Өткөн сандарда адам төрөлгөндөн баштап 7 жашка чейин кабыла турган кризистер тууралуу сөз баштаганбыз. Ал теманы улай өспүрүм курактан карыганга чейин бизди кандай кризистер күтөрүн талдай кетели. Психологдор “ар бир адам жаш курак кризисине кабылат. Болгону биринде билинерлик, айрымдарда билинбестен эле өтүп кетет” дешет. Сиз жаш курак кризисине кабылганыңызды сездиңиз беле, окурман?
ӨСПҮРҮМ КУРАК КРИЗИСИ (11-19 ЖАШ)
Эң популярдуу жана көпчүлүккө тараган кризис – өспүрүм куракта башталат. Бул куракта балада психологиялык жактан жетилүү мезгили башталат. Аң-сезиминде ата-энесинен “ажыроо”, өз алдынчалыкка жетүү милдетин алат. Бул процесс көпчүлүк учурда улуулар менен кагылышууларга алып келет. Бала өзүн эч ким түшүнбөгөндөй, чоңойгонун байкабай, теңине албай жатышкандай сезет. Анан чоңдорго баш ийбей, алардын айтканы туура эмес экенин жүрүм-туруму менен далилдегиси, айткысы келет. Муну баланын ата-энесинен бөлүнгүсү, өз жолун тапкысы келген сепарация процесси деп түшүнүү керек. Бала ата-энеден, үй-бүлөлүк эреже, салттардан тышкаркы жашоо кандай болорун көргүсү келет. Ага мектеп, достору, көчөдөгү адамдар, коомдук транспорттогу окуялар, сыналгы, телефондо көргөн, окуган нерселердин баары таасир этет. Өзүнүн жашоо стилин тапкысы келет, тегеректеп турган нерселерден кайсынысы туура экенин, кайсы багыт, кайсы кийинүү стили, сүйлөө речи жарашарын, жагарын изилдей баштайт. Психикадагы мындай өзгөрүүлөрдүн баары жаш куракка байланыштуу, өспүрүм үчүн мурдагы балалык ишенимде жашоо чеги тар болуп калат.
Өспүрүмдүн психикасында эле эмес, денесинде да өзгөрүүлөр орун алат. Гормондордун өзгөрүшүнө жараша маанайы да бат-баттан өзгөрүлөт. Ата-эненин аброю төмөндөп, өзү теңдүүлөрдүн таасири өсөт.
Эмне кылуу керек?
Бул мезгилде ата-эне баладагы метаморфоздорго түшүнүү менен мамиле жасап, аброюн кабыл албай жатканына күнөөлөбөй, өзү да стресске түшпөшү керек. Өспүрүмгө тандоо эркиндигин берүү маанилүү. Ооба, сиз балаңыздын жашоосундагы негизги адам болбой калдыңыз, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эми ага өзүнүн жеке пикири бар чоң адам болуусуна уруксат берүү кажет. Кагылышуу чыккан учурда үстөмдүк көрсөтпөй, алгач угуңуз, “менин оюмда мындай кылганың туура, а сен кандай ойдосуң?” деп анын ою менен эсептешиңиз, керек учурда дайыма колдой турганыңызды, жакын адамы экениңизди сездириңиз. “Бул өспүрүм курактын кризисине кабылды, өтүп кетет” деп кол шилтебей, дайыма жашоосунда бар экениңизди көрсөтүңүз, убакыт, көңүл, мээрим, сүйүү бөлүңүз.
ЖАШТЫК КРИЗИСИ (20-35 ЖАШ)
Өспүрүм курактан кийин адам баласы жаштык кризисине кабылат. Бул кризис 20-35 жаш аралыгында жүрөт. Адам өзүнүн жана башкалардын үмүтүн актагысы, мыкты жумуш, көп акча, үй, машина жана башкага жеткиси келет. Башкаларга өзүнүн эмнеге жеткенин көрсөтсөм дейт. Амбициялар толуп-ташып турган курак, өз келечеги үчүн өзү толук жоопкерчиликте. Окуу жашоосу бүтүп, жумушка кирүү процесси башталат. Алгачкы жумуш, кесиптештер менен иштешүү, мектептеги, университеттеги дос-курбуларынан алыстап, жаңы адамдар менен таанышуу жүрөт. Ата-эне, мугалим сыяктуу адамдардын таасиринен толугу менен чыгып, өз жашоосун өзү түптөй баштайт. Эмне жакшы, эмне жаман экенин өз жон териси менен сезет.
Чейрек жашоо кризиси биз минималдуу турмуштук тажрыйбага ээ болгон учурда пайда болот. Коомчулукта эрежеге айланган иш-аракеттерди кылабыз: мектептен кийин – университетке, андан кийин иштөө керек, андан кийин үй-бүлө, анан балалуу болуу керек деген. Анан көптөр үчүн мурда бааланбаган эркиндигин жоготуу сезими жаралат. Артка кайрылып, жашообузду талдай баштайбыз “мен киммин? Мен эмнени каалагам? Эмнеге жеттим? Эмнеге кол шилтедим” деп. Өзгөчө 30 жаштан баштап адам кайрадан өзүн издеп, жаңы максат коюп, өзүнүн кызыкчылыктарын алдыга койгонго аракет кылат. Жумуш которуу, жаңы хобби, түрдүү ийримдерге жазылуу сыяктуу өзгөрүүлөр жакындарына жакпай кагылышуулар чыгышы мүмкүн. Бул учурда жакындардан колдоо, түшүнүү гана керек экенин эстен чыгарбоо керек.
ОРТО КУРАК (44-60 ЖАШ)
40 жаштан баштап адамда жашоодон ырахат алуу каалоосу күчөйт. Андыктан бул куракта кризис көбүнчө байкалбай өтөт. Адам өз жашоосуна толук көзөмөлгө ээ, финансылык туруктуулукка жеткен, чечим чыгарууда эркиндикке ээ, байланыш-катыш дегендердин саны өскөн. Физиологиялык жактан билинер-билинбес өзгөрүүлөр орун алганы менен, келечекке койгон амбициялары дале чоң. Дал ушул куракта адам “жашоомо ыраазымынбы, түгөйүм мага татыктуубу же?” деген суроолорду бере баштайт. Айланадагы адамдарды кайрадан талдаганга, тандаганга өтөт. Статистика боюнча, ушул куракта түгөйлөрдүн ажырашуусу күч алат. Балдар чоңойгон, мурдагыдай кам көрүүнү талап кылбайт, демек, түгөйлөрдү жипсиз байлаган факторлор аз, ажыраша берсе болот деп ойлошот. Демек, бул курактагы кризисте да абайлап өткөнгө аракет кылуу зарыл.
50 жаштан кийин адамдын физиологиясында байкаларлык өзгөрүүлөр орун алат, өнөкөт оорулар пайда болуп, карылык жакындап жатканы сезилет. Организмдеги өзгөрүүлөргө жараша коркунуч да жаралат.
УЛУУ МУУНДУН КРИЗИСИ (60+)
Бул курактын кризисин “бош уя кризиси” деп да аташат. Балдары чоңоюп, бөлүнүп, керекпи, өздөрү бала-чака күтүп, ата-эне статусунда жашап калган убак. Өткөн жашоосуна саресеп салуу, азыркы менен салыштыруу, келечегине өзгөртүү киргизе албагына өкүнүү сезими жаралат. Бардык жакшы нерсе артта калып, алдыда жалгыздык жана түркүн оорулар күтүп жаткандай болот. Психикасындагы бороон-чапкынга физиологиясындагы өзгөрүүлөр, алсыздык, ооруларга туруштук бере албай калганы кошулат. Жашоосундагы өзгөрүүнүн дагы бир далили – пенсияга чыгуусу. Убакыттын агымы менен айланасында өзү теңдүүлөр четинен о дүйнөгө кете баштаганда чочулоо, коркуу сезими күчөйт. Психикасындагы мындай басымга туруштук бере албагандар өзүн таштап, баарына кайдыгер мамиле кылганга өтөт.
Эмне кылуу керек?
Улуу муундагы адамдар өзүнүн баалуулугун, керектигин сезип жашагысы келет. Андыктан дайыма кеңеш сурап туруңуз. Анын айткандары, тарбиясы азыр да керек болуп жатканын байма-бай айтып, далилдеңиз. Жалгыз калтырбоо керек. Көп сүйлөшүңүз, билсеңиз да сураңыз, жаңы жерлерди көрсөтүңүз, алаксытыңыз, кагып-силкпеңиз – анткени кары адамдын көңүлү назик гүлгө айланат. Болбогон нерсеге таарынып калышы ыктымал. Өзүңүздүн дале бала экениңизди, ата-энеге өмүр бою муктаж экениңизди сездирип туруңуз.
Асыл Орозбекова