Көз 10 миллион түстү ажырата алат

• Көз алмасынын диаметри бардык дени сак адамдарда дээрлик бирдей – 24 миллиметрге барабар. Ал эми салмагы – 7 грамм.

• Адамдарда эң сейрек кездешүүчү көздүн түсү – жашыл. Дүйнө калкынын 2 пайызы гана жашыл көздүү.

• Дүйнө элинин 1 пайызында гана каректери эки башка өңдө болот.

• Теориялык жактан алганда, адамдын көзү 10 миллион түстү жана 500дөй боз түстү ажырата алат. Бирок иш жүзүндө жок эле дегенде 150 түстү айырмалай билүү жакшы натыйжа болуп эсептелет. Аны да көп машыгуулардан кийин ажыратууга мүмкүн.

• Көздү ачып чүчкүрүү мүмкүн эмес.

• Кызыгы, түрдүү себептерге жараша көздөн чыккан жаштын курамы ар кандай болот экен. Кайгырганда, кубанганда, корккондо, эстегенде жана башка учурларда ар кандай курамдагы көз жаш чыгат.

• Көз денедеги эң ылдам булчуң болуп эсептелет. Денедеги эң тез кыймыл – көздү ирмөө. Анын кыймылы орточо 100-150 миллисекундду түзүп, 1 секундда 5 ирет көз ирмесе болот. Бекеринен “көз ачып-жумганча өттү” деген сөз айтылбайт.

• Акуланын көзүнүн (роговица) түзүлүшү адамдыкына окшош болгондуктан, аны операция учурунда донор катары колдонушат.

• Ар бир 12-эркек дальтоник болуп саналат. Анан да бала жаңы төрөлгөндө дальтоник болот.

• Бала төрөлгөндөн 6-8 жумага чейин көз жаш бөлүнүп чыкпайт.

•Кызыл түстөгү көздөр альбиностордо гана кездешет. Бул кубулуш меланин затынын жоктугу менен түшүндүрүлөт.

• Эгерде бүркүттүн көзүнүн көрүү курчтугун 100 пайыз дей турган болсок, адамдын нормалдуу көрүүсү бүркүттүн көрүүсүнүн 52 пайызын гана түзөт.

• Адамдын үстүнкү жана астынкы кабагында 150 кирпиги болот. Ар бир кирпик 5 айга жакын жашайт.

• Шизофренияны кадимки көздүн кыймыл тести аркылуу 98,3 пайыз тактык менен аныктоого болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан