Орусияда Кыргыз жараны “террорчулардын кылмышын актаган” деп 3 жылга эркинен ажыратылды

Москва шаарында жашаган Кыргыз жараны Бекзат Абдинасир уулу 3 жылга эркинен ажыратылды. Орусиялык басылмалар ал “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы терактка байланышкан иште күнөөлүү деп табылганын жазышты. Тагыраагы, мекендешибиз аталган борбордогу теракт жасоого айыпталгандарды кубаттап мессенжерлердин бирине билдирүү жазган. Орусия ЖМКларынын билдиришинче, ал “Красавчик” жигиттер, мындай кылыш үчүн да чоң эрк керек. Бирок алардын кармалып калышы өкүнүчтүү” деп жазган.

30 жаштагы Бекзат Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “терроризмге коомдук чакырык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Айта кетсек, 2024-жылы аталган борбордо болгон терактта 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ушул окуядан кийин Орусиянын мигранттарга, анын ичинде Кыргыз мигранттарына карата мамилеси катаалдады. Орусияда иштеген мекендештердин жашоосун кыйындатчу мыйзамдар Орусия депутаттары тарабынан кайра-кайра сунушталып жаткан учур.   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1158, 21-27-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан