Психологдун арты менен актриса болгон Хазар Эргүчлү

Түрк киносунда эмгектенип жүргөн таланттуу айымдардын бири Хазар Эргүчлү тууралуу сөз кылалы дедик. Ата-энесинин каршылыгына карабай өжөрлүк мүнөзү аны көпчүлүккө белгилүү актриса кылган. “Мен багынтчу бийиктиктер али алдыда” дейт Хазар айым...

 Туулган жери: Кипр, Никосия

Туулган жылы: 1993-жыл, 1-февраль

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Күзей-Гүней”, “Жакын досумдун үйлөнүү тою”, “Коргоочу”, “Жогорку коом”, “Жаркыраган жалын”, “Бермет дандары” жана башка

Сынга кабылган

“Күзей-Гүней” сериалы менин телевидениедеги дебюттук ролум болчу. Ага чейин театр, кинодо иштеп жүргөм. Анан жалаң хит сериалдарды жараткан «Ай Япым» компаниясынан чакырык алдым. Сериалда жалаң белгилүү актёр-актрисалар топтолуптур, анан мен... Көпкө чейин толкундоо сезиминен кутула албай жүрдүм. Тартуучу топко, кесиптештериме мага алгачкы тажрыйба, колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазымын. Анан да Симайдын ролу көп нерсеге көзүмдү ачты. Симай тасмада көрүнүктүү терс каармандардын бири эмеспи, тажрыйбасы жок кызга ишенип тапшырган жаратуучуларга азыр да рахматымды айтам.

Калпычы, кара өзгөй Симай терс каарман болгону менен, анын образын көпчүлүккө жеткирген Хазар Эргүчлү популярдуу актриса болуп ойгонгон. Анткени сериалды көрсөтүү укугун ондогон мамлекет сатып алган эле. 2011-жылы экранга чыккан “Күзей-Гүнейди” кыргыз көрөрмандар да ашыгып көрүшкөн. Популярдуулугу алгач Хазарга кубаныч эмес, оор жүк катары сезилген. Анткени сериалдын күйөрмандары тарабынан катуу сынга кабылган. Интернет желесинде хейтерлер, жашоодо бейтааныш эле адамдар көчөдөн токтотуп “Симай, сен өзүңө келишиң керек” деп насаатын айткандар, ошону менен катар сөгүп кеткендер да чыккан. Мындан улам кыз стресс болгон. Убакыттын өтүшү менен сынды электен өткөрүп, өзүн эмоционалдык жактан коргогонду үйрөнгөнүн айтат.

Психологдун жардамы

Чынында мен юрист болом деп ойлочумун. Бирок бирөөнүн кеңеши менен театрга, кийин театр ийримине барып жүрүп жагып калды. Театр сахнасынан өзүмдү эркин, ачылгандай сездим. Ошол кезде Кипрде Дербиш Заим деген режиссёр тасмага тартылууга 15-16 жаштагы кызга кастинг жарыяланганын уктум. Бардым, барганда да 4-5 жолу бардым окшойт. Эки-үч айдан кийин мени тандаганын айтып тартуучу топ байланышка чыкты. Кубанганымды айтпагыла, эмнеге кубанганымды ошол кезде түшүнгөн эмесмин. Азыр ойлосом, тасмага тартылам деп эмес, көпчүлүктөн бөлүп мен тандалганыма сүйүнүптүрмүн. Окууну бүткөндөн кийин жакшы кино агентине жолуктум. Биздин карьерада агент, менеджерлердин ролу өтө маанилүү. Агент аркылуу анан чоң киного аралашып кеттим.

Чынында эле Хазардын ата-энеси анын юрист болуусун каалачу. Бул кесипке кыздын өжөрлүгү, максатына жетмейинче токтобостугу жарашып турар эле. Бирок анын өспүрүм курагы оор өттү, мүнөзүндө, жүрүм-турумунда терс өзгөрүүлөр орун алды. Үйдө пикир келишпестиктер күч алып, ызы-чуулардын саны көбөйүп бара жатканда апасы психологдун жардамына кайрылган. Психолог кыздын ата-энесине “жазалабагыла, катуу айтпагыла, эркиндигин чектебегиле. Чыгармачылык ийримдерге, жаңы нерселерге көңүлүн буруп көргүлө” деп кеңеш айткан. Психологдун кеңеши менен кызга театр дүйнөсү ачылып, келечегин жаңы багытка бурган десек болот.

АКШда окумак...

– Ата-энем чыгармачылыкка жакын кесиптеги адамдар десем болобу, билбейм. Айтор, апам телевидениеде, атам бир журналда редакторлук кызматта эмгектенет. Жакындарымдын көбү кичинекейимден бир мүнөз, кежир, өжөр экенимди айта беришет. Кипрдин борбору Никосия шаарында төрөлүп, балалыгым ошол шаарда өттү. Бардык жакта, үйдө, көчөдө, мектепте активдүү элем. Азыр анчалык эмес же активдүүлүк көрсөткөнгө убактым жетпей калдыбы...

Күчтүү мүнөз демекчи, мектепти аяктаганда Хазар актриса болом деп кесе айткан. Буга ата-энеси каршы эле, анткени алар АКШдан престиждүү окуу жай издештирип, юридикалык факультетте окуйт деп пландап алышкан. Мектепти бүткөнгө чейин бир жыл театрга барган кыздын кызыгуусу бат эле бүтөт деп эсептешкени менен, ал кызыгуу чыныгы кесипке айланган. Көк бет кызын көндүрө албасын түшүнгөн ата-энеси айласы жок актрисалыгын колдоп башташкан. Ошентип, Хазар Эргүчлү АКШга эмес, Стамбулга учуп, театр жана кино окуу жайына тапшырган.

Сулуулук тууралуу...

– Актриса катары, өзгөчө карьерамдын башталышында сулуулук стандарттарына байланыштуу бир топ басымды сездим. Менде салмак жана бетимде тери көйгөйлөрү бар болчу. Мурунку бейкапар жашоом бузулду, эртең менен күнүмдү катуу диета менен баштап, кечинде кайра оор тамак жеп алып өзүмдү күнөөлүү сезип, өкүнүп ыйлаган күндөрүм болду. Бирок белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин сулуулуктан да акыл менен талант маанилүүрөөк экени билинет. Кимдин салмагы канча, бетинде маселе жокпу, элге келбети жагабы деген суроолор коомдо кызыкчылык жаратпаган, буга көрүүчүлөр жана продюсерлор да көңүл бурбаган дүйнөдө жашагым келет.

Хазалдын бул сөздөрү бул жаатта маселеси бар кыздарга дары болот, сыягы. Учурда Түркиянын эң сулуу актрисаларынын катарына кирген Хазар Эргүчлүдө сулуулук жаатында көйгөйү бар экен деп ойлобойсуң. Бош убактысында каарманыбыз курбу кыздары менен сейилдегенди жакшы көрөт, болбосо өз табити менен жасалгалап алган үйүнөн чыкпай деле эс ала берет. Бош убактысы деле жок, кино, театрдан сырткары парфюмерия, косметика, кийим, азык-түлүк компаниялары менен жарнамалык негизде модель катары иштешет. Кино тармагында ондогон долбоорлорго тартылган жана тартылып келет. Бир нече кино сыйлык алганга жетишти. Социалдык тармактарда активдүү, баскан-турганын, жегенин жарыялагандан коркпойт. Жеке жашоосун сыр тутат, ошентсе да анын өзүнөн 19 жаш улуу режиссёр Онур Үнлү менен 5 жыл кыз-жигит мамиледе болгону маалым. Түгөйлөр 2022-жылы эки ажырым жолго түшкөн.

 

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан