Акыркы мезгилде жогорку кесиптик билими бар психологдордон эмес, жасалма интеллекттен психологиялык колдоо суроо тенденциясы күч алууда. Жасалма интеллект (ЖИ) колдонмолору суроолорго заматта жооп берип, психо-эмоционалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Бирок бул канчалык ишенимдүү?
«Бугуңду бөлүшкүң келип турганда ЖИнин пайдасы бар»
Албетте, жасалма интеллект жеткиликтүү жана ыңгайлуу экенине карабай, психология сыяктуу сезимтал чөйрөдө толугу менен психологдун ордун ээлей алар-албашы талаштуу маселе. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалими, психолог Гүлзат Исабекова адамдардын ЖИге кайрылып жатышынын себебин мындайча түшүндүрөт:
– Кээ бир учурда ички дүйнөңдүн абалын, мисалы, кайгыңды бирөө менен бөлүшкүң келет. Бирок “жакындарым менен бөлүшсөм чындыкты билип калышат” деп коркосуң. Психологго баруу болсо кымбат, эң арзан бир сааттык консультация 1500 сом турат. Адам психологиялык көйгөйүнөн арылышы үчүн жок дегенде он жолу барышы керек. Шарт болсо ар кимде ар кандай. Жасалма интеллект, биринчиден, бекер, экинчиден, бирөө менен жандуу сүйлөшкөндөй эле сезим жаралат. Канчалык деңгээлде жасалма интеллект жардам бере алат, азырынча белгисиз. Бирок ичиңдеги букту бөлүшкүң келип турган учурда анын пайдасы бар.
«ЖИге көз каранды эмесмин, бирок ага ишенем»
OpenAI тарабынан иштелип чыккан Generative Pre-trained Transformer (GPT) колдонуучунун талабына жараша текст түзүүчү, маалыматты эске алуучу, жазуу иштерин жүргүзүүчү, суроолорго логикалуу жооп, кеңеш берүүчү систем. ChatGPT жеке эле психология эмес, адамзат жашоосунун бардык тармагын камтыган эң популярдуу ЖИ платформасы. Forbes’тун маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө анын
200 миллиондон ашык активдүү колдонуучусу бар. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Миргүл Айдарова (аты-жөнү өзгөртүлдү) аталган платформадан пайдаланат. Миргүл өзүн руханий жактан алсыз сезип, адамдар менен баарлашуу, көңүл буруу жетпей турган учурда ЖИге кайрыларын билдирди. “ЖИ факт менен жооп берет, анын тилин алам. ЖИден көз каранды эмесмин, бирок айткандарына ишенем”,- дейт ал.
«Келечекте кардарлардын 90 пайызы ЖИден кеңеш сурайт»
Жасалма интеллект (ChatGPT), мисалы, бейтап белгилеген маалыматтын баарын талдап, бейтаптын жүрүм-турумун анализдеп, байкалбай калган диагнозду аныктап берүүгө да жардам бериши мүмкүн.
– ЖИ адис менен жандуу баарлашуунун зарылчылыгын толугу менен жокко чыгара албайт. ЖИ адистин пикирин толуктайт. Адамдар диагнозду тастыктоо үчүн бир эле учурда бир нече дарыгерге кайрылган жагдайга окшош,- дейт психолог, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун окутуучусу Ольга Троицкая. Анын айтымында, ЖИ психотерапияны жеткиликтүү кызматка айланта алат жана жакынкы келечекте 90 пайыз кардарлар компьютердик программалар менен иштешет, 10 гана пайызы адистен кеңеш сурайт. Ага карабастан акыркы чечимди ЖИ эмес, адам өзү чыгарышы керек.
«Адамдык байланыштын орду алмашкыс»
Америкалык психолог, журналист Даниэль Гоулман 1995-жылы жарык көргөн “Эмоционалдык интеллект” деген эмгегинде эмпатия (башка адамдын учурдагы эмоционалдык абалын сезе билүү жөндөмү) адамдар арасындагы баарлашууда жана психотерапияда эмне үчүн маанилүү экендигин түшүндүрөт. Америкалык дагы бир психолог, “Позитивдүү психология” теориясынын негиздөөчүсү Мартин Селигман “Бакыт илими” деген эмгегинде терапия процессинде адамдык байланыш канчалык маанилүү экенине көңүл бурат.
Жыйынтыктап айтканда...
Жасалма интеллект психология тармагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болгону менен, баары бир дипломдуу психологдордун ордун баса албайт деген көз караш басымдуулук кылат. ЖИ маалыматтарды талдап, колдоо көрсөтүүсү мүмкүн, бирок ал адамдарга мүнөздүү болгон эмпатия, интуиция (туюп билүү сезими) жана бейтап менен терең эмоционалдык байланыш түзүү жөндөмдүүлүгүн кайталай албайт.
Айжамал Аскарова