Таласта “Альянс Алтын Кубогу - 2025” өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-февраль күндөрү Талас шаарында “Жер үй” алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча “Альянс Алтын Кубогу – 2025” облустук чоң мелдеши болуп өттү. 

Мелдештин ачылышына келген Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жаш балбандарга ийгилик каалап, компанияга ыраазычылыгын билдирди:

“Альянс Алтын” компаниясы жакшы демилге менен күрөш боюнча мелдеш уюштуруп жатат. Буга чейин да облусубузда өткөрүлгөн мелдештерге ар дайым колдоо көрсөтүп келген. Бир гана каржылык жактан эмес, Дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын катышуучулары Үзүр Жусупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу спортчуларыбызды алып келип жаш муунга дем берип келишет. Мындай спорттук иш-чаралар менен биз кийинки муунду дени сак жашоого үндөйбүз деп ишенем”, - деди облус жетекчиси Эрмат Джумаев.

Мелдешке облус аймагынан 450гө жакын  өспүрүм балбандар катышып, алар 32 килограмм салмактан 80 килограмм салмакка чейинки 12 категорияда күч сынашты. Алдынкы орундарды багындырган жаш балбандарга диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жаш балбандарды сыйлоого Париж олимпиадасында коло медаль тагынган Үзүр Жусупбеков, Париж олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Алмаз уулу жана эркин күрөш боюнча балбан Ислам Орозбеков катышты.

Дүйнө чемпиондорун ушундай жаш өспүрүмдөрдүн мелдештерине катыштыруу демилгесин компания уюштуруп келет. Мындай демилге жаштарга абдан чоң дем берип, кызыгуусун арттырарын машыктыруучулар белгилешти.

Үзүр Жусупбековдун айтымында, мындай мелдештер көп болушу керек. Ошондо гана келечекте мыкты спортчулар чыга турганын билдирди:

“Мен дагы ушул Талас шаарындагы күрөш залында машыккам. Мелдештер болуп келген, бирок бир, эки жыл болуп анан токтоп калат эле. Буюрса “Альянс Алтын” компаниясынын кубогу ар жылы болот деп ишенем жана жылына келип жаш балбандарга дем берүүгө катышам деген оюм бар”.

“Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү жаштардын спортко болгон кызыгуусун күчөтүүгө жана күрөштү өнүктүрүүгө  багытталган мындай кубокту ар жылы өткөрүүнү пландап жатканын компаниянын өкүлдөрү билдиришти.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан