Картошка кескин кымбаттады, өкмөт экспортко тыюу салышы мүмкүн

Кыргызстанда картошканын баасы кескин кымбаттап, элде тынчсыздануу жаратууда. Бишкекте 1 килограмм картошканын баасы 65-70 сомго чейин жетти. Министрлер кабинети кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандан картошка экспорттоого убактылуу тыюу салынышы мүмкүн экенин билдирди. Адистер "Казакстан менен Өзбекстанга картошканын абдан көп экспорттолушу өлкөдө баанын кескин өсүшүнө алып келди" деп жатышат. 1-февралда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешме өткөргөнү маалымдалды. Министр тийиштүү органдарга базардагы бааларды көзөмөлгө алууну тапшырды. Социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө жана бааны туруктуу кармоо үчүн картошканын экспортун чектөө чарасы каралып жатканы айтылат.

– Алып сатарлар картошканын баасына 5 сомдон ашык бааны койбошу керек, болбосо чара көрөбүз, – деди Төрөбаев.

5-февралда парламент жыйынында депутат Элдар Абакиров картошканын баасы ундун баасынан ашып кеткенин айтып чыкты.

– Фермерлерге жакшы, бирок эл үчүн 65 сом кымбат баа. Бир мүшөк ун 1700 сом болуп жатса, бир мүшөк картошканын баасы 2500-3000 сом болууда, – деди депутат. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан