Омуртка дененин түркүгү болгондуктан, аны жаш кезден этиятташ керек дешет медицина адистери. Ал ордунан жылып кетсе, бүтүндөй организм жабыр тартышы мүмкүн. Омуртканын “жарактуулук мөөнөтүн” кыскарткан жагдайлар кайсылар? Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабековдон ушул жаатта маалымат алдык.
УЛГАЙГАНДА ОМУРТКА САНТИМЕТРДЕЙ КЫСКАРАТ
Адамда 33-34 омуртка болот. Жалпы омуртка тутумунун орточо узундугу эркектерде 60-75 сантиметрди, аялдарда 60-65 сантиметрди түзөт. Карыганда омуртка тутуму 5 сантиметрдей кыскарат, анткени алардын ортосундагы кемирчек убакыттын өтүшү менен жешилип, жукарат. Омурткалар, мисалы, сокку, күч келүүдөн улам ордунан жылып кетсе, өзүнө гана эмес, башка органдарга да зыянын тийгизип, оорулар пайда болушу мүмкүн. Мисалы төмөндө.
ЖҮЛҮН КЫСЫЛАТ
Омуртканын ичинде тигинен кеткен жүлүн жайгашканы белгилүү. Жүлүндү баш мээнин уландысы катары кароо керек. Ошол жүлүндөн тараган нервдер омуртканын тешикчелери аркылуу сыртка чыгып, тийиштүү органдарды башкарып, иштетет. Омуртка ордунан жылып кеткен кезде андан чыккан нервдер кысылып калат. Алардын кан жана азык-заттар менен жабдылышы бузулат. Кысылган нервдер башкарган органда оорулар жаралат. Омурткалар жылып кеткенде аларды бириктирип турган тарамыш, кан тамырлар да чоюлуп, тартылып, ооруну күчөтөт. Сезгенүү акырындап булчуңдарга да өтөт. Омурткалар алдыга, артка, капталга, тепкич сымал жылып кетиши мүмкүн. Кайсы туштагы омуртка жылып кетсе, кайсы нервдер кысылып кандай оорулар жараларын билип алалы.
КӨЗДӨН БУТКА ЧЕЙИН...
Моюн омурткадан чыккан нервдер көз, тиш, мурун, ооз, калкан сымал без жана колду иштетип, баш мээде кан айланууну көзөмөлдөйт. Демек, моюн омуртка жылып кетсе, баш ооруйт жана айланат, көз оору жаралып, угуу төмөндөшү мүмкүн. Кол муздап, чымырап, уюп оорутуп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй, жакшы кыймылдабай баштайт.
Көкүрөк-бел омурткасынан чыккан нервдер борбордук нерв системин жана гормоналдык системдин иштешин көзөмөлдөйт. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк, ашказан, ичегинин иштешине канча бир пайыз катышат. Андыктан омурткалардын бир же бир нечеси жылса, анда аталган системдер менен органдарда оорулар жаралат. Мисалы, бронхит, гастрит, өттүн таш оорусу жана башкалар.
Бел-чычаң омурткасынан чыккан нервдер дененин ылдыйкы бөлүгүн иштетери белгилүү. Кичи жамбашта орун алган жыныстык органдардагы, табарсыктагы, аппендикстеги кан айланууну көзөмөлдөп, буттарды иштетет. Андыктан бул омурткалардын бири же бир нечеси жылып кетсе, анда адегенде бут чымырап оорутат, бара-бара жакшы шилтенбей калат. Адам улам ажатканага чуркап, бат-баттан заара ушатып калат. Бел грыжасы, геморрой жаралат жана башка. Эркектер төшөктө алсыз боло баштайт.
КӨПКӨ ОТУРА АЛБАЙ КАЛСАҢЫЗ, АНДА...
Көкүрөк-бел жана бел-чычаң омурткаларынын жылып кетишинин жалпы белгилери булар:
• Омуртка уютуп, басылбай оорутат
• Адам бир орунда көпкө тура жана отура албай ойдолоктойт
• Көп басканда жана оор көтөргөндө оорутуу күчөп, булчуңдар алсыз тартат
• Бут менен жамбаш да ооруй баштайт
ДАРТТЫН 5 ТҮРҮ БАР
Биринчиси – кемирчектин жешилип, омуртканы кармай албай калышы. Бул дарттын кеңири жайылган түрү. Жумуш образына, жаш куракка жараша кездешет. Мисалы, оор жумушта таңдан кечке чыңалуу менен иштегенде омурткалардын ортосундагы амортизаторлордун ролун аткарган кемирчектер өзүндөгү нымдуулукту жоготуп, кургап, жешилип, омурткаларды кармай албай калат. Мындай абал адам улгайганда да жаралат. Башкача айтканда, табигый процесстен улам.
Кара жумушта эмес, кеңседе иштегендер деле бул илдеттен корголгон эмес. Мисалы, компьютерде иштегендердин дээрлик баары туура отуруу эрежесин сактабайт. Көп жылдап бүкүрөйүп, башты алдыга созуп отуруудан улам моюн омурткалары билинбей, миллиметрлеп болсо да алдыга жыла берет. Айрымдардын 2-3 моюн омурткасы жылса, айрымдардыкы тепкич сымал жылып кеткен болот.
Экинчиси – тубаса жылып кетүү. Бул түрү тукум куушу да мүмкүн дейт Сабырбек Жумабеков. Бала курсакта кезинде омуртка тутумунун айрым бөлүктөрү жакшы өсүп-өнүкпөй калат. Ушундай шартта омуртка жылып кетүүгө жакын болот.
Үчүнчүсү – омурткадагы кемирчектердин сөөккө айланбай калышы. Балдар 5 жашка чыккандан баштап омурткаларынын арткы кемирчек бөлүктөрү катып, сөөккө айланат. Кээ бир балдарда кемирчек бойдон калып калат да, кийин жылып кетүү коркунучу күтүлөт. Алар оор жүк көтөрбөй, спорттун оор түрү менен алектенбей, бийиктен секирбей омурткаларын абайлашы керек. Бирок ич жана бел булчуңдарын чыңдоочу көнүгүүлөрдү дайым жасап жүрүшү зарыл. Чың булчуңдар омурткаларды жылып кетүүдөн сактайт.
Төртүнчүсү – жаракаттан кийинки жылышуу. Бул автокырсык, бийиктен кулоо, белге сокку алуу, лыжа тебүүдө катуу жыгылуу сыяктуу себептерден улам омуртканын жылып кетиши.
Бешинчиси – оорудан улам жылышуу. Омуртканын рак жана кургак учук оорусунун айынан жылып кетиши.
ӨТҮШҮП КЕТСЕ ОПЕРАЦИЯ ДА ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ
Көкүрөк-бел омурткасы жылып кеткендер көп дешет адистер. Дарттын белгиси билинер замат травматологго, нейрохирургга же ортопедге текшерилиши зарыл. Диагноз коюу үчүн компьютердик томография, обзордук рентгенография (омуртканы түз жана капталынан тартуу), функционалдык рентгенография (омуртканы түз абалда жана максималдуу чалкалатып, эңкейтип тартуу) керектелет.
Дарттын 5 даражасы бар. 1-даражада консервативдүү ыкмада дарылоого болот. 2-даражада операция жасалат жана бейтап 100 пайыз айыгат. 3-даражада операция айыгууга 80 пайыз, 4-даражада 20-30 пайыз гана кепилдик берет. Жылышып кеткен омуртканы калыбына келтирип, карматуу үчүн медициналык пластина же титандан жасалган фиксатор керектелет. 5-даражада операция да жардам бербейт. 4 жана 5-даражада жүлүнгө көбүрөөк доо кеткен болот.
Демек, врачка эрте кайрылуу менен омуртканын андан ары жылышып кете берүүсүн токтотуу мүмкүн. Операциядан тышкары массаж, физиодарылоо да керектелет. Айдоочулар операциядан 1 айда автоунаа айдап калууга жарайт.
ҮЙГӨ ЧЫККАНДАН КИЙИН...
Бейтап дарылануудан же операциядан кийин сууда сүзүү менен алектенип, дарылык көнүгүүлөрдү такай жасап жүрүшү, кальций каражатын жана кальцийге бай тамак-ашты көбүрөөк жеп-ичиши зарыл. Анткени алар ичтин жана белдин булчуңдарын чыңдайт. Анын үстүнө пластина, фиксатордун тегереги остеопорозго кабылбашы үчүн да бул нерсе керек. Кандай көнүүгүлөр керектигин врач айтып же көрсөтүп берет. Омурткаларларга күч келбеши үчүн салмакты бир калыпта кармоо зарыл. Операциядан кийинки 1 ай ичинде көпкө отурууга болбойт. Ал эми физиодарылоо – неврологиялык бузулуулардын терс таасиринен арылууга жардам берет.
Канымжан Усупбекова