Кайсы окуя эсиңизден кетпейт

Адатта, спортчулар аз сүйлөшөт. Жыйынтыкты сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз дегендер дал ушулар. Машыгуу, машыгуу жана машыгуу. Бул жолу кыргызга таанымал спортчуларга кайрылып кандай кызыктуу окуялар эсинде калганын сурадык. Көбүнүн окуясы тараза, салмакка байланыштуу экен... 

Келдибек Атайбеков, спортчу: «Таразага түшөрүмдү билип туруп тамак жеп алганда...»

– Бул окуя эч эсимден кетпейт. 2022-жылы жай саратанда Өзбекстандын Хива деген шаарына мелдешке бардык. Күндүн ысыгы 50 градустан жогору эле. Ал жакта достор бар, сый көрсөтөбүз деп конокко чакырышканынан “эртең таразага түшөм, ошондон кийин барайын” десем болбой коюшту. Конок койдон жоош деп барып бердик. Палоо даярдашкан экен, салмагым ашып кетсечи деп коркуп, ичимден сарсанаа болуп жаттым. Ошентсе да “мейли” деп алдымдагы тамакты түгөтө жедим. 2-3 сааттын ичинде салмагыма 4 килограмм 800 грамм кошулуп кетиптир. Анан кыйналганды көрүп алыңыз... Эртеси саат 12ге чейин таразадан өтүш керек. 51 градус ысыкта башыма калың шапка, үстүмө спорттук күрмөнү кийип алып чуркап жүрөм. Жайкы аптап, көчөдө жан киши жок. Ошентип бир жарым саат чуркап салмакты тууралагам. Билип туруп тамак жеп алганыма, чакырган досторума бир күлкүм келсе, бир жиним келет. Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет деген ушул да (күлүп).

 

Эржан Тургунбаев, көк бөрүчү: «Атчылар түтпөй...»

– Өзүм ат караган жактан чыргоомун. Атты чала тазалап койсо кайра тазаламайын көз жумуп коё албайм. Атты жакшы караган жагат. Аттарды шамалга жетелесе бат эс алышат да. Ушуга байланыштуу бир окуя айтып берейин. “Биримдик Аю” командасы менен оюнга катышып жүргөн кезде Сокулукта машыгуу жыйын өтчүбүз. Өмүрбек деген байке ат караганга жардамдашып калчу. Улан Насакеевге кошулуп улакка кетебиз. Келгенде аттарды Өмүрбек байкеге дайындап “шамалга жетелеңиз” дей берчүмүн да. Ал “мен силердин жалдап алган атчыңар белем?” деп тамашалап калчу. Ошентип жүрүп бир күнү Орусияга үй-бүлөсү менен кетип калып жатпайбы. Анан айылдагы Нурзат деген байкеме “келип жардамдашып коюңузчу” дедим. Ал дагы жардамдашып жүрдү. “Аттарыңды шамалга жетеле деп кыйнап жатып Өмкени да Орусияга качырдың” деп тамашалап жүрүп, өзү да бир жылдан кийин Орусияга кетип калса боло (күлүп). Азыр аттарды бир досум карашып жатат. Өткөндө ал дагы жөн турбай “аттарды шамалга жетелете берип Өмкени үй-бүлөсү менен, Нурзат байкени үй-бүлөсү менен Орусияга качырдың. Эми алардын артынан мен кетип калбаймынбы?” деп күлөт. 

«Машыктыруучу өчөшүп бизди түшкү ысыкта чуркаткан»

– Президенттин кубогуна карата Сокулукта машыгуу жыйын болуп жаткан кез. Мирбек деген машыктыруучу бар эле. Кечинде бизге “эртең менен саат 5:30да туруп чуркайбыз” деди. Макул дедик да, ал кеткенден кийин телефондорду өчүрүп, эшикти кулпулап туруп уктап калдык. Эртең менен келип эшикти такылдатты, турбай койдук. Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Улан Насакеев, Урмат Мусаев, айтор, балдар көп болчу. Унчуккан жок. Аңгыча шеф да келип калды. Түшкү тамакты ичтик. Анан эле машыктыруучу шефтин көзүнчө “азыр кросс” деди. Ошондогу күндүн ысыгы 38 градус, курсактын тойгонун айтпа. Бизге эрегишкен машыктыруучу асфальт жолду бойлото өйдө көздөй чуркатты. Асфальттан урган ысык бутту кайнатат. Жарымы кусуп артта калды. Биз “Белек” ат майданына жетип токтодук. Кайра маршруткага салып алып келип, мончого түшүрүп эс алдырган. Ошондон кийин сакпыз, азыр “кросс” дегенде саат 5:30да чекчейип туруп алабыз.

 

Нурадин Рустамбек уулу, мушкер: «Араң жоготкон салмакты торт жей коюп кайра кошуп алгам»

– Мелдешке бара турган болдук. Мен 46 килограммга баргым келип, агай “48ге эле бар” десе болбой “мага 46 жакшы болуп жатат” деп эптеп көндүрүп алдым да, билдирбей 48ден 46га түшөйүн деп салмак кубалай баштадым. Кара-Көлгө мелдешке бардык, анан балдар менен кечинде дүкөнгө барып калып торт жеп алып жатпаймынбы. Эртеси таразага түшсөм 47 килограмм 800 грамм дейт. Агай келип, “эй, сен 46га жакшы деп жатпадың беле” дегенде түндө торт жеп алганымды айттым. Айла жок 48 килограммга беттешип калгам. Ошентип бир нече күн кыйналып таштаган салмакты торт жейм деп кайра кошуп алгам.

 

Нурсултан Кеңешбеков, жөө күлүк: «Кыялдар ишке ашарын ошондо түшүнгөм»

– Кичинемде эле спортко абдан кызыкчумун. Ар кыл спорт түрүнө кызыгып, спортчу болгум келе берчү. 2010-жылы болсо керек эле, мектептен келип сыналгыдан Гуанжоудо өтүп жаткан Азия оюндарын көрүп отуруп калдым. Дал ошол учурда балбан Данияр Көбөнов алтын медаль жеңген. Биздин гимн ойнолуп жатканына, анын медаль тагынганына абдан таасирленип, "мен дагы, буюрса, ушундай болуп Азия оюндарына катышам. Ушулардай болуп медаль утам" деп кыялдангам. Ал кезде жеңил атлетика деген спорт бар экенин, чуркоо спорттун бир түрү экенин деле билчү эмесмин. Кийин жеңил атлетикага келдим, улуттук курамга кирип, 2018-жылы Жакартада өткөн Азия оюндарына катыштым. Ошондо 10 жашымдагы кыялданып отурган өзүмдү эстедим. Кыялдар, максаттар ишке ашарын ошондо түшүнгөм. Ошол Азия оюндарында эми Олимпиада оюндарына барам деп максат койдум. 3 жылдан кийин Токио Олимпиадасына бардым. Данияр Көбөновдон таасирленип, Азия оюндарына барам деген кезде профессионал спортчу болорумдан али кабарым да жок эле. 

 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан