Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, эми интернет желесинде бирөөнү шылдыңдоо, мазактоо, негизсиз каралоо үчүн айып пул салына баштайт. Юрист Фатима Якупбаеванын айтымында, мындан ары сын-пикирди сылык жана маданияттуу түрдө айтыш керек болот. Мисалы, “бул врач акмак”, “тиги компанияны алдамчылар башкарат” деп билдирүү жазуу сизди айыпка жыгышы мүмкүн (бирөөнү кемсинтти деп). Ал эми “бул дүкөн жасалма товар сатат” (эгер далил болбосо), “мэр пара алган” (расмий маалымат болбосо) деген билдирүү жазуу да кооптуу. "Бирөөнү негизсиз, далилсиз айыптады" деп жоопко тартылып калышыңыз ыктымал. Ошондуктан сынды жеке ой пикир катары, эмоциянын ордуна фактыларды колдонуу менен, адамдын өзүн эмес, анын аракетин сындоо менен, тикелей айыптоонун ордуна суроо берүү аркылуу (мисалы, эмне үчүн бул дүкөндө баалар сайттагыдан кымбат?) айтуу керектигин белгилеген ??эмне? Ким??? “мыйзам чегинде сын айтууга тыюу салынган жок, бирок туура жана далилдүү билдирүү менен айыптан качууга болот” деди.
Аталган мыйзамдын тийиштүү нормалары 2025-жылдын 10-февралынан тарта иштей баштайт. Айып пулдун суммасы – 20 миң сомдон 65 миң сомго чейин.