Кой
(21.03–20.04)
Башкалардын жыргалчылыгы үчүн кылган эмгегиңиздин арты өзүңүзгө пайда алып келет. Андыктан бул аптада жардам колун сунгандарга жок дебеңиз. Жумушта жаңы иш баштоонун ордуна мурункуларын майына чыгара акырына жеткирсеңиз, капчыгыңызды толтура турган натыйжага жетесиз. Тиш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн, стоматологго алдын ала жазылып текшертип койсоңуз ашыкча болбойт. Дем алыш күндөрүн досторуңуздун жумушу менен өткөрүшүңүз күтүлөт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жаңы идеяларга, энергияга бай болосуз. Алдыга койгон пландардын кайсы бирине жетишем деп жүрүп убакыттын кандай өткөнүн билбей каласыз. Бойдокторду жагымдуу жолугушуулар күтөт, байкаңыз, алыстан издеген сүйүктүүңүз достордун арасынан табылышы мүмкүн. Телефон алдамчыларынын тузагына кабылуу коркунучу бар. Туугандар менен сүйлөшүүдө шашылыш чечим чыгарбай туруңуз, маселе сиз түшүнгөндөн такыр башкача болушу ыктымал.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
“Баары меники болсо...” деген өзүмчүлдүк сезимде болосуз. Бул сезимдин арты менен мурда батынбаган иштерди бүтүргөнгө болот. Түгөйүңүзгө майда-чүйдө пикир келишпестиктердин айынан таарынып, бирок бат эле жазыласыз. Жаңы иш баштайм, бизнес ачам деп турган эгиздерди ийгилик коштойт. Текеберлик сапат миң абройлуу адамга да жарашпай турганын унутпаңыз, антпесе жакын достордон кол жууп каласыз. Дем алыш күндөрү үй чарбасы менен алек болосуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жаңы нерсени үйрөнүү, баштоо каалооңуз күчөп, өзүңүздү өнүктүрүүгө аракет жакшы болот. Алыска сапарга чыгууга же болбосо саякаттоого ылайыксыз мезгил, артка жылдыра туруңуз. Андан сырткары юридикалык иштер, документтер менен иштөөдө сак болуңуз. Ал эми арыктайм, диета кармайм, спорт менен машыгам деп тургандарга жашыл жол. Өткөн чакта ишенимиңизден чыккан адамга жолугушуңуз мүмкүн, анын бал сөзүнө ишенип кайра алданып калбаңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Ири финансылык коромжу талап кылчу иштер чыгат, жалгыз эмес, жакындарыңыз менен кеңешип чечкениңиз туура. Эркиндик керек дей берип түгөйүңүздө кызганыч сезими жаралышына жол бербеңиз. Жумушта мыкты жетекчиликтин башкаруусу менен жакшы жыйынтыкка жетүүгө мүмкүн. Кабарсыз кеткен жакын адамыңыздан күтүүсүз жана жагымдуу кабар аласыз. Бойдоктор дем алыш күндөрүн өз пайдасына чечкени туура, эл көп топтолгон жерлерде болуңуз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын башында жумушта майда маселелер орун алат. Жумушуңузга жоопкерчилик менен караңыз. Иммунитет төмөндөгөнүн байкайсыз, андыктан витаминдүү тамак-аш, жашылча-жемиш жегенге аракет кылыңыз. Балалуулар балдарынын ийгилигине кубанышат. Дем алыш күндөрүн тынч чөйрөдө өткөргөнүңүз жакшы, үйдү оңдоп-түзөө, жууп-тазалоо, эски буюм-тайымдардан арылуу, жаңы буюм сатып алуу сыяктуу процесстер сизге жакшы эмоционалдык сезимдерди тартуулайт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Байкоо жөндөмүңүздү өркүндөтүп, сиздин идеяларды жана кызыкчылыктарды бөлүшкөн адамдардын чөйрөсүн тандаңыз. Алыска сапарга чыгууну пландап турсаңыз, өзүңүз рулга отурбай айдоочу менен барганыңыз жакшы. Аптанын башына караганда экинчи жарымынан баштап бир нерсе жасоого энергияңыз пайда болуп, жаратмандык кыласыз. Үй-бүлөлүү таразалардын үйүндө бардыгы гармонияда болот. Дем алыш күндөргө байкаларлык өзгөрүү күтүлбөйт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жумушта ар бир кадамыңызды алдын ала пландабасаңыз, күтүүсүз тоскоолдуктар чыгып, шаштыңызды алышы мүмкүн. Колго тийген акчаны сапырып коротуп салбай, сарамжал болуңуз, антпесе кыйын күндө ар кимге жалдырап каласыз. Бойдоктор бир адамга болгон романтикалык сезими сууп, мамиледен баш тартып кетиши мүмкүн. Спорттук иш-чараларга катышпай же экстрим кадамдарды талап кылган иш-аракеттерди жасабай туруңуз, жаракат алуу коркунучу бар.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Туугандар арасында айтылган ар кандай сөздөр маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Андыктан эмоционалдык туруксуз абалда болосуз. Жалгыз калып үй жыйнаңыз, жалгыз сейилдеңиз, кино көрүңүз, китеп окуңуз. Бул иш-аракеттер жан дүйнөнү дарылоого жардам берет. Кымбат баалуу буюм сатып алуудан же акча көп кетчү жайга баруудан алыс болуңуз. Алдыда кыймылсыз мүлккө байланыштуу соода күтүп турат. Дем алыш күндөрү романтикалык маанай тартуулаган жагдайга туш болосуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптанын башында карьераңыздан жогорулап же жумуштагы аброюңуз көтөрүлмөкчү. Көп маалымат угасыз, эрикпей ар бирин талдап, чын-бышыгын билгенге аракет кылыңыз. Болбосо, кийин жалган маалыматтын жаман кесепети тийиши мүмкүн. Бейшемби-ишемби күндөрү иш сапарына чыгышыңыз күтүлөт. Ашыкча сүйлөп айланадагыларды таарынтып алуудан сак болуңуз. Эс алуу күндөрүн ден соолукту чыңдоого арнаган туура. Тааныштардан конокко чакыруу аласыз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Махабат жаатында бул апта суу куярлар үчүн ыңгайлуу эмес. Түгөйлөр үйдө пикир келишпестик жаралбашы үчүн чарба иштерине көңүл бурушу керек. Жумушта айлык акыны көтөрүү боюнча сунуш киргизсеңиз болот. Апта жалпысынан туруктуу, эмоционалдык селкинчеги жок тынч өтөт. Насыя, карыз алуу деген иштерден алыс болуңуз. Келбетти калыпка келтирүүгө убакыт келди, спорт залга баш багыңыз. Дем алышта кайсы бир ишке көмөк сурап кайрылгандар болот.
Балык
(20.02–20.03)
Аптада адаттагыдан көп жумуш чыгат. Өзгөчө документ иштери менен алектенгендердин бош убактысы табылбайт. Билим жаатындагылар өздөрү үчүн жаңы нерсе өздөштүрүп кубанычта болушат. Бойдоктор досторунун, туугандарынын иштерин артка жылдырып, убактысын сүйүктүүсү менен мамилени бекемдөөгө арнашат. Мурда белгиленген планды чукул арада өзгөртүп, кырдаалга жараша аракет кылууга туура келет. Дем алышта жоон топ адамдардын курчоосунда болосуз.