(Башы өткөн сандарда)
Жулмалашкан эки аялга арачы болгондор да бири-бири менен уруша кетишти. Тагыраагы, аялына болушмак болгон Ильясты Айымды коштоп келген туугандары көптөп “баары сенин айыңдан болуп жатат, аялыңа болушпай тилин тартсын де, өзү биринчи кол салды” деп беттен алып жатышты. Чынында, Атыргүл сабыры түгөнгүчө чыдаган, Ильяс экөөнүн бактылуу отурганын көргөн Айым өзү биринчи урушту баштаганы ырас болчу. Уруш болгон жерде кимдин үнү катуураак чыгып, ким көбүрөөк догуруна берсе ошонуку туура болгондой көрүнө берет эмеспи. Бул абалда да эл көбүрөөк ызылдаган Айымдыкын туура көрүп жатышты. Бир маалда аэропорттун күзөт кызматкерлери келип эки жаат болуп урушкан тараптарды эки жакка алып кетишти. Колдору тытылып, көйнөктөрү айрылып кеткен Атыргүл көпкө калчылдап өзүнө келе албай турду. Ичинен күндөшүнөн таяк жегенине ызаланса, дагы бир саамда күйөөсүнө болгон жек көрүү сезими ойгонуп кетти. Бирок Ильяска үн каткан жок. Анын арачалап калуу аракетин Айымдын туугандары “аялына болушуп жатат” деп түшүнгөнүн сезди.
– Атыргүл, жакшысыңбы, суу алып келип берейинби?
– Кереги жок, Ильяс!
– Колдоруң канап кетиптир, келчи таңып берейин?
– Жок деп жатам.
– Жаным, баары менин айымдан болуп жатат. Түшүнөм, кечирчи жаман күйөөңдү,- Ильяс акырын басып келип Атыргүлдү кучактап жубатканга аракет кылды.
– Жолобо мага, Ильяс! Ачуум тарабай жатат, азырынча жолобо. Ушул ажаан, эркектен кыйын мушташкан катындын койнунда кантип жаттың? Карачы бетимде тамтык калган жок. Эл “эки аял эр талашып мушташып жатышат” дешти. Мен эч кимдин эрин талашкан жокмун. Тескерисинче, коё бергем. Мына сенин түнкү жортуулдарың ушул нерсеге алып келмек.
– Атыр, суранам, эзбечи, ансыз да өзүмдү жеп отурам.
Ильяс аялынын колун таңып, суу берип жатканда Баян кара чемоданын сүйрөп келип калды.
– Атыр жеңе, Ильяс байке!
Үчөө бири-бирин көрүп кучактап калышты. Ильяс карындашын көпкө өпкүлөп, улам кучактап көтөрүп, жерге коюп жатты. Бир туугандар аябай сагынышыптыр. Бири-бирине күйүмдүү, камкор болуп чоңойгонуна маркум энесинин таасири чоң эле. Дайыма чогуу дасторкондо чай ичип отурганда “балдарым, ата-эне менен бир тууган эч качан табылбайт, ошол үчүн дайыма бири-бириңерге жөлөк-таяк болгула” деп көп айтчу.
xxx
Баян Орусиядан келип эле эртеси ооруп калды. Климат алмашкангабы же келип эле күчтүү тамактарды, чучук, казы-карта жегенгеби, ашказаны, башы ооруп тура албай калды. Абакка отуруп чыккандан кийин да саламаттыгы начарлап кеткен эле. Күндө ысык шорпо, имбирь чайын берип карап жаткан Атыргүл таң эрте кайын сиңдисинин бөлмөсүнө кирди.
– Баянка, жакшысыңбы алтыным, байкең экөөбүздү аябай тынчсыздантып жатасың?..
– Жеңе, жакшымын, баары бир абактын сыз камералары ден соолукту жейт экен. Абакка отуруп чыккандан кийин тез-тез ооручу болдум. Тумоолоп калсам деле 3 күн турбай жатып калам, иммунитетим түшүп кетти окшойт, чамасы.
– Алтыным, эми калыбыңа келесиң, бизде таза азык-түлүк, сүт-каймак, тоонун таза чөбүн жеген койдун этинен шорпо салып берип жатам. Бат эле мурунку калыбыңа келтиребиз, кам санаба.
– Макул, жеңе, кичине уктап турайынчы.
– Жок, Баян, бир жумадан бери жатасың, туруп таза аба жутуп короого чыгып отурчу, суранам. Келгенден бери короо-жайды деле көрө элексиң го.
– Жеңе, суранам жаным жер тартып жатат, уктап туруп эле эшикке чыгам, сөз берем.
– Макул...
Баяндын турбай жатканына тынчсызданган Атыргүл короодо малга чөп салып жаткан күйөөсүнүн жанына келип сөз баштады.
– Ильяс, Баяндын саламаттыгы начар, климатка шылтабай эртерээк ооруканага алып барып көрсөтөлүчү...
– Тамак ичип, сүйлөп эле жатат го, Атыргүл, чымындан пил жасабай туралы. Негизи, ыраматылык атам ушинтип чет өлкөгө иш сапарга чыгып кайра келгенде организми көнгүчө турбай жатып калчу экен. Баянга атамдан өтсө керек.
– Ии, ошондой эле болсунчу.
xxx
Чика Баянды Кыргызстанга узаткандан кийин өзү да мекенине кайтууга камданып жүргөн. Сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси Чиканын ата-энесинин алдынан өтүп, тойдун датасы да белгиленип калган эле. Кетерге жакын ага көп жолу жардам колун сунуп, колдогон Кадыр акесин жолугушууга чакырган. Кадырдын абалы чынында оор эле, аялы менен ажырашып, бөлөк батирде жашап жүргөн. Мурунку батирдеги чогуу жашаган тааныштары аялы ал кетери менен башка эркекти үстүнө киргизип жашап алганын “сүйүнчүлөшкөн”. Аялынын кылыгын бир эстеп кейисе, бир четинен Кыргызстанда жүргөн үч чиедей баласын ойлоп эт жүрөгү эзилип жаткан. Кадыр жолугушууга убактысынан кечикпей келди
– Ой-баай, Кадыр аке, эмне арыктап, жүдөп калгансыз?
– Ээ, Чынара, сен сураба, мен айтпайын, көйгөйлөрүм чачтан көп, минтип аялымдын кылганы мени сындырып койду. Жашагым келбей калды, ичип кетейин деп өзүмдү араң кармап калдым, ишенесиңби?..
– Ишенем, акем, баары жакшы болот...
– Уфф, өзүмдү начар сезип турам. Билесиң да оңго-солго басып жеңеңди көп ыйлаткам. Бардык өчүн менден бир чыгарып алды окшойт.
– Түшүндүм, акем, жакшы нерселер жөнүндө кеп кылалычы...
– Ошентеличи, өзүң кандайсың, Баянчы?
– Баян Кыргызстанга жеткен, Ильяс байкеси Баяндын баласын тааптыр, көрөсүз эми Баяндын жашоосу 180 градуска өзгөрөт. Мен болсо турмушка чыгып жатам, тоюбузга бир ай калды.
– Сонун жаңылыктар бар го силерде. Баянды узатканы бара албай калдым. Иштерим чыгып калды. Чика, уруксат берсең, бүгүн ичеличи суранам. Күйөөгө чыксаң мени менен чогуу ичип жүргөн күндөрдү деле сагынасың (күлүп).
– Макул, акем, сизге эч нерседен баш тарта албайм го.
Чика менен Кадыр ичип бир топ кызуу болуп калышты. Чика Кадырга суроо салды.
– Кадыр аке, чын эле Баянды узатканы эмнеге келген жоксуз, бир жолу ичип отурганыбызда ага жылуу сезимдериңиз ойгонуп жатканын айттыңыз эле...
– Эсимде, сен аябай кызгангансың, ээ, ошондо (күлүп)? Негизи, ошол нерсе өзүм менен калса, эч ким билбей эле койсо дегем. Кызуулугумдан пайдаланып кеттиң да...
– Баянга сүйүүңүздү арнап, мамиле курсаңыз деле болмок, бирок такыр аракет кылган жоксуз, эмнеге? Жаныңызда мен “доступная” болуп жүргөнүм үчүнбү?
– Чика, сен эми “профисиң” да, Москвада көп жылдан бери иштейсиң, көп жигиттерди элегиңден өткөрдүң дегендей, мени деле канча жылдан бери өткөрүп жүрөсүң...
Чика акырын колу менен Кадырдын оозун жапты..
– Чүшш, акем, экөөбүздүн “мамилебизди” эч ким билбейт, жадакалса Баян дагы, келиңиз ушул нерсени сактап калабыз. Күйөөгө чыксам деле сиз менен мамилемди улантканга даярмын, эгер макул болсоңуз.
– Жок, Чика, жолдошуңду бактылуу кылчы, суранам. Көп тоонун гүлүн жыттаган эркек катары айтам. Андан сенин баркың көтөрүлбөйт, алтыным...
– Сиз Баянды сүйөсүз, Кадыр аке, мен билем, ага кылган мамилеңиз аяр, назик, айтор, башкача. Ал бир нерсе десе көздөрүңүз бажырайып кетет. Эмнеге, менин андан эмнем кем? Баян да Кыргызстанда жүрүп окуучу кезинде эле бузулган кыз экен...
– Сенин Баяндан айырмаңды айтайынбы, Чика, бирок сен таарынбачы мага, макулбу?
– Макул, аке, айтыңыз...
– Сен акылдуусуң, көп нерсени билип, түшүнүп аң-сезимдүү жасайсың. Ал эми Баянда тазалык, аруулук бар, ал жашоосунда көп нерсени ишээнчектигинен жаңылып кылып алгандай сезилет. Аябай баёо кыз, митайымдыгы жок, жан дүйнөсүнүн тазалыгын сураба, аны менен бир жолу сүйлөшкөндө эле сездим, туйдум. Ал кызды деле өз кызыкчылыгым үчүн пайдалансам болмок, бирок дитим барбады. Тескерисинче, аны коргогум , жардам бергим келди, ишенесиңби?
– А менчи, мени эмнеге Баяндай коргогуңуз келбейт?
– Сен өзүң мени дос аке кылып алдың, Чика, досуң да, кээде каалооңду кандырган жигитиң да болдум. Кайсы жигиттер менен жатып, кимдерди акчага сындырганыңдан бери билем да. Мен андай сүйүүдө “тажрыйбалуу” кызды сүйүп калышым мүмкүн эмес эле. Сендеги нерсе бул баёолук эмес да, эсептешүү, балким, напсини тыя албоодур.
Чика Кадырдын сөзүнө чычалап кетип жаагына бир чапты...
(Уландысы кийинки санда)