21-январда Бишкектеги №72 мектептин 14 жаштагы окуучусу мектептин ажатканасында сабалып, алган жаракатынан улам каза болгонун 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыкты. Айтымында, жогорку класстын окуучулары 14 жаштагы Аннасты катуу сабап, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок баланын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Депутат мектеп жетекчилиги менен милиция окуяны жаап-жашырууга аракет кылганын айтууда.
Каза болгон окуучунун атасынын айтымында, баласын жогорку класстын окуучулары акча талап кылып сабашкан. Бала эс-учун жоготкондо мектеп жетекчилиги ата-энесине анын жөн гана жыгылганын айтып, ишти жаап коюуга аракеттенген. Бирок каза болгон окуучунун классташтары анын сабалганын жана муну мугалимдер менен милиция кызматкерлери билгенин айтып беришкен. Өспүрүмдү 15 жаштагы 3 окуучу сабаган деп айтылып жатат. Аннас эки жума бою жандандыруу бөлүмүндө жатып, 4-февралда каза болуп калган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады Бишкек шаардык милициясы.
12-февралда Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу да ур-токмоктон каза тапканын Ош ОИИББинен билдиришти. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, аны 11-класстын окуучусу сабаган. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.