Белгилүү инсандардын эл билбеген окуялары болот эмеспи. Ырчы, “Таалай элеси” тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев бир күндө элүү кой сойгонун билбесеңиз керек. Жаш кезинен бокс менен машыгарынчы? Анда сиз үчүн ырчы агабыз өзү тууралуу 13 факт айтып берсин.
Эмнеден коркот?
– Апамды жоготуп алгандан абдан коркчумун. Тилекке каршы, былтыр көзү өтүп кетти. Өлүмдөн, капыстан келген кырсыктан корком. Жакындарымды жоготуп албайын деп Кудайга жалынып келем. Анан жакын санаалаштарымдын же досторумдун көңүлүн калтырып алуудан корком. Албетте, сабырдуу болууга аракет кылам, бирок ачууга алдырып койгон учурларым да жок эмес.
Спорттун кайсы түрүнө кызыгат же машыгат?
– Азыркыга чейин бокс менен машыгам. Дайыма деп айтпайын, кээде залга барып турам. 16 жашымдан баштап эле бокстун фанатымын. Майк Тайсон – кумирим. Андан тышкары улак тартканга кызыгам. Улак тартып да жүрдүм, бирок кийин ага убакыт болбой калды.
Канча жашында автоунаалуу болгон?
– 32 жашымда биринчи автоунаамды алгам. Кийин жер тилкесин сатып алып үй салдым. Ушул куракта мага оомат келди десем болот. Тамада болуп тойлордо, ырчы болуп кабактарда жүрүп тапкан кирешеме үй салдым.
Ырчылыктан тышкары кайдан акча табат?
– Элге окшоп бизнесим деле жок. Келинчегиме чакан дүкөн салып берип койгом, ал биздин Турдакун Усубалиев атындагы көчөнү азык-түлүк менен камсыздайт (күлүп). Музыкалык студиям бар, шакирттерге гитарадан, аккордеондон сабак берем. Болгон кылган оокатым ошол.
Канча шакирти бар?
– Санын айтпай эле коёюн, көп эле. Гитараны мыкты черткен, бирок элге тааныла элек жаш окуучуларым көп. Бул эми адамдын багынан, дүркүрөп чыгып кетсе деп эле тилейм. Тамадалыктагы шакиртим – Урмат Борченов, студент кезинде келген мага. Убакытка абдан так эле, алтыда жолугабыз десем, белгиленген убакытка 10 мүнөт калганда келип калчу. Түнкү саат 12ге чейин жанымда жүрүп, иштеп, үйрөнүп, эртеси окуусуна кетчү. Абдан мээнеткеч жигит, азыр белгилүү тамада, алып баруучу. “Устаттан шакирти өтүптүр” дегенди ушул жигиттин мисалында көрдүм.
Эл алдына чыгарда кантип сулууланат?
– Башымды жууп эле кете берем (күлүп). Телеканалдардын эфирине чыгарда гримдеп коюшат. Болгону ошол. Крем-срем сүйкөнбөйм.
Кой союп, устукан тартуу ишинде кандай?
– Кой сойгонду билем. Союз учурунда ата-энем чабан болуп иштеген. Чаткалда бир жылдары малга жут келген. Ошондо бир күндө 50 чакты койду сойгонго туура келген. Мууздап, ичегисин алып, терисин сыйрып эле ыргыта берчүбүз, анткени союп үлгүрүш керек болгон. Устукан тартканды да билем, үйгө конок чакырганда койду өзүм эле союп, бышырам. Өз колум менен шишкебек, куурдак жасап үй-бүлөм менен сүйлөшүп отургандан ырахат алам.
Патриоттуулук дегенди кандай чечмелейт?
– Бакырып-өкүрүп эле “мен патриотмун” дей бергендер жакпайт. Мен андайлардан эмесмин. Мен үчүн мекенге күйүү – ким колунан эмне иш келсе ошону жасоо. Мисалы, мен ырчымын, элибиз тууралуу жакшы бир ыр чыгарсам, ошол патриоттуулук. Жазуучу мекени тууралуу китеп жазсын, спортчу элинин атын даңазаласын. Ушул мен үчүн мекенге кошкон салым.
Акыркы жолу качан ыйлаган?
– Эки күн мурун ыйладым. Эки уул, эки кызым бар. Улуулары студент, Эрасыл деген уулум мектепте окуйт. Ушул уулум таланттуу. Уксаңар керек, жакында “Чемпион” деген тасма тартылды. Өз күчү менен кастингден өтүп, ошол тасмада башкы ролго бекитилиптир. Жайында Ысык-Көлгө барып тартылып келген. Эки күн мурун тасманын жабык көрсөтүүсү болду. Ошондо уулумдун аткарган ролун көрүп шолоктоп ыйладым. Мен эле ыйлап жатат окшойм десем, жанымдагылар да шолоктоп алыптыр (күлүп). Уулу ийгиликке жетсе ата укмуш сыймыктанат экен. Таң калычтуусу, өзүмдүн жаш кезимди эстедим. 1998-жылы биринчи жолу Улуттук каналдын “Жаштык” телеберүүсүнөн ырдап чыгып Гран-прини жеңип алгам. Ошондо апам “атаң сени телевизордон көрүп, аябай ыйлады” деп айтты эле. Атамдын ошондогу сезимин мен кечээ жакында түшүндүм, жон терим менен сездим. Атам байкуш да сүйүнүп ыйлаган турбайбы.
Бою жана салмагы канча?
– Салмагым 110 килограмм болуп кетиптир. 15 күн болду, туура тамактануу режимин карманып, эптеп 104 килограммга түштү. Дагы таштасам, 95ке түшөм деп турам, буюрса. Боюмду айтпай эле коёюнчу (күлүп).
Жубайына кол көтөргөн учуру болгонбу?
– Калп айтканда эмне, болгон. Жаңы үйлөнүп, эки адам бири-бирине көнүшкүчө түшүнбөстүктөр болот эмеспи. Аны айтсаң муну кылып, айтор, ээнбаштык кылган учурларда болуп кеткен. Эми жаштык, мастык болду да. Ал кезде акелер “аялды катуу кармаш керек” десе, "ии, аялды башкаруу деген ушул тура" деп катуу кетчү экенбиз, көрсө. Ал үчүн азыр өкүнөм. Көрсө, аялдар оңою баш ийбеген калк болот турбайсыңарбы (күлүп). Азыр эми бири-бирибизди жаттап бүттүк да. Андай нерселер жок.
Жубайынын кайсы адатын калтыртам деп калтырта алган эмес?
– Бир адаты бар, ошону койдурта албай келе жатам. Жубайым такыр жасалма боло албайт. Калп жылмайбайт, күлкүсү келбесе күлө бербейт. Кээ бир досторум үйгө келип калганда “аяш бизди жактырбай жатабы?” деп калышат. Коноктор келгенде колдон келишинче жылмайып койчу десем, “калп жылмайсам башым ооруп кетет” дейт (күлүп). Баарын бетке түптүз айтат, айлантып-тегерентип, капталдан согуп айтуу деген жок. Ошонусу менен менин туугандарыма жагат. Жеңе жакшы болсо ападай эле болуп калат дейт го, жубайым азыр бир туугандарым үчүн апамдай эле. “Акырын жүрүп эле Жолдошевдерди башкарып алдың, ээ?” деп күлүп калам.
Таштай албаган жаман адаты барбы?
– Ачуум чукул, ачууланып турган учурда бирөөнүн көңүлүн оорутуп аламбы деп корком. Ушул адатымды таштай албай келе жатам.
Такыр акчасыз калган учуру болду беле?
– Көп эле болду, азыр деле болуп калат. Жаш кезде көп болду. Азыр бир колумду ачып, бир колумду жумуп калам. Мурун эки колум тең ачык болчу.
Нуржамал Жийдебаева