Үмүтай Абдышова, ырчы: «Жалгыздык эми сезиле баштады...» 

Жашоо, аялзат табияты, жалгыздык, ырчылык талант... Белгилүү ырчы Үмүтай Абдышованын үзүм ойлоруна орун бердик. Окугандан кийин ырчы айымды дагы да жакшыраак биле аласыз деген ишеничтебиз. 

*Ыр сандыгым толуп-ташып турат, репертуарымда 400дөн ашык ырым бар. Төрт жүз эмес, төрт ыры жок ырчылар деле бар. Эмнеге ырларым көп десеңиз, мен ыр менен “ооруйм”. Ырдын бир кайрыгы же бир сөзү жагып калса, авторун издеп таап, уруксат сурап дароо студиядан үн жаздырам. Кээ бир ырчылар бар, кайда барса да бир ырын ырдай берет. Ыр жакшы болсо да, жаман болсо да кулакка сиңип бүтүп, тажатып жиберет. А мен кайсы жерде кандай ыр туура келерин билем, ыр сандыгымдан тандап алып ырдайм. Кээде башкалардай болуп бир эле ыр менен “боп” кетсем дейм, бирок кайра эле баягы жол менен кетем (күлүп).

 *Ырчыларды үч топко бөлөм. Биринчиси – кыйраткан репертуары же үнү жок, бирок пиарды катыргандар. Мисалы, тияк-биягына пластикалык операция жасатып же хайп үчүн эптеп бирдемелерди кылып отуруп таанылып алышат. Экинчиси – атын эл билбейт деле, бирок ырын жакшы көрүп угушат. Үчүнчүсү – аты да, үнү да, ыры да бар ырчылар. Өзүмдү ушул үчүнчү топко кошом.

 *Бир жерге байыр ала албайм, кыйналып кетем. Ошондуктан башка тармактарды да даамдагым келип турат. Мисалы, бир жыл Улуттук телеканалда эфирдик үн режиссёру болуп иштедим. Комуз үйрөтүү боюнча устаттык кылдым, диджей болуп да иштедим. Кызыгуум тарап кеткенде жумуштан кетип калам, мени байлап алыш үчүн ошол жер дайыма кызыктуу болушу керек. Апам “дарак бир жерден көгөрөт, бир жерде туруктуу иште” деп урушуп калат. Бирок качан бир жерге байланып, токтолом, билбейм.

 *Уулум Алинур жакшы ырдайт. Көрөңгөсү бар, атасы да ырчы эмеспи. Азыр Витастын “Опера 2” деген ырын өзү тандап алып ырдап жүрөт. Аталган ыр диапазону кенен, татаал ыр. Уулумду 1-класста Бишкектеги музыкалык мектептердин бирине бергем, бир чейректен кийин эле таенеси “баламды кууратып жатасың” деп алып кетип калды. Азыр Балыкчы шаарында музыкалык мектепте окуйт, облустук кароо-сынактарда биринчиликти бербей келе жатат. Казакча, түркчө, англисче ырларды эркин ырдайт. Эне катары сыймыктанам, бирок жанында боло албай жатканым үчүн өзүмдү жемелейм.

 *Жеке жашоом мемиреп тынчтыкта (күлүп). Жымыңдап тийишип, шайыр-шатман жүргөнүм менен, сүйүүгө абдан маани берем. Кээде жашы улуу эжелер мени аяп тиктеп, “ай, эптеп бирөөгө тийип алчы” деп калышат. Эптегим келбейт. Баш кошууну сунуштагандар толтура, бирок мен сезимге карайм. Билимине, келбетине, байлыгына, бийлигине карабайм, бирок сүйүшүм керек. Жүрөк эч кимге “тыз” дебей жатат. “Тең теңи менен, тезек кабы менен” дейт, эптеп эле тийип алганда эмне? Ушунча чыдадым, өз адамымды тапканча дагы чыдайын деп калам. 30 жаштын жарымына келдим, “40ка чыкканда сени эч ким карабай калат, бүттү, жалгыз каласың” деп эле коркута беришет. Чынын айтканда, мурун сезилчү эмес, быйыл жалгыздыгым сезиле баштады. Көчөдө, той-топурда жүрө бересиң, үйгө келсең эле кулак-мурун кескендей жымжырт... Жакында “Сагынганда” деген ыр чыкты, Гүлнур Сатылганова ырдайт, Бек Борбиев жазыптыр. Ошол ырдын ар бир сабы мен тууралуу сыяктанат. “Тажадым баарынан, бирок тажабадым сени сагынгандан” деген саптары бар. Мен да жашоодо жөлөк-таяк боло турган, эркиндигиңди чектебей, бирок жаныңдан да чыкпай, толук түшүнө ала турган бирөөнү сагынып жүрөм.

 *“Тиричиликти жайладыңбы?” деп сурап калышат. “Жок” деп жооп берем. Бизнес түптөп, үй-жай кыла элекмин. Анткени ырчылыкты бизнес катары карабадым, карай албайт да окшойм. Бул, балким, менин кемчилигим. Ачыгын айтсам ишенбейсиз, мисалы, азыркыга чейин менин тойго деген “ставкам” жок. Акчасы жок бирөө суранып калса “батаңызды берип коюңуз” дейм же арзыбаган бир сумманы айтып коём. Бир эле ыры бар, “экинчи ырыңды ырда” десе ыр таппай калчулар “тойго ставкам мынча” деп олчойгон сумманы айтышса “түтөп” кетем.

 *Келбетимдин эч бир жерин өзгөртпөйт элем. Анткени фигурам, өңүм, талантым куду Кудайга бирөө буюртма берип жасаткандай. Көчөдө боёнбой эле жүрө алам. Үстүмө мүшөк кийип алсам деле жараша берет. “Уялып жатам, ий, кебетем мындай болуп калыптыр” деген маселе жок менде. Билимиме, талантыма, акылыма таянгандан улам өзүмдү ишенимдүү сезсем керек. Таң калганым, Кудай мага баарын берип туруп, түгөйүмдү гана таптырбай жатканы. Эмнеге? Азыр элдин баары психолог болуп кетпедиби. Мен да бул жаатта абдан изденип келем. Психология, нумерология, баарын окуй берип баш ооруп кеткенде “эк, болору болот да” деп таштап салам. Негизги суроомо жооп таба элекмин.

 *Кээде абдан тынчтыкты каалап калам. Эки-үч ай такыр үйдөн чыкпай жатып алмайым бар. Телефонго жооп бергенге да алым калбайт. Мурун абдан жоопкерчиликтүү элем, азыр кээде оюмду бат эле өзгөртүп жиберем. Кечинде “макул, эфирге барам” деп туруп, эртең менен “барбайм” деп коюшум мүмкүн. Анткени каалоо таптакыр жоголуп кетет.

 *Китеп жазып жүрөм. Арманым, тилегим, баскан жолум, бакытым баары ошол китепте. “Күчтүүсүң” дешет, мен аргасыз күчтүү болдум окшойт. Таяна турган адамың жок болсо, отура бермек белең, маселени чечиш керек. Болбосо менин деле мышыктай эркелеп эле жашагым келет.

 *Түркүн түстүү түш көрө берем. Эгерде сүрөтчү болсом түштөрүмдү картина кылып тартып эле отура берсем керек эле. Анткени андагы кооздукту сөз менен жеткире албайм. Чыгармачыл адамдар ушундай болобу же мен эле башкачамынбы, билбейм.

 *Адамдарды аруулукка чакыргым келет. Беш күндүк өмүрдө инсандардын баркын билип, көңүл оорутпай жашасак. Жашоонун кооздугун гана көрүп, баткак-саткак, анча-мынча кир жерлерин көрбөй жашасак сонун болмок. Балким, андай жашоо бейиштедир...

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан