жетет го” деп айтып калышты. Спорт – жашоомдун бир бөлүгү болуп калган, машыгуусуз күнүмдү элестете албайм. Ошондуктан ден соолугум, мүмкүнчүлүгүм болуп турса, буюрса, дагы да машыгып, мелдештерге калбай катышып, өлкөмдүн намысын коргоочу күндөр алдыда. Карьерамды бул жашымда токтотом деген план да жок.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан