ЖОГОТКОН КЫЗЫН 27 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕГЕН ЭНЕ

«Таенеме барам деп сүйүнүп жаткан...»

– Аты-жөнүм Рахима Махмудова, учурда 66 жаштамын. Базар-Коргон районунун Акман айылынан болом. Көп жылдан бери Ош шаарындагы Ош облустук китепканасында китепканачы болуп иштеп келем. Сиздерге кайрылуумдун себеби – мындан 27 жыл мурун жоголгон кызымды издеп келем. Түшүнүктүү болушу үчүн баарын башынан баяндап берейин.

1995-жылы эжем аркылуу Ош шаарына келип, жашап калдык. 1997-жылы китепканага жумушка орноштум. Иштеп баштагандан кийин кызым Эльвираны айылдан алдыртып, жумушума жакын жердеги бала бакчага бердим. Томпоңдоп барып-келип жүрдү. 1998-жылы күзүндө кызымды мектепке киргиздим, өзү теңдүүлөр катары жакшына эле окуп жатты. 1-чейрек аяктоого жакындап, кызым “каниукулга чыксак айылга, таенеме барам” деп сүйүнүп жүргөн. Бирок ал тилегине жетпей калды. 

«Мектепке барып эле таппай калдым»

– 30-октябрь күнү күндөгүдөй эле мектебине алып бардым, кыздар менен жетелешип кирип кетти. Кайра саат 12лерде барып алып келмекмин. Бирок 10-15 мүнөт кармалып, кечигип барып калдым. Барсам жок, ары-бери карап, үйгө кеткен окшойт деп ойлоп ишке келе бердим. Бирок негедир жүрөгүм тынчыбай койду. Саат 16:00дө жумуштан уруксат сурап, үйгө жөнөдүм. Эжемдин баласы мага келе жаткан экен, мени көрүп эле “Эльвира келген жок” деди. Мектепке карай чуркадык. Мугалимдерден, классташтарынан сураштырдык. Эч ким дайынын айта албады. Баары “сабактан кийин көрбөдүк” дешти. Милицияга кабарлап, анан шаарды тытып издей баштадык. Сүрөтүн чыгартып алып базардагы элден, автобекет, аялдамалардан, маршруттук таксилердин айдоочуларынан бери сураштырууга өттүк. Мектепке 2 апта каттадым, кокус келип калабы деп. Эч кабар болбоду, дайыны чыкпады. 

«Бир күнү келип калчудай эшикти карайм»

– Айлам кетип көзү ачыктарга барсам, “алыста, бирөөнүн колунда” дешти. Жаңы жылга жакын бирөө иштеген жериме телефон чалып, “Эльвира бизде” деп бир даректи айтты да, тутканы дароо коюп салды. Сураштырсак, андай дарек да, үй да жок болуп чыкты. Алдап коюптур. Кийин “аэропорт жакта жашайм, Эльвира деген кыз ушул жакта бирөөнүн үйүндө жүрөт” деп бир адам чалды. Барып издеп, Эльвиранын сүрөтүн көрсөтүп сураштырып, бирок тапкан жокпуз. Ошентип, 27 жылдан бери кызымды издейм, күйүткө баттым, ыйлай берип көз жашым да соолуду. Бирок үмүтсүз шайтан деп коюшат го, үмүтүм үзүлбөй бир күнү келип кала тургандай эшикти аңдып жашап келем. Мүмкүн, аны бирөө уурдап кетип багып алдыбы, ким билет?.. 

«Издеп келсе таппай калбасын деп иштеген жеримди алмаштырбадым»

– Кызымдын 1-класстагы сүрөтү бар. Башка сүрөттөрү да бар болчу, 1998-жылдары издөө салдыртып телеканалдарга, гезиттерге барганыбызда сүрөттөр калып кетип, жоголду.

Кызым издеп келсе мени ишимден таппай калбасын деп бир жерден жылбай иштеп келем. Китепканага кыздар кирип калышса арасында кызым болуп жүрбөсүн деп карай берем. Айрымдарынан “жашың канчада?” деп да сурайм. Жашы кызым теңдүү чыкса менин да кызым ушинтип чоңоюп, бой тартып калды го дейм. Эмнесин айтайын, башыма түркүн ойлор келди. Бирок өлүгү чыкпагандан кийин кызым тирүү деп жашап келем. Кызымды көргөн-билгендер болсо менин күйүтүмдү түшүнүп, адам катары айтып койгулачы?! Ким алып кетип, багып алган болсо, кылмышын деле кечирем. Кызымдын тирүү экенин билдирип, көрсөтсө болду эле. Ким алып кеткен болсо да жүрөгү таш, мерез адам экен. Бүтүндөй бир өмүр өттү, дагы деле күтүп жүрөм...

Эльвиранын кабарын билгендер болсо мени менен байланышып коюшун өтүнөм.

 

Телефон номерим:

0770 00 70 12, 0555 793704.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан