Таанышып алыңыз, окурман. Ар дайым элдин жүрөгүндө болууну каалаган ырчы Канышай Сүйүнбай менен баарлаштык. Рамкага сыйбаган кызыктуу инсан экен.
АНКЕТАСЫ
Туулган күнү – 1993-жыл, 2-апрель
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Жакшы көргөн түсү – кара
Жактырган тамагы – куурулган боор, бөйрөк, анан камыр тамактар
Мүнөзү – шайыр, принципке бекем, көк бет
Репертуарындагы ырлары – “Ой санат”, “18 жаш”, “Алтын өмүр”, “Сезип турам”, “Сагынам”, “Бал сезим”, “Жигитке” жана башка
– Канышай, келиңиз таанышалы...
– Макул, Канышай Сүйүнбай эстрада жана салттуу музыка ырчысы, жаш ырчы десек болот. Өзү аябай позитивдүү, жөнөкөй инсан.
– Ырчылык кесипти тандооңузга эмне түрткү болду?
– Ырчылыкка чейин башка тармактарды да сүзүп көрдүм. Апам чыгармачыл адам, төкмө акын, айтылуу Боогачынын тукуму, бир туугандар өнөр жагынан тай жагыбызды тартканбыз. Атам да комуз чертип, ырдап калчу. 11 бир тууганбыз, 8 кыз, 3 уул. Бала кезде үйгө конок келгенде баарыбызды тизип алып ырдатышчу. 2007-2008-жылдары шоу-бизнес күч албадыбы, ошондо ырчылыкка каалоом аябай күчөдү. Бирок 9-классты бүткөндөн кийин сунуш түшүп, Казакстанга модельер конструктор кесиби боюнча окууга тапшырдым. Бирок ал кесип меники эмес экенин түшүнүп, 2014-жылы Канат Култаевдин продюсердик борборунда 3 ай окудум. Кызыгуум мурдагыдан да күчөп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эстрада бөлүмүнө тапшыргам. Жеке чыгармачылыкка басым жасай баштаганыма 5 жыл болуп калды.
– Жакшы. Демек, 5 жылдан бери жеке чыгармачылыкты өнүктүрүү аракетиндесиз, жыйынтык кандай?
– Мен чыгармачылыкка киришип баштаганда эле карантин болуп калды (күлүп). Бир жыл эч нерсе кылбай жаттык. Кийинки жылдары арты-артынан ыр жаздырып, клип тарттырып жакшы эле иштей баштаган элем. Акыркы 2 жылдан бери кайра, же жалкоолукпу, же чыгармачылык кризиспи, анча иштебедим. Бул жылы жакшы аракет кылайын деп январь айында клип тарттырып, азыр жаңы ырлардын үстүнөн иштеп, туулган айылымдан бата алып концерт берейин деп ойлонуп жүрөм.
– Эстрада менен салттуу музыканы аралаш алып жүрөт экенсиз, тең салмакта алып кетсе болчудайбы?
– Албетте, болот. Кызыктуураак болот го, менимче. Жаштарда да комузга кызыгуу өсөт. Комузга чет элдик ырларды да салып, аккорд менен ойноп, гитарадай черткенимде, рэп айтканымда баары суктанышат. Үйрөтүңүзчү дегендер да бар.
– Кийинүү стилиңиз өзгөчө экен. Атайын стилисттер менен иштешесизби?
– Стилисттер менен иштешпейм, бирок дизайнерлер менен иштешем. Өзүмө жагып калган кийимдерди көрсөм, бир аз өзгөчөлүк киргизип, биздин менталитетке туура келген форматта өзүмө жарашкыдай кылып тиктирем.
– Ырды тандоодо кимден кеңеш аласыз?
– Ырдын обонуна да, текстине да көңүл бурам. Жакшы акындар менен иштешем. Эски ырларды да репертуарга кошуп койгон жакшы экен. Атың чыга элек маалда жаңы чыгармаларың жакшы кабыл алынбай көмүскөдө калып калышы мүмкүн, а кулакка сиңип калган ырларды жаңылап ырдап чыксаң жакшы кабыл алынат. Башында автордук ырларга көбүрөөк басым жасадым. Анан тойлордо ырдайм деп “18 жаш” деген ырды ремикс стилинде ырдап чыксам абдан жакшы кабыл алынды. Клиби да сонун, мага ийгилик алып келген ыр болду.
– Көп ырчылар тойлордо ырдашат, сиздин оюңузча, той – чыгармачылыкпы?
– Жок, той толук чыгармачылык эмес. Бизде шоу-бизнес анча өнүккөн эмес, азбыз да. Жалаң эле гастролдоп, альбом чыгарып иштей бергенге болбойт. Өзүм Ысык-Ата райондук маданият үйүндө иштейм. Айлыгыбыз аябай эле аз, ошондуктан той – киреше булагы. Той деле канчалык бир деңгээлде чыгармачылыкка кирип калат болуш керек. Ал жакта деле ыр, бий, сүйлөш бар да. Анан тойго кызмат кылуу, коноктордун маанайын көтөрүү дагы оңойго турбайт. той ээлери ал жакшылыкты 20-30 жыл күткөн болушу мүмкүн, демек, той деле абдан чоң жоопкерчилик.
– Байкашымча, шайыр-шатман, жайдары жүрөт экенсиз?
– Ооба, ошондоймун. Мени жакшы билгендер “сенин ичи-тышың бир, кызга окшоп табышмактуу эмессиң” деп калышат. Кандай болсом ошондой жүргөндү жакшы көрөм, жакшы эмес адаттарым болсо деле социалдык тармактарга болгонун болгондой чыгара берем. Жашырып, эл эмне дейт дегенден коркпойм. Позитивдүү маанайда жүргөндү жакшы көрөм.
– Социалдык тармак демекчи, ал жактан жигиттер көп сунуш киргизет окшойт?..
– (Күлүп) Сиз мени абдан изилдеп чыккан окшойсуз? Ооба, көп жазышат. Бирок менден коркобу, сүрдөйбү, көп балдар жекече жолукканга даабайт. Такылдап сүйлөп өзүм качырып алат окшойм.
– Буга чейин сүйүп көрдүңүз беле?
– Мамилелер болгон, бирок башымды жоготуп сүйүп көргөн эмесмин. Эми сүйүп калсам эле турмушка чыгат окшойм (күлүп).
– Мага турмушка чык деген сунуштар көппү?
– Ооба, бар. Бирок азырынча андай планым жок, 1-2 жылдын ичинде, буюрса. Азырынча жүрөгүм бош, башым да бош.
– Табитиңиздеги мырзаны сүрөттөсөк...
– Тайманбаган, бирөөнүн сөзүн ээрчий бербеген, өзүнүн пикири бар, ата-энесинен сепарация болгон, өзүнүн жашоосун өзү улап алып кете алган деңгээлге жеткен, эмгекчил, потенциалы күчтүү, анан тамашакөй, адамдарга жумшак мамиле жасаган, кыздарды сыйлаган, баласаак болсо... Анан албетте, менин чыгармачылыгымды колдосо.
– Өзүңүздө ушундай сапаттар барбы?
– Албетте, мурда бир жакшыга бир жаман десе, ошол жаманы мен болсом керек деп ойлочумун. Азыр анализдеп көрсөм, мактангандай болбоюн, үй-бүлөгө керектүү жакшы сапаттар менде да көп эле экен (күлүп).
– Жашоодо сизди өкүндүргөн нерсе барбы?
– Мени эң эле өкүндүргөнү – бул жашоодон атамдын эрте кетип калганы. Ойлосом, эч нерсе көрбөй кетиптир, 50 жашында, эми балдардын чайын ичейин деген убакта балдарынын бир жакшылыгын көрбөй эле каза болуп калыптыр. Ошол бизге чоң арман. Башка нерселерге көз жумуп койсо болот.
– Атаңыз каза болгондо канча жашта элеңиз?
– 4-класс кезим эле. Атамдын кызы болчумун, атам абдан жароокер, кыздарым деп турган киши эле. Жумуштан келгенде аталап эле моюнуна асылып калчумун. Каза болгондо бизге аябай оор болду. Азыр деле ата жөнүндө сөз болуп калса көзүмө жаш айланып кетет.
– Апаңыз тууралуу айтып берсеңиз анда...
– Апам Алмагүл Макембаева, көп таланттын ээси, комуз да чертет, аккордеон ойнойт, сайма, түймө, курак кураганга жакын. Төкмө акын, жамакчы, санжырачы, кошок да айтат. Нарк-насилди бекем туткан нукура кымыз жыттанган кыргыз айымы. Балалыгы Ат-Башынын жайлоосунда ат минип, кой кайтарып өтүптүр. Өзү 15ти төрөгөн, 11ибиз барбыз. Төртөө чарчап калыптыр. Азыр баары жакшы, коомдук ишмер, музыкалык билими жок, бирок тубаса талант. Көптөгөн диаспоралардын, коомдук-маданий уюмдардын музыкалык көркөм жетекчиси болуп концерт, иш-чараларды уюштуруп жүрөт. 65ке чыкты, дагы деле тойлордо тамадалык кылат.
– Чоң кыялыңыз?
– Чыгармачылыкта жакшы ийгиликтерге жетүү, Эл артисти болуу, өзүмдүн жакшы долбоорлорумду элге тартуулоо. Аз-аздан жыйнап, бирок түбөлүк кала турган беделге жетүүнү каалайм. Жарк этип чыгып, жалп этип өчүп калгым келбейт.
Гулийпа Маметосмон кызы