Каныкей, ырчы: «Жолдошум мени ханыша кылам деген сөзүнө турду» 

Аялзаты сыртынан ар түрдүү көрүнгөнү менен,  көбүнүн каалоолору, тилектери жана эмоциялары окшош эле. Мисалы, бекем коргоодо экенин сезип жашоону жактырышат. Бул жолу белгилүү ырчы Каныкей жашоосундагы маанилүү орду бар мырзалар тууралуу баяндайт.

«Атамдын мээрими башкача эле»

– Адатта, ар бир эле бала, айрыкча кыз бала атасына жакын болот. Мен да атама жакын өстүм. Атамдын жашоосунда эң маанилүү адам экенимди кичинемде эле сезчүмүн. Ата мээримине тоюп чоңойгон кыздар гана ийгиликтүү болушат экен. Ата – кыздардын жашоосунда абдан чоң роль ойнойт жана кыздын келечектеги түгөйүн табуусуна таасир этүүчү маанилүү инсан экен. Атам мени абдан эркелетчү. Бир да жолу мага колу же үнү көтөрүлгөн жок. Пикиримди дайыма сыйлап турчу, бала катары мамиле жасабай, кичинемден эле чоң кишидей пикир алышчубуз. Интернет желесинен балдарын урган же андан жаман иштерди кылган аталарды көрүп үрөйүм учат. Эң бактылуу кыз болуп чоңойгонума шүгүр кылам. Атамдын мээрими башкача эле, мага абдан аяр мамиле кылчу. Менин мүнөзүмдүн калыптанышына, өзүмдүн баамды билип чоңоюшума атам таасир бериптир. Өспүрүм кезимде да мага көп акыл-насааттарын айтар эле.

«Атамды ошондо акыркы жолу көрүптүрмүн»

– Атамдын кичинемде жанымда болушу – бул жашоом балдай таттуу болуп, баары шыдыр кеткен дегендик эмес. Жашоо өзү сыноолор менен коштолот тура. Апам экөө кийин ажырашып кетишти. Биз атабыздан бөлөк, башка үйдө жашап калдык. Акыркы жолу атамды АКШга кетип жатканымда көрдүм. 2010-жыл эле, атам мени менен коштошууга келди. Коштошуп жатып “кызым, океандын ары жагына бара жатасың. Кай жерде болсоң да сак жүр, паспортуңду эч кимге бербе жана намыстуу бол” деп кеңеш айтты. Кийин ойлосом, ошол сөздүн мааниси терең экен. Мен чыгармачыл жолду тандап, көп өлкөлөрдө жүрдүм. Ар кандай жагдайлар болду дегендей. Бирок эч качан атамдын ошол сөзүн унутпадым. Азыр деле ал сөздөр кулагымда, турмуштагы оор убактарда анын ошол кеңеши мага кадимкидей жардам берди. Тилекке каршы, өлүм деген эч кимди аябайт тура. Атамдан калган аманат – бул намыс менен жашоо принциби. 

«Жолдошум чыныгы эркектик сапаттарга ээ инсан»

– Жашоомдогу дагы бир маанилүү мырза – жолдошум Медер. Ал мени мүнөзү менен арбады. Анткени ал дагы атама окшоп токтоо, акылдуу, жоош. Эң негизгиси – мени сүйөт. Жашоодо таамай айтылган бир кеп бар, "кыз сүйсө калат, эркек сүйсө алат" дешет. Мен жолдошумдун биринчи сүйүүсүмүн. Жылдызыбыз келишип, баш коштук. Анын үй-бүлөсү башында каршы болуптур. “Кой, артист аял менен жашоо кыйын болот, жакшылап ойлон, балам. Жакшылап ойлондуңбу?” – деп ыраматылык кайын энем кайра-кайра сураптыр. Медер эч нерсеге карабай мага үйлөнгөн. Акыры жаман болгон жок. Мончоктой болгон бир уул, бир кызыбыз бар. Медер балдарына мээримдүү, тиричиликке бышык, аялына сый менен мамиле кылган чыныгы эркектик сапаттарга ээ инсан. Бардык жагынан камы күчтүү эркекти тандаганыма сыймыктанам

«10 жыл чыдап кой, баары жакшы болот дечү»

– Башында айткандай, менин жашоом жомоктогудай болуп кеткен жок. Көп кыйынчылыктар болду, жеңилүү, жеңиш, чыйралуу, баары. Бардык жаш жубайлар басып өтө турган жолду биз да басып өттүк. Биз АКШдан көчүп келгенде айылдагы жашоону көрүп “жашоо деген ушундай турбайбы, эми кандай болот?” деген ойлор келди. Ошондо жолдошум мага “Каныкей, мага ишен, бизде баары жакшы болот. 10 жыл чыдап кой, сен ханыша болосуң” деди. Мен ошол жылдар качан өтөт деп күн санап жүрдүм. Сиздер деле билесиздер, турмушка чыккандан кийин иштебей үйдө отурдум. Бала төрөдүм, аларды тарбиялап чоңойттум, күйөөм менен эриш-аркак мамилени түптөдүм, үй курдум. Ашыкча бир дагы кадам жасабай он жыл бою күйөөмдүн сөзүн угуп жашадым. Сабыр менен өткөргөн ошол жылдардан кийин мен каалагандай жашоо келди. Азыр балдар чоңойду, баары өз жайына түштү, эми саресеп салып карасам, баары бир беткей болуп, жашообуз гармонияга келиптир. Азыр ханышамын. Күйөөм сөзүнө турду, ханыша кылды. Баарына шүгүр кылам жана бактылуумун! Албетте, бул жашоого сыйкырдуу таякчанын жардамы менен келип калган жокпуз. Эки тараптан тең аракет, сабыр талап кылынды, ынтымактуулук жемишин берди десем болот. Аял-күйөө бир пикирде болгондо гана ийгиликтер агылып, үй-бүлө деген араба жүрүп баштайт экен. Ал башка жакка, мен башка жакка тартсам, анда азыркыдай гармонияга жетет белек, билбейм.

«Агам эл көзүндө болууну жактырбайт, ошондуктан ал тууралуу көп айта бербейм»

– Бир тууган агамдын орду бийик мен үчүн. Жалгыз бир тууганым бар, аты – Марат. Эл көзүндө болууну жактырбайт, ошондуктан ал тууралуу көп айта бербейм. Агамдын үч уулу бар, чет өлкөдө жашайт. Агам – аска-зоом. Кичинемден эле ага сый-урматым бийик. Бир жолу этика сабагынан мугалим суроо берип калды, “конокко барсаңар тарелкадан канча конфет алмаксыңар?” деп. Мен “эки конфет” деп жооп бердим. Анткени бири өзүмө, экинчиси агама эле. Кызыгы, ошол учурда ата-энеме да алыш керек деп ойлобоптурмун. Бир туугандык деген башкача сезим да. Жашоомдо бир тууганым көп жардам кылды. Студент болгонумда акчасын төлөп окутту, каралашты. Азыр деле кээде маселе жаралса агамдан кеңеш сурап калам. Күнбү, түнбү, дайым байланышта. Каржылык жактанбы, моралдык жактан болобу, дайыма колдоп келет. Ыраазымын.

«Уулум Алим комузга кызыгат экен»

– Эң сүйүктүү жана эрке мырзам – уулум Алим. Алгачкы наристем болгондуктанбы, аны жарыкка алып келүү бир башкача сезимдер менен коштолду. Өзү да мен тараптагыларга окшош, кызым атасы тарапка окшош. Балам комуз ийримине барчу, байкасам, аябай кызыгуу менен комуз чертип калыптыр. Өзүм чыгармачыл чөйрөдө болгонум менен, балдарымды ийримдерге берип, эл көзүнө койгум келбейт. Музыкалык шык бар экен деп калдым. Алимим менин абалымды каш-кабагымдан түшүнөт. Эркек бала апасына жакын болот деген чын экен. Уулум намыстуу, адилеттүү, акылдуу, элдин уулу болсун деп тилек кылам.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан