Белок бизге эмне үчүн керек? Белоктордун негизги милдети – организмди калыбына келтирүү, куруу жана өнүктүрүү болуп саналат. Дээрлик бардык ферменттердин жана кээ бир гормондордун курамында белок бар. Белоктор антителолорду пайда кылууга активдүү катышып, организмди күчтүү иммундук систем менен камсыз кылат. Мына ушундай көп кырдуу кызматы бар. Макалабызда өсүмдүк белогуна, тагыраагы, белок көп кездешкен азыктардын пайда-зыянына токтолдук.
Курамына эң көп белок камтыган буурчактар (нокот, жасмык, буурчак, маш, соя) болуп эсептелет. Бул өсүмдүктөр белоктун эле булагы болбостон, организмди андан башка да пайдалуу элементтер менен камсыз кылат. Бирок ашыкча же туура эмес колдонуудан терс таасир алышыбыз мүмкүн экен.
ЖАСМЫК (ЧЕЧЕВИЦА)
Жасмыктын келип чыгуу тарыхы да биздин заманга чейин миңдеген жыл мурунку убакытка барып такалат. Байыркы Египетте жасмыктан түрдүү тамак-аштарды жана нан жасашкан. Ал эми байыркы Грецияда азык катары эле эмес, дары каражаты катары медицинада да колдонулганы айтылат. 12-кылымда жасмык бүт дүйнө жүзүнө кеңири тараган. Азыр жасмыктын бир нече сорту бар. Учурда эң ири жасмык плантациялары Индия, Канада, Түркия, Непал жана Иран өлкөлөрүндө жайгашкан.
+ Пайдасы
Биринчиден, организмге оңой сиңүүчү белок көп. Экинчиден, башка буурчак түркүмүндөгүлөргө салыштырмалуу жасмык темирге, В1 витаминине жана аминокислоталарга бай. Андан сырткары кальций, калий, магний, фосфор, омега-3, омега-6 да бар. Эми бул элементтер организмге кандай таасир берерин айталы. Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат, жүрөк-кан тамырдын абалын жакшыртат, кан басымды төмөндөтөт, организмде зат алмашууну жакшыртып, шлак, токсиндерди чыгарууга көмөктөшөт. Жасмыкты кант диабетинде да колдонуу жакшы.
– Зыяны
Жасмыкты ашказан-ичеги оорусу барларга колдонуу сунушталбайт. Андан сырткары дисбактериоз жана подагра оорусуна чалдыккандар да жебей эле койгону оң. Көп өлчөмдө жеп алганда аллергиялык реакция жаралышы мүмкүн. Курамында калий көп болгондуктан, нормадан ашык жегенде жүрөктүн, бөйрөктүн иштешине да терс таасирин тийгизет.
НОКОТ (нут)
Биздин заманга чейин 7 миң жыл мурун нокотту Жакынкы Чыгышта өстүрө башташкан. Андан ары Греция, Римге жеткен. 17-кылымда гана дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Европада алгач бул азыкты кофенин ордуна да колдонуп көрүшкөн. Азыркы учурда нокотту эң көп өндүргөн Индия, Пакистан, Түндүк Африка, Австралия, Түндүк Америка жана Мексика болуп саналат.
+ Пайдасы
Нокоттун курамында белоктон сырткары клетчатка да көп өлчөмдө. Андыктан ичегилерди тазалаганга, ич катуунун алдын алганга, салмак таштоого нокотту көп колдонушат. Курамындагы марганец, жез, магний, кальций, калий жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Ошондой эле кандагы канттын деңгээлин жөнгө салып турат. Зат алмашууну жакшыртат, булчуң, байламталарды азыктандырат, организмди токсин, шлактардан тазалайт, кан тамырлардын керегелерин бекемдейт. Омега-3, 6, В, В2, Е витаминдери чачты, тырмакты бекемдейт, терини жылмакай кылып, сулуулукту, жаштыкты сактаганга жардам берет.
– Зыяны
Буурчак түркүмүнүн бардык өкүлдөрүнө тиешелүү кемчилик нокотто да бар. Нокот ич көптүрөт, курамындагы фитин кислотасы минералдарды сиңирүүгө тоскоол болот. Нокотту ашказан жарасы, цистит, подагра, тромбофлебит дарты барлар абайлап колдонушу керек.
БУУРЧАК
Славян элдеринде жашыл буурчак Адамдын көз жашы деген уламыш бар. Бейиштен куулганда ыйлап отурган Адамдын көз жашы түшкөн жерден жашыл буурчак өсүп чыккан делет. Байыркы мезгилде башка азыктарды жегенге каражаты жетпеген адамдар гана жегендиктен, буурчакты “кедейлердин тамагы” деп коюшчу. Өстүрүүдө өзгөчө камкордукту талап кылбаган өсүмдүктүн баасы да төмөн эле. 16-кылымда гана буурчактын жашыл сортунун популярдуулугу артып, баасы да көтөрүлгөн. Ал эми жашыл буурчакты падышалардын дасторконуна кошкон француз ашпоздору болгон. Түрдүү рецепттерди ойлоп таап, акыры буурчак деликатес катары да санала баштаган.
+ Пайдасы
Өсүмдүк белогунун жана клетчатканын булагы болуп эсептелет. Андан сырткары фолий кычкылы жана К, А, С витаминдери бар. Башка буурчак түркүмүндөгүлөр сыяктуу эле тамак-аш рационунда дайыма буурчакты колдонуу менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, ошондой эле кандагы канттын деңгээлин жөнгө салса болот. Айымдар сулуулуктун булагы катары колдонсо болот, ал эми мырзаларга потенция маселесинде жардам берет. Тамак-аш сиңирүүнү жакшыртат.
– Зыяны
Сезимтал ичегилерде ич көбүү байкалат, ашказан-ичеги, панкреатит, бөйрөк дарттарында колдонгонго болбойт. Консерваланган жашыл буурчакта кант, туз көп болгондуктан, организмден ашыкча суунун чыгышына тоскоол болот, кан басымды көтөрүп, подагра, бөйрөктүн өнөкөт ооруларын козгошу мүмкүн. Консерваланган жашыл буурчакты 3 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмчек эмизип жаткан аялдарга да колдонуу сунушталбайт.
МААНИЛҮҮ! Буурчак, жасмык, нокотторду тамак-ашка колдонордон мурун сууга чылап коюш керек. Жакшысы, түнү чылап, эртеси таза суу менен жууп, анан бышырган жакшы. Эмнеге? Буурчак түркүмүндөгү бардык азыктардын курамында антинутриенттер (фитин кислотасы, лектин, сапонин) бар. Антинутриенттер – алардын аты айтып тургандай, аш болумдуу заттардын сиңирилишине тоскоол болуучу, өз алдынча уулуу, тамак-аштын азыктык баалуулугун төмөндөтүүчү кошулмалар.
КОСМЕТОЛОГИЯДА
Буурчак түркүмүндөгүлөрдү ашканада кеңири колдонуп келсеңиз керек. Эми үй шартында косметологиялык каражат катары да колдонгонду үйрөнүп алыңыз.
Чач бекемдөөчү маска
Чачты бекемдөөчү, азыктандыруучу маска жасаш үчүн 2 аш кашык нокот унуна 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Үстүнө 2-4 аш кашык ысык суу куюп (суюк ботко абалына келиши керек), жылуу абалга келгиче коюп коёбуз. Анан чачтын түбүнө тегиз сүйкөп, башты сүлгү менен ороп же топу киебиз. 20 мүнөттөн кийин шампунь колдонуп жылуу суу менен жууп салыңыз.
Колго маска
Фасоль жана буурчакты сууга жакшылап бышырып алуу керек. Ар биринен 1 аш кашыктан кошуп, ботко абалына келгиче эзебиз. Аралашманы колго сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жуусаңыз, жумшак, азыктандырылган териге ээ болосуз.
Асыл Орозбекова