МАНИКЮР, ПЕДИКЮР, ТАТУАЖ. Боор оорусун жайылтууга сулуулук салондору “көмөктөшүп” жатабы?     

Кыргызстанда гепатит илдети коркунучтуу дартка айланды. Бул илдет көпчүлүк учурда билинбей өөрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына жеткирет. Дүйнөлүк статистикаларга карасак, боор оорусу СПИД, ВИЧтен дагы татаал, жугуштуу оору. Анткени ВИЧте адам күнүмдүк норманы сактоо аркылуу иммунитетти көтөрүш үчүн таблетка менен жан багат. Ал эми боорго оору илешкен учурда аны бир калыпта кармоо кыйынга турат. Себеби оору жармашкан күндөн тартып боор начарлагандан начарлай берет дешет ак халатчандар.

БООР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА... 

Боор оорусу – бул качан боор өз түзүмүн, функциясын аткарбай калган, иштөөдөн чыгып же функциясын жайыраак аткарып калгандагы медициналык абал. Боордун негизги кызматы – канды чыпкалап тазалоо экенин билебиз. Кан менен кошо келген зыяндуу заттардын баарын (уу, бактерия жана башка) өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат. Эгер мындай заттар организмге тамак-аш, дары-дармек аркылуу көбүрөөк кирип кетсе, боордун аларды зыянсыздандырууга алы жетпей калат. Зыяндуу заттар боордо топтоло баштайт да, боор акырындап дартка чалдыгат. Чыпкалоодон жакшы өтпөй калган кан курамындагы уулуу заттар менен башка органдарды дартка чалдыктырууга өтөт. Демек, боор ооруса башка органдар дагы дартка учурайт. 

Алыкул Эралиев, врач, тибет медицинасынын адиси: «Алдын албасак, 2040-жылдары боор оорудан каза болгондор абдан көбөйөт»

– Алыкул мырза, Кыргызстанда боору ооругандардын тездик менен көбөйүп жатышынын негизги себеби эмне болууда?

– Азыркы учурда кыргызстандыктардын 80 пайызынын боору жабыркап жүрөт деген маалымат бар. Союз убагында мындай болгон эмес. Мунун үстүнөн анализ кылып жүргөнүмдө орустун бир окумуштуусу менден “эмне үчүн силерде бул оору аябай кеңири жайылган?” деп сурады эле. Мен ага “этти көп жейбиз, аракты көп ичебиз” деп жооп берген элем. Кийин жакшылап изилдеп, анализ кыла баштадым. Изилдөөм боюнча, эң биринчи себептердин бири жашылча-жемиштер болуп чыкты. Байкасаңар, жашылча-жемиш өстүргөн дыйкандар өздөрү өстүргөн продукцияны жешпейт. Анткени айдалган жерге ар кандай жер семирткичтерди, селитра сыяктууларды өз нормасынан көп сеппесе дыйкандар ойдогудай түшүм ала албай калышат экен. Ошон үчүн жашылча, жер-жемиштерди өзүбүз бакчага өстүрүп жегенибиз жакшы. Болбосо сатып аларда сапатын жакшылап текшериш керек болот. Боор катуу сезгенгенде адам тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетет. Муундары, оң кабыргасынын асты салмактанып оорутат. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп циррозго алып келет.

– Боор оорусунун өсүшү же азайышы тууралуу кандай жоромол айта аласыз?  

– Кыргызстанда оорунун күчү Орусияга салыштырганда 55 эсеге, Казакстандагыдан 44 эсеге көп. Бүгүнкү күндө гепатит менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бөлбөсө, 2040-жылга барганда гепатиттен өлгөндөрдүн саны ВИЧ же кургак учуктан өлгөндөрдүн санынан ашып кетиши мүмкүн. Ал эле эмес, учурда гепатит оорусун алып жүргөн дарыгерлердин саны 3000ден ашат. 

«МАНИКЮР, ПЕДИКЮР, ТАТУАЖ ДЕГЕНДЕР ДА СЕБЕПКЕР»

Аталган илдеттин күч алышынын себептеринин бири тууралуу Бишкектеги Медициналык академиянын жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти Калыс Ногойбаева айтып берди:

– Бирден-бир себеби – учурда аябай популярдуу болуп жаткан сулуулук салондору, маникюр, педикюр, татуаж, пирсинг сыяктуу денени өзгөртүүгө алып келүүчү мини операциялар. Анда колдонулган аппараттарды тазалоо системи кандай аткарылып жатат, биз билбейбиз, мына ошонун баарын текшериш керек. Көптөгөн жайлар лицензиясы жок эле иштеп жатышат. Гепатит В, С оорулары жугуштуу болгондуктан үй-бүлөдө бирөө ооруса, калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары вакцина алышы керек. Биз азыр "чет өлкөдө иштеген мекендештерибиз аркылуу өлкөгө миллиарддаган акчалар которулуп жатат" деп сүйүнүп жатабыз го. Боорун алмаштырууга муктаждарды, Индияга же Кытайга кетип жаткандарды эсептеген жокпуз. Алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Кыргыздар такыр болбой калгыча, курсагы, буту шишип кетмейинче жата берет экенбиз. Ар бир адам норма боюнча 6 айда бир толук түрдө текшерүүдөн өтүп турушу керек.                           

Жоомарт Сатыбалдиев, гепатолог: «Циррозго жеткирбей айыктыра алабыз»                           

– Бүгүнкү күндө гепатиттин В, С деген түрлөрү курч, көбүнчө өнөкөт түрүндө табылат. Адамдар көңүл бурбай жүрө бергендиктен, ооруну өтүштүрүп жиберишет. Акыры циррозго алып келет. Цирроздо боор клеткалары өлөт, боор таптакыр жабыркап, өз функциясын аткара албай калат. Андайда боорду алып салып, ордуна жаңы боор которуу операциясын жасаш керек. Мындан 15-20 жыл мурун гепатит Внын дарысы жок болчу, болсо дагы абдан кымбат турган. Азыр күчтүү дарылар чыккан, 3 айдан 6 айга чейин ичип айыгып кеткендер да бар. Бул дагы медицинанын жетишкендиги. Эгер муктаждык болсо, вируска каршы дарыларды берип, боорду циррозго жеткирбей айыктыра алабыз. Бүгүнкү күндө гепатит Вны 100 пайыз ийгиликтүү дарыласа болот деп айта алам.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУГА КЕҢЕШТЕР                               

Дүйнөлүк стандартка ылайык, доктурлар боор ооруларын алдын алуу боюнча жалпысынан мындай кеңештерди беришет:

• Туура тамактануу: жашылча-жемиштер, дандуу азыктарды көбүрөөк жеп, куурулган, ашыкча майлуу, ачуу же абдан таттуу тамактарды жеп-ичүүнү азайтуу

• Күн сайын жетиштүү түрдө суу ичүү 

• Алкоголду чектөө

• Физикалык активдүүлүк, апта сайын 150 мүнөттүк орто же жогорку интенсивдүүлүктөгү физикалык кыймыл

• Гепатитке каршы вакциналарды алуу

• Диабет же жогорку кан басым болсо, аларды көзөмөлдөп туруу

• Санитардык, гигиеналык шарттарды туура сактоо

• Дары-дармектерди врачтын көрсөтмөсү боюнча гана колдонуу

• Стресстен арылуу үчүн медитация, спорт же башка ыкмаларды колдонуу

БИЛИП АЛЫҢЫЗ...

Дүйнө жүзү боюнча боор оорусунун бардык түрүнөн 1 миллиард 69 миллион адам жабыр тартып келет. Ал эми айыккыс деп саналган боордун циррозунан жылына 1 миллиондой адам көз жумат. 2021-жылы планетада 34 694 адам боорун алмаштырган. 

ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ...

Изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай, гепатит көбүнчө тиш дарылоочу жерлерден, гинекологиялык борборлордон, чачтарач жана сулуулук салондорунан жугат. Ал эми ушул багыттарда ишмердик жүргүзүп жаткандар лицензияны кантип алып, канчалык медициналык талаптарга ылайык иштеп жатканы боюнча суроолор ачык бойдон калууда. Андыктан ар бир адам өз саламаттыгына этият мамиле кылганы жакшы.

 

Медина Нурланова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан