Күйүт, арман, ый... Бишкектеги №72 мектепте сабалып каза болду деп айтылган 8-класстын окуучусу Аннас Айтбаевдин апасы Нуризакан Эрмекбаеваны кепке тарттык. Уулун жоготуп кыйналып турса да окуя боюнча ойлорун айтып берди. “Мектеп жетекчилиги окуяны жаап-жашырганы үчүн врачтар баламдын өмүрүн сактай албай калышты” дейт сыздаган эне.
«Жүрөгү чоңоюп кетиптир»
– Балам 8-класста окуп жаткан. 2025-жылдын 21-январында саат 8де баламды мектепке таштап, андан ары жумушка кеттим. Саат 10:39да класс жетекчиси чалып, “балаң ажатканадан жыгылып түшүп, 1-2 мүнөткө эс-учун жоготкон. Азыр медпунктта” деди. Мектепке саат 11:00 чамасында барып калдым. Медайым кан басымын өлчөдү, ал убакта балам жакшына эле отурган. Анан 5 мүнөттөн кийин “Тез жардам” кызматы келип, Аннастын дене табын ченеп, денесин карап “көгөргөн жери жок, үйүңөргө алып кете бересиңерби?” дегенинен макул дедим. Балам ордунан туруп эле “башым айланып, кускум келип жатат” деп калды. Балдар ооруканасына алып бардым. Врачтар текшеришти, анализ тапшырдык. Хирургдар баламдын ичин кармалап көрүп, “жакшына эле экен, бирок балдар уруп коюшкан окшойт” деп бири-бирин карап калышты. Палатага жаткырып, тамчылатма дары коюшту. Балам кусуп, башы айланып кыйналып жатты. Түнкү саат 10дордо хирург дагы текшерип, “боор жагы ылдый түшүп калыптыр го” деп калды. Рентгенге башын, ичин тарттырдык, “таза” деп жазып беришти. Кайра тамчылатма дары коюшту, бирок баламдын абалы жакшырган жок. Түнкү саат 12де хирург кайра келип, көрүп эле “хирургия бөлүмүнө, реанимацияга” деди. Алып кирип кетишти. Саат 3төрдө чыгып “жүрөгү чоңоюп кетиптир, мурун жүрөгү ооручу беле? Балдар уруп коюшкан эмеспи?” деп сурашты врачтар. Эжекеси, классташтары “жыгылды” дешсе, аларга ишенгем да, врачтарга “жыгылыптыр” деп жаттым.
«Врачтар шекшип балаңар сабалган жок беле деп жатышты»
– Эртеси эртең менен кардиолог көрүп, жүрөгү чоңоюп кетиптир деди. Баламды кардиологиянын реанимациясына которушту, ошол күнү кечинде жолдошум Орусиядан учуп келди. Эки күн бою врачтар “жакшы эле” деп жатышты. Анан эле “бөйрөгү иштебей калды, заарасы чыкпай жатат” деп дүрбөлөң түшүп калышты. Кардиологиядагы врачтар да “балаңарды уруп коюшкан жок беле?” деп сурап жатышты. Ошентип экинчи аптада боорунун иштеши начарлап, баламдын абалы оорлошту. 24-январь күнү балам окуган мектептин директору менен класс жетекчиси ооруканага барышты. “Мектепте видеобайкоо системи иштейби?” деп сурасак, “1 жылдан бери иштебейт” деп коюшту. Чыйпылыктап, “окуучулардан сурагылачы, мүмкүн, балдар чогуу энергетикалык суусундук ичкендир” десем, “жок, балаңыз жыгылган” дешти кайра эле. 4-февраль күнү эртең менен балам каза болуп калды...
«Классташтары баламдын сабалганын айтышты»
– Чындыкты баламдын досторунан уктук. Окуя мындай болуптур:
9-класста окуган И.Т., дагы 2 бала, үчөө баламдын классындагы 6 баланы ажатканага алып киришет. Баламды И.Т. бир-эки урганда жыгылып түшөт. Баламдын жанында турган окуучуну да урат. Анан балдарга “Аннасты тургузгула” дейт. Өйдө тургузушканда баламдын өңү купкуу болуп, көзү аңтарылып, эси ооп калат. Жерге жаткырышып, бетине суу чачышат, 3-4 мүнөттөн кийин балам өзүнө келет. И.Т. “бирден чыгып кеткиле, камераларга түшүп каласыңар” деп балдарды чыгарып жиберет. Анан жанындагы бала экөө Аннасты медпунтка алып жөнөшөт. Бирок ага чейин, менимче, “эч кимге айтпайсың” деп баламды коркутушкан. Медпунктта медайым эмне болгонун сураса “жыгылдым” деп жооп берет. Мага да “кулап түштүм” деп койгон.
«Чындыкты жашырышпаса балам тирүү калмак»
– Мектептин жетекчилиги да, жашы жете электер менен иштеген инспектор да баламдын токмок жегенин жашырышкан. Окуядан кийин мектептин видеокамераларын өчүртүшкөн. Баламдын классташтарын “эч нерсе деп айтпагыла, ызы-чуу көтөрбөгүлө” деп коркутушкан. Балдар го коркконунан айтышпады дейли, бирок эжекелери эмнеге жашырышты? Башында эле "балдар уруптур" дешсе, врачтарга так диагноз коюуга, дарылап аман алып калууга мүмкүндүк берет эле да. Баламдын жүрөк оорусу жок болчу. Төрөлгөндөн берки врачтардын текшерилүүлөрү, анализдери медкарточкасында жазылып турат. Баламдын достору башка балдар акча талап кылып, коркутуп келишкенин айтышууда. Мектеп рэкетчиликке көз жумуп, чара көрбөй келген. Буга бизде далилдер бар. Баламдын телефонунда “50 сом салып кой”, “500 сом котор”, “мынчанчы күнгө чейин 500 сом болуп калсын” деген аудиожазуулар, СМСтер бар. Аннас намыскөй болчу. Рэкетчилик боюнча айтчу эмес. Кылмыш иши калыс тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Мектептерде рэкетчиликти токтотуу зарыл. Болбосо, эртең баламдын окуясы кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Аннасым жароокер, боорукер эле. Ооруп калсам апалап жанымдан чыкчу эмес. Чет тилдерге кызыгып казак, кытай, түрк тилдерин үйрөнүп жаткан. Кичинесинде актёр болом десе, акыркы 2 жылдан бери врач болом деп айтып калган эле.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208-беренелери (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 16 жашар И.Т Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен тергөө иштери аяктагыча камакка алынды. Ал эми Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти №72 мектептин директору жана анын тарбия иштери боюнча орун басары, социалдык педагог жана класс жетекчиси жумуштан бошотулганын маалымдады. Кылмышка шектүү өспүрүмдүн жакындары жана адвокаттары азырынча комментарий берише элек.
Мектептеги зомбулукту ачыктаган башка окуялар
12-февралда Кара-Суу районунда 9 жана 11-класстын окуучулары мушташып, 9-класста окуган Адилет Турдубаев алган жаракатынан улам көз жумду.
13-февралга караган түнү Жумгалдын Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу уруша кетип, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабыркаган бала классташы менен телефон талашып уруша кеткенин, классташы учтуу нерсе менен сол санына сайып жибергенин билдирди. Милиция жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тартканын, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.
ИИМдин Тергөө кызматы Бишкекте жана Кара-Сууда катталган 2 окуя боюнча тергөө жүргүзүлүп жатканын, кимдин кылмышка канчалык тиешеси болгону аныкталарын жана соттун чечими менен күнөөлүүлөр жаза алышарын билдирди.
Мыйзамга ылайык, ден соолукка оор зыян келтирүү, адам өлтүрүү, опузалап акча талап кылуу сыяктуу кылмыштарга күнөөлүү деп табылган 14 жашка толгон өспүрүмдөр 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Мектептеги рэкетчилик токтойбу?
Мектеп рэкетчилигин токтотуу зарылдыгы тынымсыз айтылганы менен, токтобой келе жаткандыгы чындык. Баласынын тарбиясына көңүл бурбаган ата-энелердин жоопкерчилигин кароо керек деген да пикирлер көп айтылууда. Бул көйгөй мугалимдерди гана иштен кетирүү менен чечилбей турганы, ал үчүн комплекстүү чаралар талап кылынары түшүнүктүү болуп турат, сыягы.
Канымжан Усупбекова