Түркиянын 7 тасмасына тартылган кыргыздын каскадёр кызы ЭЛЗАДА МОМУНЖАНОВА

Элзада Момунжанова учурда 24 жашта. Өзүнүн таланты, өжөрлүгү менен көп ийгиликтерди багынтып келе жатат. Жаш болсо да спортто, тасма ааламында оозго аларлык эмгектери бар. Спортто чемпион болсо, кино талаасында “кыргыздын кыйын кызы” деп түркиялык режиссёрлорду суктандырып келет. 

АНКЕТАСЫ

Туулган жери – Өзгөн району, Жалпак-Таш айылы

Туулган жылы – 2001-жыл

Жетишкендиктери – алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн, Азиянын жана Кыргызстандын 3 жолку чемпиону, кармаш урушу боюнча дүйнөнүн 1 жолку чемпиону жана башка.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү

Учурда спортчу, каскадёр, актриса

«Спортчу болгум келет дегенден уялчумун»

– Мектепте жакшы окудум. Дене тарбия сабагында волейбол ойноо, чуркоо жана алыска секирүүдө алдыда болчумун. Улуу агам грек-рим күрөшү менен алектенчү. Анын медалдарын көрүп, спортко кызыгуум күчөдү окшойт. Бирок спортчу болгум келери тууралуу оюмду бирөөлөргө айткандан уялчумун. Ошентсе да эрте туруп чуркап, көнүгүүлөрдү жасап, ысык-суукка денемди көндүрүп жүрдүм. Акыры агам тилегимди билип, мени 11-класста залга алып барып, “эркин күрөш менен машык” деди. Бирок мага эркин күрөштүн денеге чыпташкан формасы  жакпай калды, ошого алыш күрөшүнө өтүп кеттим. Ал кезде эркин күрөш олимпиадалык спорт түрүнө кирерин билгенимде кетпейт болчумун. Мүмкүн, ал жактан да ийгиликтерге жетип, Олимпиада чемпиону болуп калмак белем, ким билет?!

«Апам менин врач болушумду каалаган» 

– Ата-энем алыш күрөшү менен алектенүүмө каршы болушкан жок. Бирок апам бир жолу “сенин спортчу эмес, врач болушуңду каалаган элем. Мейли, өзүңдүн тандооң. Колдоп турам. Болгону “походкаң” эркектердей болуп  баратат, ошого көз сал” деп кеңешин айтты. Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүндө окуп бүткөм. Бирок кесибим боюнча иштебедим. Студент кезде да  алыш күрөшү менен машыгууну уланттым. Мыкты машыктыруучуларга туш болдум. Кыргызстандын 3 жолку чемпионумун, Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда алтын медалга татыдым. 

«Спорт десе ичкен ашымды жерге таштайм»

– 2017-жылдан бери спортто келе жатам. Алыш күрөшүнөн тышкары ушу саньда, кикбоксинг, гремлинг, самбо, кармаш урушу, жалпысынан спорттун 13 түрү менен алектенем. Индонезиялыктардын пенчак силат, азербайжандардын гюлеш, иран элинин перс кошти күрөштөрү менен машыгам. Азыр өзүмдү спорт десе ичкен ашын жерге таштаган адам деп билем. Спорттун артынан коңшу мамлекеттерден тышкары, 15 өлкөгө барып келдим.

«Спаринг-өнөктөштөрүм эркектер»

– Беттештерде атаандаштарым көбүнчө чемпиондор. Беттешке чейин алардын күрөштөрүнүн видеосун көрүп, атаандаштын алсыз жана күчтүү жактары кайсылар экенин изилдейм. Мурун кетирген каталарымдын үстүнөн иштейм. Машыгууда чарчайсың, денең жанчылат, кичине жалкоолонсоң машыктыруучуңдан сөз угасың. Ага карабай эртеси кайра машыгуу... Машыктыруучуларымдын жана өзүмдүн мээнетимди текке кетирбей, башкы орун алуу үчүн умтулам. Атаандаштардан Иран, Монголия, Тажикстан, Казакстандын спортчулары мыкты. Ар киминин өзүнө таандык ыкмалары бар. Спаринг-өнөктөштөрүм эркектер. Анткени бир жерин оорутуп аламбы деп кыздарды аяй берем. Мүмкүн, мен алардан күчүмдү ашыгыраак баалайм. Эркек болсо аябайм. Бул толук кандуу машыгуума мүмкүнчүлүк түзөт.

«Бир нече секунддук эпизод үчүн акылга сыйгыс трюктарды жасайм»

– Каскадёрлукка кантип келип калдым? Бишкекте достор боевик жанрында видеоролик (экшн) тартып, социалдык тармакка жүктөгөнбүз. Аны Кыргызстандын каскадёрлор федерациясындагы балдар көрүп, мага чогуу иштешүүнү сунушташты. Алар ошол кезде Түркияда кинолорго тартылып жүрүшүптүр. Мен аларга каскадёрлук кылып көрө элегимди, киного да тартылбаганымды айтсам, “үйрөнүп кетесиң” дешти. Макул болдум, Түркияга кеттим. Алардын машыгууларына катыша баштап, бат эле баарын өздөштүрүп кеттим. Буга менин кичинемден ат чаба алганым, спорттун түрлөрү менен алектенгеним жардам берди. Кылычташуу, мушташуу, күрөшүү, бийик көпүрөдөн сууга кулоо, ат чаап бара жатып секирип түшүү, мотоциклден жыгылуу, унаага сүзүлүү сыяктуу эпизоддордо дублёрдук кылып келем. Биз, каскадёрлор экрандагы бир нече секунддук эпизод үчүн акылга сыйгыс трюктарды жасайбыз. Бул бизге абройлуу сыйлыктарды алып келбейт, бирок ансыз кинодо мыкты шедеврлерди элестете албайт эмессиңби. Башкысы – денеге жаракат келтирбегидей ыкмаларды колдоно билүү кажет. Андай ыкмалардын көбүн спорт менен алектенип жүрүп үйрөнгөм. Менин шамдагай, ыкчам, кайраттуу, анан эркектерден кем калышпай чабышып, мушташа билгеним үчүн тарыхый кинолордо эркек актёрлорго дублёр кылып коюшат. Тартуучу топту кыйнабайм, мага 1-2 дубль жетет. Негизи, каскадёр кыздар көп эле, бирок өң-түсүм түрктөргө окшош болгону, түрк тилин билгеним үчүн мени көп тандашат.

«Түркиянын белгилүү актёр, актрисалары менен тасмаларга тартылдым»

– Бир жарым жылдан бери Түркияда түрктөрдүн режиссёр, актёр, актрисалары менен иштешип, түрдүү фильмдерге, анын ичинде тарыхый тасмаларга, сериалдарга, комедияларга тартылдым. Арасында Бурак Өзчивит, Жейда Касабалы, Угур Гүнеш, Угур Аслан, Эмре Кывылжым, Дилин Дөгер, Хилал Алтынбилек жана башкалар мнен чогуу тартылган тасмалар бар. Тартылуу учурунда кызыктуу окуялар көп болот. Мисалы, кыз дублёрлор жетишпей калса, эркек балдарды кыздардай кийинтип тарта беришет. Кээде мушташ эпизодунда кийимдериң айрылып кетет. Кылычташып жатып байкабай аң-дөңгө чыгып кетсең, тең салмакты кармай албай кулайсың. Режиссёрлер, тартуучу топ талантымды баалап, мени “кыргыз боордошубуздун эр жүрөк, мыкты кызы” деп мактап калышат.

Мен тартылган фильмдер: “Ага-ини, эже-сиңдилер командасы” (Kardeşler takımı), “Иерусалимди басып алуучу: Салахиддин Айюби” (Küdüs Fatih Salahaddin Ayubi), “Чексиз сүйүү” (Adsız sevda), “Кара жыгач тууралуу дастан” (Kara ağaç destanı), “Курулуш: Осмон”, “Башпаанек” (Asylum), “Ажайып жашоом” (Şahane Hayatım) жана башка.

Айта кетчү нерсе, кыргыз режиссёрлору тарткан “Карачам” фильминде башкы ролду ойнойм. Кандай ойногонумду эл өзү таразалап алар. Мүнөзүм боюнча айтсам, шайыр, тамашакөй, берешен, чыйрак, ошол эле кезде көк бет жанмын. Бир нерсени бат илип кетип, бат үйрөнгөн, чөйрөдөгүлөрдүн көңүлү менен эсептешкен жагым да бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан