Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Али Акай машинесинин кир болуп калганын байкады. Анын эки принциби бар, бири убада кылган сөздөн кайтпашы керек, экинчиси кир машине айдабашы керек. Андыктан дайыма машинесин жаркыратып жуудуруп жүрчү. Бул жолу дайыма жуудуруп жүрчү жерине жетпей, көзүнө алгачкы көрүнгөн жерден машине жууй турган жакка бурулду. Машинесин тапшырып, шам-шум этип алмакка жакын жердеги ашканага кирди. Терезени карап отурса дал машине жууй турган жер көрүнүп турган экен. Өзүнүн машинесин өспүрүм бала жууп жатканын көрдү. Шилбиңдеп суукта үшүсө да, ишин так аткарганга аракет карап жатканын байкады. Боору ооруп кетти. Тиги баланын ордуна өзү эле жуугусу келип кетти. Ордунан шарт туруп тиги баланын жанына барды. Маңдайына келип туруп калды, жүзү абдан сулуу экенин байкап, эмнегедир өспүрүмдөн апкаарый түштү.

– Салам, жигит... – деди ал.

– Салам алейкум! – деди тиги. Али Акай жылмая берди. Тири карак, зирек экени көрүнүп турат.

– Ва алейкум салам, жигит. Кел, жардамдашайын.

– Жок, мен өзүм эле бүтүрөм. Бүтүп деле калдым. Сиз убара болбоңуз. Суу болуп каласыз.

Машинесин жууп бүтүргөндөн кийин акысын төлөп, машинесин отура бере турган болуп барып токтоду. Ушу балага ысык тамак алып бергиси келди.

– Жигит, машинемди жакшы жуупсуң. Рахматтын ордуна мага жолдош болуп тамак ичпейсиңби?

– Эмнеге?

– Жөн эле, тамакты жалгыз ичким келбеген адатым бар.

– Макул.

Маңдай-тескей отурушту. Тамак заказ кылып коюп Али Акай баланын жүзүн жакшылап карай берди. Караган сайын эмнегедир көзү тойбойт. Олуттуу отурушу, каштарын жыйрып коюшу, адамдан көздөрүн ала качпай батыл тиктеп турушу жагып жатты.

– Атың ким?

– Ариет.

– Канчадасың?

– 15ке эми чыгам.

– Канчадан бери бул жакта иштейсиң?

– Эки жыл болду.

– Сабактарыңды калтырбайсыңбы?

– Жок, сабактан кийин келип иштейм.

– Атаң, апаң барбы?

Ариет аны тиктеп калды. Бул эмне мынча көп суроо берет дегендей. Али оңтойсуз боло түштү.

– Кечирип кой, менин кесиптик оорум. Суроо бермейинче тура албайм.

– Милиционерсизби?

– Аа, менби жок, журналистмин. Бирок атам милиция тармагында иштечү. Чынын айтканда, ал да көп суроо берген адам. Балким, генден өткөн чыгар. Сен тамагыңды ич, сууп калбасын.

– Сизчи?

– Мен кофемди түгөтөйүн, баса, таттууга кандайсың?

– Жакшы элемин.

Али Акайга бул өспүрүм чындап жакты. Биринчи жолу сүйлөшүп жатканына карабай таанышындай эле өзүн эркин сезгенине баа берди. Жакшысын тандап таттуу алып келип, кофе ичишти.

– Сен ким болгуң келет?

– Инсан.

– Ия?

– Инсан болгум келет. Жакшы адам болгум келет, – деди өспүрүм.

Али күлүп жиберди. Таң кала турган жигит экен өзү.

– Туура, инсан болуу зор иш, Ариет. Азаматсың, бирок мен эмне кесипти аркалагың келет деп сурап жаткам.

– Окуумду улантамбы же кара жумуштарда иштейминби, чече элекмин. Апам көп жылдан бери ооруйт. Карындашым бар, аларды эч нерседен кем кылбай карашым керек. Ошондуктан аны кыялданбай эле туруп турайын деп жатам. Бирок апам мени окуйсуң дей берет. Ким билет, көрөбүз.

Али Акай “атаң кайда?” деп сурай албады. Жарасына тийип албайын деди. Тамагын төлөп, эшикке чыгып бара жатып колун бекем кысты.

– Сенин колуңдан баары келет, Ариет. Кыйын жигит болосуң, ушул айтканымды унутпа.

– Сизге да рахмат, жолуңуз болсун!

Машинесин айдап бара жатып, сигнал берип колун көтөрө берди Али Акай. Ариет да колун булгалап койду. Кыска эле жолугушуу, күндө боло турган эле бир көрүнүш эле Али Акай үчүн. Бирок жүрөгүндө бир жылуулук, эсинде түбөлүк кала турган жолугушуу эле.

ххх

Ариет тапкан акчасына азык-түлүк алып үйүнө жөнөдү. Үйүнө кирип залда карындашы татынакай кылып тамак даярдап койгонун көрүп жылмайып алды. Андан да столдун үстүнө кичинекей гүлдесте коюп коюптур. Ариет апасы жаткан бөлмөгө кирди.

– Келдиңби?

– Ооба, апа.

Апасы адатынча кучактап өөп алды.

– Тамак бышты, курсагың ачтыбы?

– Жок, тамак ичип келдим.Бүгүн бир кызыктай кишиге жолуктум, машинесин жууп жатсам кошо жуушмай болду. Андан кийин мени ашканага алып кирип тамак алып берди, кийин таттууларды алды. Айтор, башкача адам экен.

– Аллах ыраазы болсун ага, балам.

– Азыр сизге бүгүнкү акчаны эсептеп берем...- Ариет күрмөсүнүн чөнтөгүнө колун салып таң кала түштү. Андан үч беш миң сомдук чыкты.

– Эмне болду?

– Акча экен, апа... Чөнтөгүмө бул акча кайдан түштү?

Тамак ичкени отурганда аркасына күрмөсүн илип койгонун эстеди, Али Акай бала уялып албай койбосун деп чөнтөгүнө салып койгон эле. Ариет дароо билди.

– Жанагы байке салып койгон окшойт. Каап, телефонуң жокпу дегенде жок дегем да. Сиздикин берип койсом болмок экен, рахмат айтмакпыз да.

 Ариет чын дилинен кейип турду. Атасынан кенедей болсо да жылуу сөз укпаган бала чоочун эле адам ага жакшы мамиле кылганына эреркеп жатты.

– Аты ким экен?

– Атын айткан жок, болгону журналист экенин айтты.

Апасынын көзү бакырайып кетти.

– Кандай дедиң?

– Журналистмин деди.

– Канча жаштардагы адам экен?

– Жаш эле, 40 жашка жетип-жетпесе керек. Эмне болду, апа, мынча эмне коркуп кеттиңиз?

– Сен тааныбаган адамдар менен сүйлөшпө деп айтам го, балам.

– Эмнеге, апа? Мага жамандыгы тийген жок.

 Апасы башын чайкап койду. Ариетке ушу эле жетет, апасын кенедей да капа кылгысы келбейт.

– Макул, апа, эч ким менен сүйлөшпөйм.

– Карындашың тамак даярдады, тамагын ичели.

– Көрдүм, гүл коюп коюптур го, эмне бүгүн башкача күнбү?

– Жөн эле менин көңүлүм ачылсын деген го, тентек...

Апасын майыптардын коляскасына отургузган Ариет залга сүйрөп келди.

– Вау, тамак сонун го, жыты буркурап жатат.

– Азыр алып келем, – деди кичине кыздын үнү ашканадан.

Буркураган тамагын көтөрүп 14 жаштардагы кыз кирип келди. Апасы селт чочуду. Кызынын ушу жылмайганын көргөн сайын жүрөгү титиреп кетет. Атасына абдан окшош. Атасын бетме-бет көрбөсө да сүрөттөрүн, видеолорун көрүп жүрбөйбү. Бул кыз Али Акайдын көчүрмөсү!

– Вуаля! Силерге бүгүн өзгөчө рецептим менен тамак жасадым.

– Жаркырагым, рахмат! – деди апасы жетине албай.

– Кел, маңдайыңды тос! – деди агасы күлүп. Карындашы маңдайын тосту эле, чоп эте өөп койду.

– Бүгүн эмне күн билбейм, бирок маанилүү окшойт, ээ?

– Апамдын туулган күнү да, кантип унутуп калдың?

 Ариет уяла түштү, чын эле окуусу, иши болуп жүрүп апасынын туулган күнүн унутуп койгонун кара.

– Унутуп калыптырмын, апа, кечириңиз. Эртең белегиңизди аласыз.

– Эч нерсе эмес, силердиң бар экениңерге шүгүр, балам. Силер мага белексиңер!

Аял үчүн чын эле эки бала тагдырдын белеги эле. Төрөбөсө да өз балдарындай карегине кагылып баккан эки баласы. Андан бери жылдар өттү. Андагы кичине балдар азыр чоңоюп калышты. Булар чоңойгон сайын сырды сактай албай калчудай коркуп келет.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан