Жыл сайын дүйнөдө 18 миллиондой адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза табат. Алардын жарымы жүрөктүн капыстан токтоп калышынан көз жумат. “Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар, сасык тумоо жана ангина менен көп ооругандар жүрөгүн текшертип турушу зарыл. Анткени аталган оорулар аритмияны жаратышы мүмкүн”, – дейт тажрыйбалуу адис, кардиолог-аритмолог Курбанбек Калысов.
Жүрөктүн согуу ыргагы бузулат
Аритмия – грек тилинен которгондо “ыргак” жана “бирдей эмес” дегенди билдирет. Демек, аритмия дарты – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу, жүрөк калыптагыдан тез, жай же баш аламан сого баштайт. Өз убагында дарыланып алдын албаса инсультка, жүрөктүн өнөкөт алсыздыгына же өлүмгө чалдыгуу толук мүмкүн. Айта кетсек, жүрөк 1 мүнөттө чоң адамдарда 60-100 жолу, балдарда 100дөн ашык, ымыркайларда 140-160 жолу соксо калыптагыдай деп саналат.
Дарттын 5 түрү
• Брадикардия – жүрөктүн жай согушу (чоңдордо мүнөтүнө 60тан аз болсо). Бул абал адамдын өзүн жаман сезүүсү менен коштолсо, анда оору өнүгүп жатат деп билүү керек.
• Тахикардия – жүрөктүн бат-баттан согушу (чоңдордо мүнөтүнө 100дөн ашык болсо).
• Пароксизмалдуу тахикардия – жүрөктүн бир учурда себепсиз эле тездеп кагып (мүнөтүнө 180-200 жолу), бир учурда жайлап калышы.
• Мерцателдик аритмия – жүрөктүн бирде брадикардиядай, бирде тахикардиядагыдай согушу. Мындай абал 2 суткадан ашык созулса, адамды инсультка жеткириши мүмкүн. Демек, бул учурда дароо канды суюлтуучу дарыларды ичүү, врачка барып текшерилүү, дарылануу зарыл.
• Экстрасистолия – күтүүсүз жерден жүрөктүн бат-баттан кагышы. Мындай абал көбүнчө стресс маалында кездешет.
Оорунун жалпы белгилери
• Жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулушу
• Көкүрөк туштун оорушу
• Шалдыроо
• Тамакка табиттин жоголушу
• Демигүү, аба жетпей муунуу, калтыроо
• Төшөккө заара ушатып коюу
• Баштын айланышы, тердөө, өңдүн бозорушу
• Эстен тануу
• Жүрөктүн күтүүсүз 5-10 секундга токтоп калып, кайра иштеп кетиши.
Аритмия үзгүлтүксүз кармашы мүмкүн же бир нече мүнөттөн бир нече күнгө чейин созулушу ыктымал.
Түздөн-түз аритмия жаратуучу себептер
• Тубаса жүрөк оорулары (түйүндүү тахикардия, бругада синдрому, жүрөк кемтиги жана башкалар);
• Жүрөктүн клапандарынын ооруларынан да жаралышы мүмкүн;
• Жүрөктүн ишемиялык оорулары. Бул жүрөк булчуңунун кан менен жабдылышынын бузулушунан, мисалы, кан тамырдын холестериндик май түйдөкчөсү менен бүтөлүп калышынан жаралуучу оорулар (стенокардия, кардиосклероз жана башка). Булар өмүргө коркунуч туудурган аритмияга алып келүүсү мүмкүн.
Кыйыр себептери:
• Инфекциялык оорулар (сасык тумоо, ангина сыяктуу оорулар өтүшүп кетсе жүрөккө терс таасир тийгизет);
• Стресс, психо-эмоционалдык чарчоо. Мисалы, ажырашуу же оор жоготуудан улам санаага батуу, уйкусуздук;
• Иштөө жана эс алуу режиминин так сакталбашы да жүрөккө зыян. Мисалы, такси айдагандар, алыс аралыкка жүк ташуучу унаа айдап иштегендер уктап калбайын деп энергетик суусундуктарды ичишет, бул жүрөктү “отургузууга” тете;
• Спирт ичимдиктерин такай ичүү. Ичимдиктин курамындагы уулуу заттар жүрөктүн булчуңунун иштешине терс таасир этет;
• Гормоналдык системдин бузулушу. Мисалы, калкан сымал бездин оорулары;
• Организмде электролиттик заттардын (кальций, магний, натрий жана башка) тең салмагынын бузулушу;
• Бөйрөк жана боордун оорусу;
• Заара кубалоочу дарылар. Булар кан тамырларды жыйрылтып, кайра жаза берип, алардын серпилгичтигин начарлатат;
• Баш сөөк алдындагы басым жана жогорку кан басым да аритмияга жеткириши мүмкүн;
• Организмдин ууланышы;
• Дары-дармектерди белгиленген өлчөмүнөн көп ичүү;
• Дайыма оор жумуштарды жасоо.
Диагноз үчүн башкысы – электрокардиограмма
Оорунун белгилери билинер замат кардиологго же терапевтке текшерилүү зарыл. Диагнозду төмөнкү ыкмалар аркылуу коюшат:
• Электрокардиограмма
• Эхокардиография, башкача айтканда, жүрөктүн кагышын аппараттан угуу аркылуу текшерүү
• Суткалык ЭКГ аппараты
• Электрдик-физиологиялык изилдөө
• Тери астына кадалуучу аппарат (3 жыл жүрөктүн кагышын текшерип турат, аритмия болгон учурда автоматтык түрдө жазып алат)
Дары жана операциялык жол менен дарылайт
Дарылоону кардиолог же кардиолог-аритмолог жүргүзөт.
1. Дары-дармек берүү аркылуу;
2. Операция жолу менен:
• Радиожыштыктуу аблация. Бул ыкма бардык тахикардияларда колдонулат жана 100 пайыз жыйынтык берет, аритмиядан кутулууга болот. Мында жоон сандын кан тамыры аркылуу электрод жүрөккө киргизилет. Операция 30 мүнөттөн 2 саатка чейин жүргүзүлөт. Оорутууну сездирбөөчү дары сайылат, жалпы наркоз берилбейт. Операциядан кийин бейтап 2-3 күндө үйүнө чыгарылат жана дарттан биротоло кутулат.
• Электрокардиостимулятор (ЭКС) тагуу. Бул аппарат жүрөк жай кагып калганда тагылат. Аппарат жүрөктүн булчуңдарын активдештирүү үчүн импульстарды иштеп чыгарып, жүрөктүн калыптагыдай согуусун шарттайт. Акырек сөөктүн асты 3-4 сантиметрдей кесилип, чөнтөкчө жасалат да, ал жерге ЭКС аппараты орнотулат. ЭКСтен чыккан электрод вена кан тамыры аркылуу жүрөккө киргизилет. Аппарат 10-15 жылда бир (батереясы түгөнгөндө) алмаштырылат.
• Кардиовертер-дефибриллятор. Жүрөктү токтотуучу аритмия жаралганда электр зарядын берип, жүрөктү кайра жандандырып ишке киргизе турган аппарат. Тагуу, колдонуу мөөнөтү ЭКС аппаратындай эле.
• Электропорация, азырынча Кыргызстанга келе элек. Мында жүрөктүн патологиялык импульс пайда кылып жаткан кичинекей бир бөлүгүнүн иштеши токтотулат. Муну менен аритмиянын оор түрүндө да жүрөктүн ыргагын калыпка келтирүүгө болот.
Жүрөк согушун ар дайым байкап жүрүңүз
• Тамырды кармап, жүрөк согушун байкап жүрүңүз. Эгер калыптагыдай сокпой жатканы билинсе, кардиологго текшерилип, дарылануу зарыл.
• Сергек жашоо образын карманыңыз
• Психикалык жактан чарчоодон, стресстен алыс болуңуз
• Дары-дармекти ашыкча ичпеңиз
• Дайым оор кара жумуш жасоодон качыңыз
Канымжан Усупбекова