Популярдуу шпинаттын пайдасы жана андан даамдар

Шпинат – акыркы учурларда ашканада популярдуулукка ээ болуп жаткан ашкөк. Пайдалуу, этке тете азык катары бааланат. Ошондуктан орозо айында тамак-ашка кеңири колдонсоңуз болот. Организмге пайдасы, шпинаттан эмне жасаса болот десеңиз, макаладан жооп алыңыз. 

Пайдасы

 Жашыл азыктардын ичинен курамында белок көп. 100 граммда 3 грамм белок бар. Буга байланыштуу белок жетишсиздигинде же эт жебегендер үчүн шпинатты күнүгө колдонууга болот.

 Шпинат организмге киргенден кийин адамдагы ачкалык сезим бат жоголот. Тоюп топук кармап каласың. Ошондуктан арыктап, бирок витаминдүү тамак жейт элем дегендерге жакшы вариант болуп берет.

 Антиоксидант катары кызмат кылган С витамини 100 грамм шпинатта – 28 миллиграмм. С витамининин күнүмдүк нормасы – 75-90 миллиграмм.

 Шпинат А витамини көп азыктардын ондугуна кирет. 100 грамм азыкта 460 микрограмм А витамини бар. Ал эми күнүмдүк норма 700-900 микрограмм.

Бул витаминдер көздүн, теринин, чачтын саламаттыгына да жооп берет.

 Фолий кычкылы аталган В9 витамини 100 граммда 194 микрограмм. Кош бойлуу айымдарда В9 түйүлдүктүн туура өсүшү үчүн зарыл. Кош бойлууларга фолий кычкылынын күнүмдүк нормасы 400 микрограмм.

Кимдерге болбойт?

Нутрициолог Наргиза Атабаеванын айтымында, 3 жаштан өткөн балдардын рационуна бышырылган түрүндө аз-аздан кошсо болот. Чоңдорго бир күндө 100 граммга чейин бышырылбаган, бышырылган түрүндө жегенге мүмкүн. Тамак сиңирүү органдарынын өнөкөт оорулары барлар чийки жебей эле койгону дурус.

Ошондой эле шпинаттын курамында оксалаттар бар, ошондуктан көп өлчөмдө жегенде бөйрөктө ташты пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан бөйрөктө таш, кум бар болсо, цистит ооруларында, он эки эли ичеги, ашказан жараларында колдонууга болбойт.

Ашканада

Шпинат жалбырактарын май, майонез кошулган бардык салат түрлөрүнө, токочторго, тамактарга кошууга болот. Анткени өсүмдүктүн кыйгыл даамы, жыты жок. Бардык азыктар менен төп келет. Бат бышкандыктан (3-5 мүнөт) айрыкча таңкы тамактарга колдонуу ыңгайлуу. Өтө чоң эмес жалбырактуусун алып, таза жууп колдонуу керек. 

САЛАТ 

Кадимки бадыраң менен помидордон жасалган салатка жуулган шпинат жалбырагын, туз кошуп, өсүмдүк майынан куюп аралаштырып коюуга болот. 

Өзгөчөрөөк салат жасагыңыз келсе:

Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 250 грамм

Шпинат – 120 грамм (1 боодон ашыгыраак)

Жумшак сыр сорту (фета, рикотта) – 80 грамм

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Лимон ширеси – 2 чай кашык

Бал же кумшекер – 1 чай кашык

Кулпунай – каалоого жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин сууга же туздап фольгага ороп электр мешине, бышырып алабыз. Жука тилимдерге кесебиз.

2. Шпинатты жакшы жууп, сабагын кесип, жалбырагын кургатабыз.

3. Грек жаңгагын бычак менен майдалап, жумшак сырды кол менен чоңураак бөлүктөргө бөлөбүз.

4. Лимон ширеси, май жана балды кошуп аралаштырабыз. Муну бардык азыктарга кошуп аралаштырабыз. Кооздук үчүн кулпунайды экиге бөлүп, салаттын үстүнө коёбуз.

ОМЛЕТ 

Керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 3 даана

Сүт – 3 аш кашык

Шпинат – жарым боо

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы чагып чалып, сүт, туз, мурч кошуп дагы аралаштырабыз.

2. Шпинатты жууп, кургатып, сабагын алып салабыз.

3. Көмөч казанга майды куюп,  ысып чыкканда шпинатты салып капкагын жабабыз. Шпинат ширесин чыгарганда жумуртка-сүт аралашмасын куябыз. Отту жайлатып капкагын жаап бышырабыз. Омлет даяр!

Шпинаттан сырткары помидор кесимдерин, жашыл буурчак, брокколи кошууга болот.

КРЕМ ШОРПО

Керектелүүчү азыктар (4-6 порция үчүн):

Уй же тоок эти – 400-500 грамм

Картошка – 250 грамм

Шпинат – 250 грамм

Каймак май – 10 грамм

Пияз – 1 баш

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Казанга этти салып 2-2,5 литр суу куюп кайнатабыз. Чий көбүгүн тазалап, отту бир аз азайтып, капкагын коомайлата жаап эт бышканча кайнатабыз. Туз, мурч татытабыз.

2. Көмөч казанга каймак майды эритип, майда тууралган пиязды кууруп жиберебиз да, таза шпинатты 2-3кө бөлүп салабыз. Жумшара түшкөндө оттон чыгарабыз.

3. Майда тууралган картошканы шорпого салып бышырабыз. Бышарга аз калганда пияз, шпинатты кошуп 4-5 мүнөт кайнатып чыгарабыз.

4. Этти майда туурап шорпого салып, баарын блендер менен бир массага келтирип эзебиз. Эзбей да дасторконго койсоңуз болот. Тоюмдуу шорпо даяр!

 

Асел Ишенбай кызы       

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан