Экс-чиновник Юруслан Тойчубеков кармалып, 2 айга камакка алынды

Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков кармалып, 2 айга камакка алынды. Экс-чиновник чуулгандуу MCN Coin иши боюнча айыпталууда. Тагыраагы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Каржылык пирамида түзүү) боюнча айып тагылып жатат.

Жакында MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков УКМК тарабынан кармалып, анын алдамчылык кылганын моюнга алганы тартылган видео жарыяланган. Субанбеков элди алдап 1 жарым жылдын ичинде 2,5 миллион доллар киреше тапканын, өзүнө кымбат баалуу үй жана автоунаа сатып алганын, элден чогулган акчаны кайтарып бере албай турганын билдирди. Күмөндүү иштин артында тургандардын бири деп Юруслан Тойчубековдун ысымын атаган. Бул арада Тойчубековдун MCN Coin’дин иш-чараларына катышып жүргөнүн ырастаган бир катар видеолор социалдык желелерге жарыяланды.

Эсиңизге салсак, Юруслан Тойчубеков буга чейин да чуу жараткан кылмыштуу окуялардын каарманы болгон. Мисалы, 2015-жылы “Элдик лотерея” деп утуш оюндарын өткөргөн компанияга мыйзамсыз лицензия бергенин, компанияны пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошотуп койгонун, мунун айынан мамлекет 31 миллион сом зыян тартканын ИИМ маалымдаган. Юруслан Тойчубековго “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. Тойчубеков өлкөдөгү 2020-жылкы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанга кайтып келген. 2022-жылы ИИМ мөөнөтү өтүп кеткени үчүн Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан