14-февраль – сүйүү күнү эле эмес...

14-февралды сүйүшкөндөрдүн күнү деп көнүп калганбыз. Бирок бул датада дагы башка кызыктуу майрамдар белгиленет экен.

Достор күнү

14-февралды достор күнү деп Финляндияда майрамдай башташкан. Бул күнү достор бири-бирине каалоо-тилек жазылган открытка жана башка белек беришет. Андан сырткары көптөн бери жолукпай жүргөн достор да чогулуп, чер жазып эс алышат. Эгер түгөйүм жок, 14-февралда үйдө отурам деп кабатыр болуп жатсаңыз, досторуңуз менен жолугуп майрамдай бергенге эч ким каршылык кылбайт.

Китеп белекке берүү күнү

14-февраль – Китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү. Бул майрамдын пайда болушуна көп деле убакыт болгон жок, 2012-жылдан бери эл аралык статусуна ээ болду. Идеянын автору америкалык жөнөкөй эле жаран Эмми Бродмур. Ал АКШдагы балдар китебине арналган сайтты жетектейт. Көпчүлүктүн көңүлүн китепке бурдуруу жана колунда жокторго китеп чогултуу максатында бир күндү китеп белекке берүү майрамы катары кабыл алынсын деген ою БУУ тарабынан колдоо таап, эл аралык деңгээлге жеткен. Бул күнү каалаган адамыңызга китеп белекке берсеңиз болот. Андан сырткары китеп чогулткан атайын кайрымдуулук сайттарына акча которушат, же болбосо китепканаларга бир нече китеп өткөрүшөт жана башка.

Жалгыз адамдардын күнү

Кызык бекен? 14-февралды жалгыз адамдардын күнү катары 2000-жылдардын башында АКШда белгилеп башташкан. Бул майрам сүйүү күнүнө альтернатива катары белгиленет. Майрамды ойлоп тапкандардын максаты – түгөйлөргө, сүйүүгө, романтикага каршы чыгуу эмес. Алар адам биринчи кезекте өзү үчүн бүтүн болуусу, жалгыздыктан ырахат ала билүүсү канчалык маанилүү экенин баса белгилегиси келген. Өзүн кабыл албаган, сүйбөгөн адам башка менен да бактылуу боло албайт. Ошондуктан биринчи кезекте өзүң менен мамиле түзүү маанилүү. Жалгыз адамдардын майрамы мына ушул идеяга арналат. Бул күндү каалагандай майрамдаса болот, негизгиси, өзүңүздү кубанта турган белек сатып алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан