Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 18-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун эки сот аткаруучусун жана судьясын жемкорлукка шектеп кармады. А.А. жана М.Т. аттуу сот аткаруучулар жарандардан мыйзамсыз акча талап кылышып, сот чечимин атайылап создуктуруп келишкен. Ал эми судья жарандык иш боюнча оң чечим убадалап жарандардын биринен 22 миң доллар пара алган деп шектелүүдө.
УКМК мындан тышкары Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясын "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык" жана "атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу" фактысына шектеп 17-февралда кармады.
11-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районунда дагы бир сот аткаруучу кармалганын айта кетели. Бакай-Ата райондук Сот департаментинде иштеген сот аткаруучу Ш.А. райондук салык кызматынын жетекчиси Ж.Б. жана жеке ишкер Ч.М. кармалды. Алар "16,5 гектар аянттагы көлмөнү мыйзамсыз арзан баага сатып, мамлекетке зыян келтиришкен" деп айыпталып жатышат. Ошентип "мыйзамдуулукту туу тутат, адилеттиктен тайбайт" делген соттор өздөрү паракорчулукка шектелип кармалып жатышат.