Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору 17-февралда коомдук талкууга коюлду.
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, өлкө боюнча көп мандаттуу 30 шайлоо округу түзүлүп, анда можаритардык систем боюнча шайлоо өтүп, ар бир округдан көп добуш алган алгачкы үч талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланат. Аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнүп, шайлоодо талапкерлердин добуштары тең болгондо, каттоо үчүн биринчи болуп документ тапшырган талапкер жеңүүчү деп саналат. Талапкерлер шайлоого саясий партиялардын атынан же жеке өзү катыша алышат. Депутаттын кызмат орду бошогон учурда кайра шайлоо өткөрбөстөн, ошол округдан добуштардын саны боюнча кийинки орунду ээлеген талапкерге мандат берилет.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев.
Буга чейин депутат Нурбек Сыдыгалиев бир мандаттуу округдардан шайлоону жокко чыгарууну сунуштаган. Ал бул сунушун казынага кошумча чыгымдарды алып келип жатат деп түшүндүргөн.