ЖАШООСУ БӨЛӨК, КАЙГЫСЫ ОКШОШ ЭКИ ЭНЕ...

Бул айымдар бири-бирин таанышпайт. Буга чейин экөөнүн жашоосу да, максаттары да эки башка болчу. Жакында алардын тагдырында бир окшоштук пайда болду. Экөө тең бир заматта тилсиз жоонун курмандыгына айланып, үстүндө үйү, бут сунарга төшөгү жок калышты. Албетте, мындай болот деп ойлогон да эмес алар... Алоолонгон жалын үйдү гана эмес, бүтүндөй эки үй-бүлөнүн ырыскысын, кубанычын кошо жалмап кетти десек болот. Биринин таянар тиреги – күйөөсү ошол өрттүн курмандыгы болуп, балдары атасыз калса, экинчиси көп жыл мээнет кылып тапкан бардык мүлкүнөн кол жууп, балдары менен көчөдө калып отурат. Кечээ эле бейкапар эле, бүгүн “Кайда баш калкалайбыз? Балдарды кантип багабыз?” деген ой кыйнап турган абал. Анткени үй – бул жөн гана төрт дубал эмес, бул – балдардын коопсуздугу, келечекке ишеними, үмүтү эмеспи. 

Серигүл Мырзакеримова, жабырлануучу: «Мен жок болсом балдарым кантип күн көрүшөт?»

– Ошол каргашалуу күндү эстесем, денем титирейт. Коркунучтуу түш сыяктуу... Бирок, тилекке каршы, бул түш эмес. Өткөн күздөгү күтүлбөгөн өрт кырсыгы мени баарынан ажыратты. Жолдошумдан, үйүмдөн ажыратып, жашоомду талкалады. Ошондон бери турмуш менен күрөшүп келем. Азыр беш балам менен бирге күн сайын жашоо үчүн күрөшүүгө аргасызмын. Улуусу 16да, кичүүсү болгону 3 жашта. 12 жаштагы уулум тубаса майып, бир бутунун манжалары жок. Экинчи бутунун манжалары бар, бирок тырмактары жок. Кээде түндө уйкум качып, алардын келечеги тууралуу ойлонуп уктабай чыгам. Эгер мен жок болсом, балдарыма ким кам көрөт? Аларды ким колдоп, коргойт?

«Үйдүн төрт дубалы эле калды»

– Биз бул үйгө мындан беш жыл мурун көчүп келгенбиз. Жолдошум экөөбүздүн чоң кыялдарыбыз бар эле. Бирок бир күндө баары күлгө айланды. Үйдүн төрт дубалынан башка эч нерсеси калган жок, күйүп кетти. Үйдү калыбына келтирүү мен үчүн дээрлик мүмкүн эместей. Беш баланы багуу өзүнчө чоң күрөш болсо, кайрадан үй салуу таптакыр колумдан келбей тургансыйт. Бирок үмүтүмдү үзгүм келбейт. Балдарым үчүн күрөшүүгө милдеттүүмүн. Алардын келечеги, бактылуу балалыгы үчүн кандай кыйынчылык болсо да даярмын. Канчалык оор болсо да, сыноолорду жеңишим керек. Анткени менден башка аларды ойлой турган эч ким жок. Элим, боорукер адамдар, сиздерге кайрылам. Мен жалгыз эмес экенимди сезгим келет. Балдарым ысык-суукта баш калкалай турган үй курууга жардам бериңиздер. Кичинекей эле жардам да биз үчүн чоң үмүт. Балдарымдын келечеги сиздердин мээримиңиздерге жана колдооңуздарга байланыштуу. Сиздердин мээримиңиздер жана боорукердигиңиздер бизди бул оор күндөрдөн алып чыгат деп ишенем.

Нурила Мамырова, жабырлануучу: «Бир жыл мурун сатып алган үйүбүз күйүп кетти»

– Жакында, 28-февраль күнү үйүбүз күйүп кетти. Көп жыл мээнет кылып чогулткан байлыгым, түйшүк менен оңдоп-түзөгөн үйүбүз – баары бир заматта жок болду. Ичиндеги буюмдарды да сактап кала алган жокпуз. Бардыгы өрт менен кошо кетти. Балдарымдын аман калганына шүгүр. Кантип кайра үй курам? Башым катып, аргам түгөнүп турган учур. Бул үйдү былтыр эле сатып алып, көчүп келген элек. Балдарым кубанып, ар бири өз бөлмөсүн жасалгалап, келечекке пландарды түзүшкөн. Жакында эле оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, жаңы эмеректерди сатып алган элек. 

«Сиздердин жардам менен үйүбүздүн босогосун кайра аттай алабыз деп ишенем»

– Учурда тааныштардын үйүндө убактылуу баш калкалап жатабыз, бирок ал жерде көпкө жашай албайбыз да. Беш балам бар, үйдү кантип калыбына келтиребиз деп башыбыз маң. Кайдыгер карабаган замандаштардан жардам суроого аргасызмын. Кырсык айттырбай келет экен. Сиздердин жардамыңыздарга, колдооңуздарга абдан муктажмын. Бир күндө жок болгон үйдү кайра калыбына келтирүү оор, бирок бирге болсок – мүмкүн. Силердин жардамыңар менен кайра үйүбүздүн босогосун аттай алабыз деп ишенем. 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

О!Деньги: +996705291013

VISA: 4728880085959334

р/с: 1033020060219769

Асел Нурбекова

  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1160, 7-13-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан