Бишкекте кылмышка шектелип 2 жаран кармалды, алар мечиттерде Хизбут-тахрир уюмуна үгүт жүргүзүшкөн деп айыпталышууда.
Эл аралык “Ага Хан” фондунун негиздөөчүсү Карим Ага Хан 88 жашында көз жумду.
28-январда Бишкекте таштанды урнасынан табылган ымыркай 1-февралда чарчап калганы айтылды.
Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды.
Башкы прокуратура: 2024-жылы 4488 гектар жер мамлекетке кайтарылды.
Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды.
6-февралда Бишкек-Ош трассасынын Суусамыр аймагында жол кырсыгы болуп, 1 адам каза тапканы айтылды.
Бишкекте мечиттердин биринен 330 миң сом уурдады деп шектелип 18 жаштагы жигит кармалды.
Марат Жусупбеков жаратылыш ресурстары министринин орун басары болуп дайындалды.
Баңгизаттарды жарнама кылгандарга жаза катаалдашат, тийиштүү мыйзамды Жогорку Кеңеш 5-февралда кабыл алды.
Билим берүү министри: “12 жылдык билим берүүдө деле окуучу 18 жашында мектепти аяктайт, 19 жашка калбайт”.
Өлкөдө илимий кызматкерлердин айлыгын 100 пайыз жогорулатуу пландалууда деп маалымдалды.
Телефон чалып алдап, жарандардын биринин 825 миң сомун алып кеткен деп шектелип 23 жаштагы адам кармалды.