Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Элес бир топко үн катпай отурду да акырын сөз баштады.

– Балдарыбыз менин айымдан жоголду, апа. Баары менин айымдан болду. Али мени ошол үчүн кечире албайт. Чындыкты билгенден бери менин көзүмө карап сүйлөй элек. Аныкы да туура, башка адам болгондо бетиме түкүрөт эле. Ал үчүн мен ушундай бир жийиркеничтүү адам болуп турам. Туура, кайсы эркек, кайсы ата кечирмек эле менин жоругумду? Мен өзүмдү кечире албай жатсам, мени башка бирөө кантип кечирмек?..

– Эмне болду эле?

– Бул окуя менин 16-17 жашымдан башталат. Паспорт алгандан кийин таякемдин үйүндө тура албай койдум. Ох, апа, мен ал үйдөн ушунчалык кыйналдым. Таажеңем мени түндө тургузуп иш кылдырган учурлар болду. Кагып-силкип, деги бир жакшы жагымды көрчү эмес. Окууну бүткөнгө чейин араң чыдадым. Паспорт аларым менен бул жерден кетем деп чечим чыгарып койгон элем. Акча таап, окууга тапшырам деп ойлодум. Өз жанымды өзүм багып кетем деген пландарым бар эле. Качып кеттим. Ысык-Көлдө бир пансионатка официант болуп ишке орноштум. Туура эмес чөйрөгө туш болуп калдым. Алдап, мени бирөөгө салып беришмек экен, эми ойлосом. Дагы жакшы, бактыма жакшыраак адам жолугуп калыптыр. Болбосо, мен азыр кайда жүрөт элем, ким билсин? Ошол жактан Лимон менен тааныштым.

– Лимон?

– Өз аты башка, крим чөйрөдө аты Лимон эле.

– Кызым, коркутпачы мени...

Зейнептин көздөрү алайып кетти.

– Жок, күч колдонуп же эркимден тыш эч нерсе кылган жок. Бир көргөндө сүйүп калдым дечү. Мен жаш элем да, апа, бардык нерсе күлгүн түстүү көз айнек кийип алгандай көрүнөт эле. Мен көрбөгөн дүйнө, түшүмө кирбеген акча, көңүлүмдү карап, көзүмдүн карасы менен тегеренип турган эркек. Бүтүндөй жашоом ушундай болот экен деп ойлодум. Алдандым. Башында Лимондун эмне иш кыларын деле түшүнгөн эмесмин. Өзүмдү майрамдык кечеги барган Золушка сезип, мага жомоктогу ханзаада жолуккандай бактылуу болуп жүрдүм. Бирок ал жомоктун аркасы трагедия менен бүтөрүн кайдан билдим?.. Жашоомдогу эң оор трагедия болорун кайдан билмек элем?.. Окуйм дедим. Эң кымбат окуу жайлардын биринен окутту. Никебиз бар эле, бирок расмий түрдө аял алганга болбойт эле Лимонго. Эмнеге экенин азыр деле толук түшүнбөйм. Ал тургай анын жашоосунда менин бар экенимди катуу сыр кылып сактады. Билишимче, мен анын алсыз, талуу жери элем. Аяганды билбеген, мүнөзү катаал адамдын аялуу адамы жалгыз мен болчумун. Ал да ата-энесинен эрте ажырап, көрүнгөндүн колунда чоңоюп, ошол калпыс жолго түшкөн экен. Эми ойлосом, бизди бириктирген сүйүү эмес, өтмүшүбүз эле. Анткени менин кайсы жеримден жараланганымды ал билчү, аныкын мен билчүмүн. Анын жашоосунда аздектеген жалгыз адамы мен элем. Кийин мен чоңойдум, мага анын бергендери аз көрүнө баштады. Башында хан сарай көрүнгөн үй тар сезиле баштады. 16-17 жашымда жолуктум дебедимби... Биз он жыл чогуу болдук. Кийин Алини жолуктурганымда гана мага эмне жетпей жүргөнүн, Лимон кааласа да бере албай турган эмне экенин сездим. Жүрөгүм эмнеден улам кысылып, кыйналып жатканымды билдим.

Элес ойлонуп калды. Көз алдына Лимон аны акыркы туулган күнүндө куттуктап жатканы тартылды. Элести ал суук көздөрдөн абдан коргочу. Бир ресторанды бошотуп, ичинде экөө гана отурушту. Үлбүрөгөн шамдардын жарыгында отурушту. Элес мурункудай толкундабай, бул шаан-шөкөттүн ага кереги жоктой маанайсыз эле.

– Сага эмне болду?

– Эч нерсе.

– Мунун баары сен үчүн...- деди эки колун жайган Лимон. Элестен көзүн албай карап турду. Айрым адамдарды ушундай бир тиктейт эле, куду анын ичиндеги сезимдерин окуп жаткандай тиктечү.

– Сени кубандыра албадымбы?

– Мага мунун баары ашыкчадай сезилип жатат.

– Сен чоңоюп бара жатасың, кичинекейим!- деди Лимон кайгылуу үн менен. – Сенин чоңоюшуңду мен каалабайт элем.

– Эмнеге?

– Акылдуусуң. Баамчылсың, чоңойгон сайын сага башка нерселер керек боло баштайт. Сени мындан ары жашыруун алып жүрүү оор. А мени билесиң, бул жолдон артка тарта албайм. Өтө коркунучтуу жолдомун, билем. Бирок сени да коё бергим келбейт. Мен сени ушунчалык сүйөм, кичинекейим. Сенин акылың жетпегендей сезим бул.

Лимондон Элеске чын эле күчтүү тартылуу бар эле. Бирок андан да күчтүүсү – анын статусу, “каралар” чөйрөсүндөгү бийлиги болчу. Экөөнүн бирин тандашы керек. Акылы жеткени менен, экөөнүн бирин тандашка эрки жетпей жүргөн.

– Анан?

– Эмне анан?

– Ошондой күчтүү сезимиңиз бар экен, аял-күйөө болуп эмнеге ачык жашай албайбыз?

– Мына, чоңойдуң. Сага да кадимки аялдык жашоо керек болуп баштайт. Бала төрөгүң келет. Мага андайдын кереги жок. Душмандарым сен аркылуу мени жок кылабы деп корком. Же сени жок кылабы деп... Ушундай эки оттун ортосунда келе жатканыма жылдар болду.

Элес аябай коркуп кетти, өз жашоосу үчүн, келечеги үчүн коркту. Аны да Лимон сезип койгонун карасаң...

– Сен мен үчүн баарынан баш тарта алат белең?

– Жок.

– Туура, сен мен сүйгөнчөлүк сүйбөйсүң. Аны да ачык айтасың. Бетке айтканың жагат. Бирок билип кой, мен сенин тагдырыңмын. Менден башка эч ким болушу мүмкүн эмес. Сен меникисиң!

Оорулуу сүйүү болчу Лимондуку. Ушул сүйлөшүүдөн көп өтпөй эле ал түрмөгө түшүп калды. Элес үчүн анык тозок ошондо башталды. Лимондун кызганычы жиндилик деңгээлге өтүп кетти. Ар жумада “жолугушууга кел” деп талап кыла баштады. Барганда да шектенип, сурамжылап, эзип, кээде коркутам деп денесин оорутуп койгонго өттү. Мунун баары Элестин көңүлүн калтырып жатты. Ал үчүн Лимондун “сүйүүсү” түрмөгө айланды. Ошол мезгилде анын жолунан Али Акай чыкты. Тагдырдын бир белеги катары эле бул адам. Лимонго аргасыз жолугууга барып, көңүлү ооруп жолдо келе жаткан. Машинеси бузулуп калды. Бирөө терезесин чертип калды. Баш көтөрсө келишимдүү жигит турган экен. Айнекти ачты.

– Салам.

– Саламатсыз...

– Бузулуп калдыбы машина?

– Ооба.

Үнү коңур жана жагымдуу экен. Кайыгып турган көңүлүнө жылуулук чачкандай жаны жай ала түштү. Ары жак, бери жагын чукулап отуруп машинесин оңдоп берди. Шаардык, интеллигент көрүнгөн жигит карала-торала болуп машине оңдой алат деп ойлобогон эле. Чындап эле ыраазы болду.

– Чоң рахмат!

– Эч нерсе эмес, рахматтын ордуна атыңызды айтсаңыз...

Элес күлүп жиберди.

– Оо!- деди жигит таң кала.

– Эмне болду?

– Күлкүңүз да сиздей сулуу экен...

– Атым Элес.

– Али. Баса, Акайы да бар, эгерде Инстаграмдан издеп калсаңыз,- деди тамашалаган жигит.

– Өзүңүзгө анчалык ишенбеңиз, издебейм деле...- деди муңайым жылмайган Элес.

– Эмнеге, жаккан жокмунбу?

– Жактыңыз, бирок издебейм,- деди Элес жолугушуу сайын телефонун текшерген Лимонду эстеп.

– Анда телефон номериңизди сурайын. Сиз издебей, издете тургандардан экенсиз.

– Жок, номеримди да бере албайм,- деди капалуу Элес.

– Мен баары бир табам.

– Хм, издебей койгонуңуз өзүңүзгө эле жакшы.

Коштошуп, экөө өз жолдоруна түшүп кетишти. Элес биринчи жолу кызыктай сезимге кабылды. Басса-турса көз алдында, акылында жылмайган Али турат. Сүйүү деген ушубу деп жатты өзүнө...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан