Өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салган фактылар удаасынан кайталанып, коомчулук тынчсыздануу менен коңгуроо кагууда. 24-февралда Ысык-Ата районунун Будёновка айылында 11-класстын окуучусу асынган абалда табылганы жарыяланды. Азыркы тапта милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө, алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, баланын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Ушуну менен акыркы бир аптада эле үч өспүрүм өзүнө кол салганы ачыкталды. 24-февралда Ноокат районунда жана Каракол шаарында да ушундай учурлар катталды. Депутат Жанар Акаев 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өспүрүмдөр арасындагы суициддин күч алышы боюнча өкмөттү сынга алып, өткөн апталарда катталган мектептердеги зомбулук, балдардын өлүмү боюнча атайын жыйын өткөрүлбөгөнүн белгиледи. Акаев түзүлгөн жагдай боюнча ыкчам чараларды көрүү керек деген пикирде. "Өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү мамлекеттик трагедия деп эсептелет. Бизде болсо бул жөн гана статистикага айланып калды", – дейт депутат.