Орусия премьеринин опузасы: Жөндүү жоопту өкмөт башчы эмес, Шыкмаматов берди  

31-январда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда Кыргыз бийлигин "Кыргызстандагы орусиялык компанияларды опузалап, кысым көрсөтүп жатат" деп айыптаган. “Кыргызстандын жетекчилиги биздин компанияларга басым көрсөтүүнү токтотушу керек” деп талап кылган. Ал эми Адылбек Касымалиев мындай айыптоого тыңгылыктуу жооп кайтара албай, “бул маселе боюнча сүйлөшүп, анан өзүңүзгө бир жообун айтайын” деп кутулган. “Темирди ысыгында чап” дегендей, Касымалиевдин дароо татыктуу жооп кайтара албаганы Кыргыз коомчулугунда көптөрдүн кыжырын келтирип, Мишустиндин пикири болсо “башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү” деп кабыл алынды.

Көпчүлүк күткөн жоопту бул окуядан 3 күндөн кийин Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов берди. Ал Мишустин так эместикке жол бергенин баса белгилеп, Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштей турганын, тигинин же мунун компаниясы деген түшүнүк жок экенин айтты.

– Бизде салык төлөөчүлөрдү өзүбүздүкү, чоң державаныкы же кичинекей өлкөнүкү деп бөлүү жок. Мыйзам баарына бирдей. Эгер кимдир бирөө атайылап салыктарды жашырса, улуттук мыйзамдардын негизинде чара көрүлөт. Ошондуктан бул маселени абдан бийик деңгээлде саясатташтыруу орунсуз көрүнүш, – деди Шыкмаматов.

5-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да Мишустиндин дооматы боюнча маселе көтөрүштү. Депутат Жанар Акаев "Кыргызстанда иштеген орусиялык компаниялар Мишустинге туура эмес маалымат жеткирип коюшу мүмкүн" десе, депутат Камила Талиева Адылбек Касымалиевди “биздин өлкөдө мыйзам баарына бирдей иштейт деген сөздү айта албай мажирөөлүк кылды” деп сынга алды.

 Айта кетсек, Кыргызстанда иштеген орусиялык “Яндекс таксинин” ишмердүүлүгү боюнча маселе көтөрүлүп келет. Компания салыктарын жашырган, кыңыр иши ачыкталган соң мамлекетке 100 миллион сом салык төлөгөн, дагы 5 миллион доллар карыз деген маалыматтар чыккан. Депутат Акаев аталган карызды төлөөнүн ордуна компания Орусия жетекчилигине арызданган деген пикирде.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан