Кой
(21.03–20.04)
Айдын аягына чейин аласа-бересе иштерин бүтүргөнүңүз жакшы. Аптанын ортосунда бүтпөй келген иштердин чечими чыгып, өнөктөштөр компромисске келгенге даяр болушат. Анан да документ иштери менен алек болгонуңуз жакшы. "Меники туура" деп өжөрлүгүңүзгө салбай, жакындарыңыздын сөзүнө кулак салсаңыз, пикир келишпестиктердин алдын алып, пайдалуу маалымат да ала аласыз. Дем алышта үй тиричилиги менен активдүү иш алып барганга туура келет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бул аптада букачарлардын ой-санаасы жумушка анча чаппайт. Тескерисинче, романтикага ыктап, көңүлүн үй-бүлөдөгү иштерди чечүүгө арнагысы келет. Бойдоктор, жалгыздыктан качан кутулам деген сезимдерге чулганышы мүмкүн. Аптанын ортосунда бюджетиңизди жогорулатуучу иш чыгат, андыктан жумушка да көңүл бурууңуз керек. Досторуңуздун жакшылыгына күбө болуп кубанасыз. Дем алыш күндөрү туугандарыңыздын иши менен чуркап калышыңыз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Баштаган ишиңиз бюрократиятиялык системге кабылып, созулуп кетиши ыктымал, сабырдуу болуңуз. Аптанын көпчүлүк бөлүгү жумушка байланыштуу интенсивдүү, тез өткөнүн байкабай каласыз. Алдын ала бейшемби, жума күндөрү жумуш саатын кыскартып, дем алыш күндөрүн өзүңүзгө арнагандай шарт түзүшүңүз керек. Туугандардан конокко чакыруу алышыңыз күтүлөт, бирок жылдыздар сизге ал чакыруудан баш тартып, тынчтыкта, жалгыздыкта эс алууну сунушташат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Дүйшөмбү, шейшембиде өткөндөн калган маселелерди, иштерди чечүү менен алек болосуз. Андан кийинки күндөрү гана атаандаштык күүсү менен жаңы демилгени колго алышыңыз мүмкүн. Соода-сатыкка ылайыктуу убакыт, андыктан алданып калам деп коркпой чоң нерсе сатып алсаңыз болот. Ата-эне статасундагы бөйөндөрдүн балдары, өзгөчө өспүрүм курактагы балдар алардын мээримине муктаж болот. Андыктан “эртең сүйлөшөм” деп артка жылдырбай, жанында болуңуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Аптада сизден тобокелчилик кадамдарды талап кылган иштерди жасабай эле коюңуз, кумарга берилип кетип өзүңүздү токтото албай, чөнтөгүңүздү бөксөртүп алышыңыз мүмкүн. Өткөн чакта калды деп эсептеген адам кайрадан жашооңузда пайда болуп таң калтырат. Жумушка байланыштуу пайдалуу сунуш аласыз, болгон аракетиңизди жумшасаңыз финансыңызды бир кыйла жакшыртып аласыз. Аптанын аягында жакын аралыкка сапарга чыгуу темасы актуалдуу болушу мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Акчага байланыштуу иштерге аралашасыз, балким, кредит алуу-жабуу, сый акы алуу, берүү, аласа-бересе иштери жана башка. Артыңыздан сөз сүйлөп маанайыңызды бузгандар чыгат. Бойдокторду жаңы таанышуулар күткөндүктөн, романтикалык жагдайда өздөрүн жеңил сезишет. Үйдү оңдоп-түзөө пландарыңыз болсо, ушул аптадан баштай бергениңиз жакшы. Чыгармачылык, искусство жаатында жүргөндөргө жаңы эмгектерди жаратканга жетерлик эргүү келет, пайдаланып калыңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Баарына жетишүүм керек деп шашып жатып баарын чала жасап, ого бетер жумушту көбөйтүп алышыңыз мүмкүн. Анан да маселеден качпай, жеринде чечкениңиз жакшы. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу соода иштерин бир азга артка жылдыра туруңуз, мындан да жакшы сунуш аласыз. Түгөйүңүз сюрприз жасап маанайыңызды көтөрүшү күтүлөт. Аптанын аягында эмоционалдык жактан туруксуз болосуз, кокустан айтылган сөз же жөнсүз көз караштар да кыжырыңызды келтириши мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Пландарды аткарганга жолуңузда “жашыл жол” ачык, сизге болгону мотивация жетишпей турат. Амбиция, максаттарды артка жылдырып, азыр сизге эмне керек экендигине басым жасайсыз. Бойдокторду кыска аралыкка созулган мамилелер күтөт. Үйдө техника жабдыктарын оңдоодо сак болуңуз, майда жаракат алышыңыз мүмкүн. Үйүңүзгө күтүүсүз конок келип, ашканадагы талантыңызды көрсөткөнгө туура келет. Ал конок сизди акыркы жаңылыктар менен кабардар кылат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жумушта жаңы идеянын артынан кубалап, сизди тобокелчиликке үндөгөн адамдар чыгат. баш бербеңиз, жаңы ачылыштардын мезгили келе элек. Анан да туш келди акча чачкандан алыс болуңуз. Омуртка, бел оорулары барлардын өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн. Аптанын аягында жаачылар күнүмдүк ызы-чуудан алыстап, жай эс алганга өтөт. Досторуңуз же үй-бүлөңүз менен театрга, киного барып же табият коюнунда шаан-шөкөт менен эс алууңуз күтүлөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Бул аптада адаттан тыш нерселерге кызыгууңуз ойгонот. Ошондуктан жаңы нерселерди баштоо үчүн сонун убакыт. Спорт менен машыкканды баштаңыз, артка жылдырганга шылтоо да табылбай калат. Чоң дүкөндөрдөн соода кылганда чекти карап, товарлардын баасын, башка товар кошулбаганын көзөмөлдөп текшерип коюңуз, алданып калышыңыз мүмкүн. Аптанын аягында маанайыңыз чөгүп, эч кимди жактырбай калышыңыз мүмкүн. Бул абалдан өзүңүздү өзүңүз гана чыгара аласыз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Досторуңузга жардам берүүгө убакыт жана күч коротууга туура келерине даяр болуңуз. Организмиңиз эс алууга муктаж, андыктан өзүңүздү кыйнап ашыкча иштебегенге аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымы келечектеги иштерди пландаштырууга ылайыктуу. Алдамчылык, афера иштеринен алыс болсоңуз, сизге ишеним арткан адамдан финансылык колдоо табасыз. Дем алыш күндөрүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда, уйкуну кандыра уктап, тынч эс алуу сунушталат.
Балык
(20.02–20.03)
Ичиңизден убайым жеп, өзүңүз суроо, анан ага жооп таап, өзүңүз маселе жаратып, өзүңүз аны чечип убара болуп жатып чарчаганыңызды сезесиз. Андыктан ойлогон оюңузду башкалар менен бөлүшкөндү үйрөнүңүз, жеңилдеп каласыз. Жаңы таанышуу, кезигишүүлөрдүн убактысы, бул кезигишүүлөр карьералык жана романтикалык жаатта да болушу ыктымал. Аптанын аягында эски карызын доолап келгендер чыгат. Дем алыш күндөрүн чыгармачылык иштерге арнаганыңыз жакшы.