“Кальмар оюну-3” июнда чыгат
Корейлердин белгилүү “Кальмар оюну” сериалынын экинчи сезону 2024-жылдын 26-декабрында экранга чыккан эле. Сериалдын аягында баш каармандардын тагдыры белгисиз, тагыраагы, окуя ачык бойдон калган. Тасманын жаратуучулары көрөрмандарды көпкө зарыктырып күттүрбөйлү деп чечишкен окшойт. Анткени 3-сезон ушул жылдын июнь айында чыгары белгилүү болду. Netflix сериалдын канча серия менен чыгарын расмий билдире элек, ошентсе да 6 серия чыгат деген маалымат тарап кеткен. Бул маалыматка көрөрмандар нааразы, алардын пикиринде, 6 серияда каармандардын эмне болгонун, татаал сюжетти, жаңы каармандарды толук ачып бергенге болбойт. 3-сезон жөнүндө дагы бир ачыкка чыккан маалымат бар – сериалды тартууга 100 миллиард вон бөлүнгөн (68,9 миллион доллар). “Бюджети өтө эле кымбат” дегендер да, “бюджетине жараша сапаты мыкты болот” дегендер да бар. Эмнеси болсо да, жайында жаңы сезонго күбө болот экенбиз.
Алып баруучу О Ё Аннанын өлүмүнүн чуусу басылбай жатат
Өткөн жылдын сентябрь айында МВС телеканалында аба ырайын чагылдырган алып баруучу О Ё Анна өз өмүрүнө кол салып каза болгон. Ал 17 барактан турган кат жазып, жумуш ордунда буллингден чыдабай калганын жазган. Катта күнөөлүү деп аты аталгандар: Пак Ха Мён, Ким Га Ён, Чхве Ари жана Ли Хён Сын аттуу алып баруучулар. О Ё Аннанын туугандарынын айтымында, эң негизги, тагыраагы, 98 пайыз буллинг кылган адам – Ким Га Ён, калгандары аны колдоп турушкан. Алып баруучунун өлүмүнөн кийин телеканалда атайын комиссия түзүлүп, ишти иликтеп жатышат. Бирок күнөөлүү деп аты аталган алып баруучулар бүгүнкү күнгө чейин иш үстүндө. Бир гана Ким Га Ён иштен четтетилген. Буга коомчулук каршылыгын билдирип, О Ё Аннанын жакындары улам-улам буллингге далил болгон аудиосүйлөшүүлөрдү, жазышууларды элге жарыялап жатат. “Элдин күчү” партиясынын депутаты Демократиялык партияны “О Ё Аннанын өлүмү парламентте каралчу иш эмес” деп көңүл коштук кылып жатканын сындады. Өз кезегинде “Элдин күчү” жаңы мыйзам долбоорун жазып жатышканын, анда жумуш ордунда зордук-зомбулукка, улуулар кичүүлөргө же эскилер жаңы кызматкерлерге басым жасай албай тургандай эрежелер караларын айткан.