Куудул деген куудул да, куйкум сүйлөп маектин “даамын” арттырат. Куудулдуктан тышкары көп тармакта иштеп көргөнүн айткан Кубан Алимовду кепке тартып өнөр ааламы, турмуш сабагы, бизнес, кыялдары тууралуу пикир алыштык.
– Кубан мырза, сиздеги куудулдук талантты эң биринчи ким байкаган?
– Апамдын ичинде да жөн жатпай тынбай тебине берсем, “бул бала өнөрлүү болот окшойт” дечү экен апам. Айылдык бир нарктуу кемпир да апама “курсактагы балаң кийин элге таанымал адам болот” деген экен. Талантым 6-класста ачыла баштады. Гитлерди, чал-кемпир, жаныбарларды туурайм. Мектептеги иш-чараларда жез кемпирдин образын жаратам, кинолордун күлкүлүү жерлеринен үзүндү ойнойм... Анан 7-класста аян түшүп, өзүмдөн-өзүм эле "Манас" айта баштадым. Оозумду ачсам эле саптар куюлат. Түшүмө курал-жаракчан, алкынган аттарды минген алптар кирет. Бирок ошол касиет 2 жылдан кийин жок болуп кетти. Балалык кылып аны кастарлай албадым окшойт.
– Убакыт же турмуш сизди канчалык өзгөрттү?
– Дале ак көңүл, берешен жанмын. Кек сактабайм. Бирөөдөн көңүлүм калса, сыртымдан билдирбегеним менен, мамиле кургум келбей калат. Жаш кезде жиним келсе кыйкырып, ызы-чуу салып, мушташ чыгарып жиберчүмүн. Азыр эми токтолуп, эмоцияны башкарып калдым. Спортко жакынмын, айрыкча футбол менен бокско кызыгам. Азыркыга чейин футбол ойнойм.
– Куудулдук өнөр солгундап кетти деп айтылып жүрөт. Аны жандантуунун кандай жолу бар деп ойлойсуз?
– Куудулдар Абдылда Иманкулов, Келдибек Ниязов, Жаныбек Алыкулов, Рахман Разыков баары менен иштештим. Жалкоолонсом ыраматылык Рахман агай “көп иште, талантыңды баркта” деп урушар эле. Изденип, жаңы нерселерди ойлоп таап, айлап гастролдоп жүрчүбүз. Кыргыздын куудулдук өнөрү жок болуп кетпесин дечүбүз. Акча кийинки пландарда болчу. Куудулдук өнөрдүн гүлдөгөн кези элдин маданиятка суусап турган учуруна туш келдиби же биздин сатираларда оригиналдуулук бар беле, айтор, концерттерибиз аншлаг менен өтчү. Азыр куудулдардын көбү той, акча деп калды, куудулдук өнөрдүн солгундай түшкөнү ырас. Кандип жандантса болот? Сатираларды даярдаганга, режиссёр менен куудулдардын башын кошуп иштегенге шарт түзүлсө, куудулдардын театры болсо жакшы болмок. Ошондо өнөрдү кайрадан жандандырып, өнүктүрүүгө болот эле.
– Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумкадырдын үйлөнүшүнө сиз себепчи болгон экенсиз...
– Менимче, 1994-жыл болсо керек эле. Кочкорго гастролго бара жатканда Жеңишбек автобуста жанында отурган жумгалдык кыз менен таанышып, анын дарегин алып калат. Сурасам, жактырып калыптыр. “Жактырсаң, анда үйлөн” дедим шыкактап. Гастроль бүткөндө ошол кызды издеп барып, экөө 3 күн сүйлөшүп баш кошушкан. Ошондо анын үйлөнүшүнө себепкер болуп калгам.
– Куудулдук талантыңызга өзүңүз кандай баа бересиз?
– Куудулдук өнөрдө өз орду бар куудулмун. Мен туурайм, сатира ойнойм, монолог аткарам, бийлейм, ырдайм, куудулдук да кылам. Башкача айтканда, ар тараптуу артистмин. Монолог ойлоп табуу кыйын жумуш. Менин эмгектеримдин арасында кыз ала качуу, арак темасындагылары да бар. Сыягы, монолог жанрын куудулдардан мен эле алып келе жатат окшойм.
– Сыноолор кыйнаганда “куудулдуктан башка эле кесипти тандасам болмок экен” деп өкүнгөн учуруңуз болгонбу?
– Куудулдарда ай сайын капчыкка түшүп турчу айлык жок. Ошого кээде турмуш шарттан кыйналып, кээде эргүү келбей жан дүйнөм бош калганда нааразы болуп, башка жумушка иштеп кеткен учурларым болгон. Кочкордо жүрүп ар кандай жумушта иштедим. Бизнес кылайын деп 1 жыл спирт, кир самын саттым, анан банкрот болуп токтоттум. Бир ишканада элден жүн чогултуп, таңгактап иштедим. 6 ай официант дагы болдум. Тамакка буюртмаларды жазып албаганга унутуп калып, чаташтырып биринин тамагын башкасына алып бара берчүмүн. Алар “биз мындай тамак буюртма кылган эмеспиз” дешет, а мени шефим урушат. Телекомдо электромонтёр да болуп жүрдүм. Өзүм ишти кыйратып билбейм. Бир жолу радионун 2 зымын туташтырып жатып, “ушундай беле?” деп беркилерден сурап бурулгуча ток тартты эле, ошол жерде асылып калдым го, чиркин.
Азыр болсо Сокулук райондук суу чарба башкармалыгында техник болуп иштеп жатам. Элге каналдан суу бөлүп берем. Тамадалык да кылам. Айтор, тынбайм. Мен иштебеген төрөт үйү менен “морг” гана калды.
– Абдылда Иманкулов аганы эмнеге Акина деп айтасыз?
– Минтип эки эле куудул айтабыз. Абылда аке деп жүргүчө Акина деп айткан оңой деп айтып жүрүп көнүп кеттик окшойт. Бирок минтип дайым эмес, кээде эле айтабыз. Акебизге эркелейбиз да эми. Кээде ага өзүн туурап берип да күлдүрүп калабыз.
– Куудулдуктун жардамы менен коомду жакшы жакка бурса болобу?
– Сатиралардын таасири менен адамдарды кайсы бир деңгээлде жаман жолдон кайтарып, туура жолго салсаң, алардын көз карашын, дүйнө таанымын өзгөртсөң болот. Адамдар жакшы жакка бурула баштаса, демек, коом өзгөрөт. Ошондуктан тамчыдай болсо да коомду өзгөртүүгө салымыбызды кошо алабыз деп ойлойм.
– Өзүңүздү тааныдыңызбы, таптыңызбы?
– Өзүмдү кеч тааныдым, кеч таптым, 50 жашка чамалаганда. Өзүмдү кадырлоону да 50гө чыкканда үйрөндүм окшойт.
– Гурмансызбы?
– Жок, алдыма коюлган тамактын баарын жей берем. Тамакка чымын түшүп калса, аны алып ыргытып салып жеп-иче берем. Тузу аз же көп болуп калса деле унчукпайм. Ушул сапатым аялыма абдан жагат (күлүп).
– Өзүңүз төрөлүп-өскөн мезгилге ыраазысызбы? Эгер мүмкүнчүлүк берилсе, качан жана кайда төрөлүүнү каалайт элеңиз?
– Кыргыз болуп жаралганыма шүгүр, ыраазымын. Эгер ошондой мүмкүнчүлүк берилип калса, балким, Кытайда, шаолиндер аймагында төрөлүүнү кааламакмын. Анткени кичинемде уруш искусствосуна кызыгып, шаолинь болгум келе берчү.
– “Кыял балдарда гана болот, чоңдорго план гана калат” дегенге кошуласызбы?
– Жарым-жартылай кошулам. Бирок ишке ашпаган кыялдардын кайыгын минип отура бергиче, план менен иштеп жыйынтык чыгарсаң жакшы.
– Курмангазы Азыкбаевдин “адамдардын мүнөзүн музыкалык аспаптарга салыштырам” дегени бар. Сиз эмнеге салыштырасыз?
– Мен жер-жемиштерге салыштырам. Адамдардын мүнөзүнө окшоп арасында катуусу, жумшагы, ачуусу, таттуусу, даамдуусу, даамы жогу, ширелүүсү жана кургагы бар. Мисалы, эки жүздүү адамды кивиге салыштырам, сырты күрөң, ичи жашыл.
– Жалгыз калганда эмне жөнүндө ойлоносуз?
– Ушундай куракка келип калыпмын, неберелердин келечеги тууралуу ойлоном. Дөөлөттүү болуп карыйын деген тилегим бар. Жакшы жылкы алып минип, көчөдө шатыра-шатман бастырып жүрсөм дейм. Анан элге концерт берсем деген ойлор келет.
Канымжан Усупбекова