Белгилүү куудул Нарынбек Молдобаев менен жубайы, ырчы, актриса Гүлзада Сартмырзаева ачык-айрым, кызыктуу маек куруп беришти. Таланттуу түгөйлөр 40 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Чыгармачыл жан шериктердин бактысы, кубаныч-кайгысы жана башкалар тууралуу сөз болот.
- Саламатсыздарбы? “Сүйүүнү кайдан сезмекмин, сүйбөсөм эгер мен сени...” дегендей, сиздерди тагдыр кантип тааныштырып, табыштырган?
Нарынбек Молдобаев: – Бизди чыгармачалык табыштырды. 1984-жылы аскерден келип, Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө “Чымчыкей” тамаша тобунда иштеп калдым. Гүлзада да ошол жерде иштечү экен. Карасам татынакай, баскан-турганы, сүйлөгөнү орундуу, адептүү, ыймандуу кыз. Кызыгуум артып, сезимдер жүрөктү кытыгылай баштады. Айланчыктап жүрүп акыры сөз айттым. 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз.
Гүлзада Сартмырзаева: – Мага Нарынбектин оор басырыктуу мүнөзү, ичпеген, чекпегени жаккан. Чектен ашкан терс кыялы жок болчу. Бирок биздин баш кошуубузга көптөр каршы болушту. Анткени 2 артист баш кошсо үй-бүлө болуп жашап кете алабы деп күмөн санашкан. Ага карабай баш кошуп, Кудайга шүгүр, жашообуз жаман болгон жок. Башында каршы болгондор кийин “бизди кечиргиле” дешти.
- Нарынбек мырза романтикпи? Балким, жаш кезде романтик болгондур?
Г.С.: – Сүйлөшүп жүргөн кезде романтик экенин билдирчү эмес. Анысы баш кошкондон кийин ойгонду деп койбоюнбу (күлүп). Жыл сайын куудулдар ири шаарларда 8-март майрамына карата концерт беришет. Менин туулган күнүм 13-март. Ошого эки майрамды бириктирип Нарынбек мени Ош шаарына чакырып, баалуу буюм, гортензия, орхидея сыяктуу гүлдөрдү белек кылат. Анткени гүлгө жакынмын. Короо, үй толо гүл өстүрөм. Майрамдарда, гастролдон кайтканда да белексиз, гүлсүз келбейт.
- Экөөңүздөр тең чыгармачыл адам болгондуктан гастролдорго да чогуу чыгып жүрдүңүздөрбү?
Н.М.: – Анда жаш кез. Кыйынчылыкты деле сезбей, 3 балалуу болгуча чогуу гастролдодук. Анан балдардын улуулары мектепте окуп, кичүүлөрү жаш болуп Гүлзада балдар менен убактылуу үйдө отуруп калды.
Г.С.: – Түйүнчөгүбүздү түйүп, балдарды көтөрүп гастролдо көп жүрдүк. Аккордеондун “чехолунун” ичине кийимдери төшөп балдарды жаткызып коюп, сахнага чыккан күндөр көп болду. Тун кызыбыз Нарынбек Нарында гастродо жүргөндө төрөлгөн. 1989-жыл эле, кыш абдан оор болгон. Аба ырайынан улам учактар учпай, көчкү түшүп жолдор жабылып, Нарынбектер ошол жакта 1 айга жакын жүрүп калышкан. Бир айдан кийин келип кызына элжиреп, мага бербей көтөрүп, курсагы ачкан жокпу деп улам-улам сурап бир башкача толкунданганы эсимде. Ошондо менден өткөн баласаак экенин билгем.
- Жашоо сыдыргыга салгандай түптүз болбосу анык. Кандай кыйынчылыктар болду сиздердин турмушта?
- Албетте, кыйынчылыктар болду. Азыркы жаштар эле даярга келбесе, биздин учурда андай кайдан? Өзгөчө Союз тарагандан кийинки кыйынчылыктар эл катары бизди да сынады. Бир тыйындан курап үй-жай кылып, балдарды чоңойтуу оңойго турган жок. Бирибиз кейип үшкүрсөк, экинчибиз дем берип, бирибиз капалансак, экинчибиз жылмайтып, айтор, эриш-аркак жүрүп, Кудайга шүгүр, 2 уул, 2 кыздуу, 6 неберелүү болгон даражага жеттик.
– Балдардын арасынан сиздердин жолду уланткандары барбы?
Н.М.: – Балдар, кыздардын ичинен биздин жолду жолдогондор болгон жок. Бирок таланттары бар.
Г.С.: – 4 балабыз тең талантуу. Улуу кызыбыз жакшы бийлейт. Улуу балабызды башкалар куудул, абдан күлдүрөт деп айтып калышат, бирок өзүбүз көрө элекпиз. Экөө тең атасын тартып оор басырктуу. Кичүүлөрүнүн экөөсү тең атасын тартып комуз чертишет. Кичүү кызыбыз Улуттук консерваторияны бүткөн. Учурда мектепте музыка мугалими болуп штейт. Атасын тартып куудулдугу күч, бирөөлөрдү дал өзүндөй туурайт, күлдүрүп сүйлөйт.
– Үйдө кер-мур айтышып, урушуп кеткенде Гүлзада айымдын таарынычын кантип жазасыз?
Н.М.: – Орчундуу маселе болбосо деле кээде талаш-тартыш чыгып калат. Уруш эмне болуп башталбасын, баары бир аялзатынын көңүлү гүл деп биринчи мен Гүлзаданын кабагын ачууга, күлдүргөнгө аракет кылам. Күлүп жиберсе эле баарын унутуп, жадырап чыга келген жакшы сапаты бар.
Г.С.: – Мен бат анан узакка таарынам, ушуну эч жеңе албай койдум. Каным менен кошо жаралган мүнөз окшойт. Нарынбек болсо тез жазылат, эч нерсе болбогондой алаксытып, мени күлдүргөнгө аракет кылат. Бир күлүп жиберсем болду, дароо жумшарам. Кудайга шүгүр, мени жакшы жарга туш кылды. Нарынбектин мага такыр колу тийген жок. Экөөбүздө тең чектен аша урушуп, көңүлдөрдү катуу ооруткан учур болгон жок.
- Кызгануу үстөмдүк кылабы же ишенимби?
Н.М.: – Бизде бири-бирибизге болгон ишеним күчтүү. Андыктан кызганычтын куйкалаган отун сезбей эле келем.
Г.С.: – Экөөбүз тең артист болгондуктан артисттердин жашоосун түшүнөбүз да. Ошондуктан кызганычка деле орун жок. Нарынбек 3-7 айлап гастролго кеткенде деле кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың деген жан эмесмин. Кызганыч – жан дүйнө оорусун, үйдө уруш-талашты жаратат. Биз ушуну жакшы түшүнөбүз.
– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт эмеспи, кайын журтка кандай келин, күйөө бала болдуңуздар?
Н.М.: – Гүлзада баарын сыйлаган, колунан бардык иш келген, мыкты келин. Туугандарым жаркылдаган ырчы келинбиз деп сыймыктанып турушат.
Г.С.: – Нарынбек кайын журтка сыйлуу, сүймөнчүк күйөө бала. Ыраматылык атам “токтогулдук балам” деп абдан жакшы көрчү. Турмуш-шартка байланыштуу төркүнүмө 1 жылда 1-2 жолу эле барчубуз да. Төркүнүм тамагынын жакшысын катып, бизди качан келет деп күтүп отурчу. Атам ыраматылык бакта өскөн алмурутун үйдүн чатырына бирден илип, бизге деп сактаар эле. Атамдын ошол алмурутунун даамын Нарынбек азыркыга чейин айтып жүрөт.
- Нарынбек мырза да ырдайт. Демек, сизге сынчылык да кылса керек?
Г.С.: – Нарынбек мыкты сындайт. Репертуар тандоого акыл кошот. Бирок мени сынап келе жатып эле көкөлөтүп мактаганга өтүп кетет. Антсе мен “көп мактаба, Кудай берген талантты багып келе жаткан жөнөкөй жанмын” деп калам. Кудайга шүгүр, балдарды чоңойттук. Эми кол-жолубуз бошоду, өлкөнү кыдырып концерт койсок деген ойдо турабыз. Сахнада жүргөнүбүзгө 40 жыл болуптур, элге берген отчёттук концерт дагы болот эле. Бишкекте Улуттук филармонияда да концерт берүү тилегим бар.
– Тилегиңиздер ишке ашсын. Элге руханий азык тартуулап жүрө бериңиздер!
- Сиздерге да чоң рахмат.
Канымжан Усупбекова