Кыргыз-Тажик чек арасы: Камчыбек Ташиев кайсы жер кимге өткөнүн жарыялады 

Көп жылдан бери чечилбей келген Кыргыз-Тажик чек арасы такталып бүтүп, эки тарап бир пикирге келгени жарыяланды. Тийиштүү документтерди 27-февралда Жогорку Кеңештин 5 комитети биригип талкуулады. 

Төрт-Көчө, Достук, “Головной”... 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасы кантип чечилгенин, кайсы жер кимге өткөнүн депутаттарга түшүндүрүп берди. Айтымында, жаңжал көп чыккан Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу статуска ээ болду. Тагыраагы, кесилишкен жолдун жээгиндеги 40 метр тилкени эки тарап тең пайдалана берет. Баткен районундагы Достук айылы (91 гектар) толугу менен Тажикстанга берилип, ордуна Тажикстандан 91 гектар жер тилкеси алынды. Достук айылына жаңы үйлөр курулган эле, алардын ордуна компенсация катары Тажикстандан кошумча 30 гектар суулуу жер тилкеси алынган. Кыргыз-Тажик чек арасындагы “Достук” жайма базары (12 гектар) коңшу өлкөгө берилип, ордуна Тажикстандын Лаккон аймагынан 25 гектар жер тилкеси алынды. Воруз анклавынын тегерегинен Тажик тарапка 1 миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан 1 миң гектар жер алынган. Көп жаңжалдын чыгышына себепкер болгон “Головной” суу бөлүштүрүү жайы тең экиге бөлүнгөнү белгилүү болду. Ал жердеги суу агызуучу 3 люкту эки өлкө 1 жарымдан бөлүп алганын билдирди УКМК төрагасы. Тажикстанга ошол люктун тегерегинен 3-4 метр жер берилип, ордуна Унжу-Булак тилкесинен 500 гектар (Чоң-Алайда), Сүлүктү шаарына кире бериштеги Кароол-Дөң тилкесинен 100 гектар, Катта-Туз тилкесин тең бөлүп алгандан тышкары, кошумча 150 гектар жер алынды деп маалымдалды. “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайындагы 1 жарым люктун ордуна 750 гектар жер тилкесин алдык”,- деди Ташиев. Мындан башка да жерлер боюнча алмашуу жүргөнү маалымдалды.

– Чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү башталгандан тарта Тажикстан 1924-27-жылдардагы материалдар менен иштөөнү, ал эми Кыргыз тарап 1991-жылкы документтерге таянып чечүүнү сунуштап келген. Соңунда 1991-жылы кабыл алынган документтердин негизинде такталды, талаштуу маселелердин баары чечилди,– деди Ташиев.

3 документти комитеттер жактырышты

21-февралда Бишкекте Кыргыз-Тажик өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек араларды тактоо боюнча соңку протоколго кол коюшкан. 27-февралда Жогорку Кеңештин 5 комитети биригип Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча 3 документти карап, жактырды. Ал документтер:

• Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим

• Эки мамлекеттин ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу

• Эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча макулдашуу.

Алдыда аталган документтерди эки өлкөнүн парламенттери ратификацияласа, андан ары президенттер кол коюшат. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1159, 28-февраль-6-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан