Актриса Зендеянын жүрөгүн багынткан мырза, көпчүлүктүн сүйүктүү жөргөмүш адамы, “Марвелдин” жылдызы ким? Албетте, Том Холланд. 7 жашында дислексия дарты менен жабыркай турганы белгилүү болгон Том учурда дүйнөгө белгилүү актёр. 2026-жылы чыга турган “Жөргөмүш адам-4” тасмасында актёрду кайрадан Питер Паркердин образында көрөт экенбиз...
Толук аты-жөнү: Томас Стэнли Холланд
Туулган жери: Улуу Британия, Лондон
Туулган күнү: 1996-жыл, 1-июнь
Жылдыз белгиси: эгиздер
Бою: 168 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасмалары: “Мүмкүн эмес”, “Жөргөмүш адам” (бир нече бөлүмү), “Өч алгычтар: Чексиздиктин согушу”, “Анчартед: Картада көрсөтүлгөн эмес”, “Шайтан дайыма бул жерде” жана башка
Кыскача фактылар
*Ата-энеси, бир туугандары менен биргеликте 2017-жылы "The Brothers Trust" кайрымдуулук фондун түзүп, ага демөөрчүлүк кылып келишет.
*Актёр болбосо, жыгач уста болмок. Актёр үйүнүн көп жагын өзү курганын жана бул процесс жагарын айтат.
*Эң жакын досу – англиялык актёр, модель Харрисон Остерфилд.
*GQ журналына берген маегинде түнкүсүн коркунучтуу түштөрдү көп көрөрүн жана лунатизм менен жабыркай турганын айткан.
*Чогуу бир тасмада тартылгысы келген кесиптештери – актриса Мерил Стрип, актёрлор Киллиан Мёрфи жана Леонардо Ди Каприо.
*Англиялык “Тоттенхэм Хотспур” футбол клубунун күйөрманы.
*Келечекте кинорежиссёр болуу жана “Оскар” алуу максаты бар.
Тасмада табышкан сүйүүсү
“Жөргөмүш адам” аркылуу таанылганы менен, Том Холланд түрдүү жанрдагы актёр экенин ондогон тасмалар аркылуу далилдеп келет. Кино дүйнөсүнөн ордун таап, 2024-жылы өз киностудиясын ачкан. Эми актёрлуктан сырткары продюсерлик ишти да аркалайт. Келечекте режиссёрлук пультка отурам деген максаты бар.
Жеке жашоосу тууралуу сөз кылганды жактырбайт. Экрандан биринчи сүйүп калган айымы актриса Эмма Уотсон болгон. Ал эми биринчи сүйлөшкөн кызы Элли Лотерингтон аттуу тайпалашы. Ал эми актриса Зендея Коулман экөө “Жөргөмүш адамда” жолугушкан. Экрандагы сүйүү жашоодо уланып, кош жылдыздар үй-бүлө түтүнүн булатабыз деп турган чак.
Азыр Том юридикалык триллер жанрындагы “Өнөктөш” тасмасына тартылууда. Андан сырткары кийинки жылы кайрадан Питер Паркер катары “Жөргөмүш адам-4тө” экранга чыгары белгилүү.
Үй-бүлөгө даяр
Искусствонун адамдарынын үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасы өз чөйрөсүндө белгилүү куудул, жазуучу адам, апасы суроо-талапка ээ фотограф. Томас алардын тун баласы, андан сырткары Сэм, Гарри жана Патрик аттуу уулдары бар. Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон Том өзү да үй-бүлө куруп, ата болууга даяр экенин айтат. Актёрдун жүрөгүн же ал белгилүү актриса Зендеянын жүрөгүн багындырды десек болот. Түгөйлөр 2021-жылы кыз-жигит экенин ачыкташкан, 2024-жылдын аягында Том сүйүктүүсүнүн колун сурады, эми алар ушул жылга белгиленген тойго кызуу даярдык көрүшүүдө. Том Холланд Голливуд актёру, “Күүгүм” тасмаларынын баш каарманы Роберт Паттинсон менен дос. Ал досу былтыр эле балалуу болуп, аталык сезимдери менен бөлүшкөн экен. Эми Том дагы ата болсом деп кыялданып жүрөт.
Бийчи
Сөзүбүздүн башында каарманыбыздын десликсия (окуу, жазуу көндүмдөрүн өздөштүрүү жөндөмүнүн бузулуусу) дарты менен жабыркаганын айтпадыкпы. Жөнөкөй мектепте билим алуусу оорчулук жаратарын түшүнгөн ата-энеси Том жалгыз болбосун деп, бардык балдарын атайын жеке мектепке берген. 4 баланын акы төлөнгөн окуу жайда билим алышы чөнтөккө урулган сокку эле. Ошентсе да баары жакшы болду, Том кичинесинен ырчы Жанет Жексондун күйөрманы болуп, анын кыймылдарын туурап бийлеп жүрчү. Бийчилик шыгын күчтөндүрүү максатында апасы бий ийримине берет. 2006-жылы мектептин бий тобу менен сахнада бийлеп жатканын көргөн хореограф Линн Пейж аны “Билли Элиот” мюзиклинин труппасына кошулууга чакырат. Ал труппага кошулуу үчүн Томас 2 жыл күчтөндүрүлгөн программа менен бийлегенди үйрөнгөн. 2008-жылы труппага кошулуп, көп өтпөй мюзиклде башкы ролдордун бирин алган.
Анын белгилүү “Жөргөмүш адамга” тартылып калганына да дал ушул бийчилиги себеп болгон. Анткени эч кимге белгисиз актёр режиссёрлорго жакканы менен, кино компаниянын өкүлдөрү каршы чыгышкан. Бирок Том ийкемдүүлүк, акробатикалык трюктарды мыкты аткарган гимнаст экенин көрсөтүп жатып Жөргөмүш адам болгон.
«Гиннесстин рекорддор китебинде»
Лондондун театрларында чимирилип бийлеген Холланд 2012-жылы кинода дебюттук ролу менен чыккан. “Мүмкүн эмес” тасмасында 2004-жылы болгон жер титирөөдөн Инд океанындагы суу ташкыны алып калген катастрофа сүрөттөлөт. Эс алып жүргөн үй-бүлө кырсыкта туш тарапка чачырап, улуу баласы Лукас Беннет (Том Холланд) аларды кыйынчылык менен бириктирет. 16 жаштагы Том бул ролу үчүн “Жылдын ачылышы”, “Келечектүү жаш актёр” сыяктуу бир нече эл аралык сыйлыкка татыган.
Актёрдун визиттик карточкасы болгон – “Жөргөмүш адамдагы” Питер Паркерге айланганда 19 жашта болчу. Буга чейин жөргөмүш адам тууралуу тасмаларды көрүп, формаларын кийип, кичинесинен жакшы көргөн супер каарманына кастинг жарыяланганын укканда “мен да барам” деп кино агентине чалган. Кастинг оңой болгон жок, Тимоти Шаламе, Лиам Жеймс баштаган актёрлор да бул ролго ат салышып жатышкан эле. Томго кичинесинен гимнастика менен машыкканы, ийилчээктиги, оор трюктарды оңой аткарганы жардам берип кеткен. Ким тандалганы тууралуу маалыматты зарыгып күтүп жүрүп, Марвелдин Инстаграм баракчасына кирип калып, анда жаңы Жөргөмүш адам Том Холланд болорун окуп таң калганын эскерет. Инстаграмдан окугандан кийин гана компаниянын өкүлдөрү чалышкан. Акыры тасманы да, өзүн да тааныта алган Том “Марвел” ааламындагы тасмаларга тартылган эң жаш актёр” катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Питер Паркердин ролу үчүн “Жаркырап чыгып келе жаткан жылдыз” номинациясында BAFTA сыйлыгына татыган. Баса, өзү кинодо супер баатыр Жөргөмүш адамдын ролун аткарганы менен, жашоодо чыныгы жөргөмүштөрдөн аябай коркот.
Асыл Орозбекова