Бир бүркүм. Жаңы министрлик түзүлдү...   

Бишкектен Вьетнамга түз аба каттамын ачуу пландалууда.

 Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кызматынан кетип, ордуна Тынчтык Шайназаров шайланды.

 Саясатчы Темирлан Султанбеков 13-мартка чейин камакта калтырылды.

 Оор кылмышка шектелип эл аралык издөөдө жүргөн 60 жаштагы жаран Бишкектен кармалганы маалымдалды.

 Азамат Найманбаев билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

 Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги министрлик болуп түзүлдү.

 Дене тарбия жана спорт департаменти Маданият министрлигинин курамынан бөлүнүп, өз алдынча агенттик болуп түзүлдү.

 Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалды.

 Депутат Эмил Токтошев мектептерге финансылык сабаттуулук боюнча сабак киргизүүнү сунуштады.

 11-февралда Бишкекте Улуттук кардиология жана терапия борборунда өрт чыгып, кырсыктан 2 адам каза болду.

 АКШда мыйзамсыз курал-жарак саткан деп шектелип Кыргыз жараны кармалганы маалымдалды.

 Бишкектин Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү
10 миң доллар пара алып жатканда кармалды.

 Депутаттар автоунаанын алдынкы каптал айнектерин караңгылатуунун баасын 15 миң сомго чейин арзандатуу керектигин айтып чыгышты.

 Өлкөдө халифат түзүүгө чакырык жасаган деп шектелип 4 жаран кармалды.

 Кыргызстанда 1360 жаран мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү боюнча соттолуп абакта отурганы маалымдалды.

 Өлкөгө мыйзамсыз киргизилди деп Баткенде 2 тонна жүзүм, 1,5 тоннадай лимон жок кылынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан