ЗЫМСЫЗ КУЛАКЧЫНДАР МЭЭНИН РАГЫН ЖАРАТЫШЫ МҮМКҮНБҮ?

Өнүккөн технология заманында зымсыз кулакчындар (беспроводные наушники) күнүмдүк жашоодо активдүү колдонулган буюмдардын катарына кирди. Көчөдө, коомдук транспортто байкасаңыз, ар бир экинчи адамдын кулагынан кичинекей кулакчын көрүүгө болот. Балким, сиз да, мен да алардын катарындабыз. Улуу-кичүү дебей колдонгон бул буюмдун ден соолукка кандай таасир тийгизери азыркы күнгө чейин окумуштууларды эки жаатка бөлүп келет. 

ЗЫМСЫЗ КУЛАКЧЫНДАРДЫН

+ ЖАГЫ

1. Кыймыл эркиндиги. Зымсыз кулакчын менен кыймыл эркиндиги чектелбейт.

2. Угуу аралыгы. Телефондон бир нече метр аралыкта дагы каалаган нерсеңди уксаң болот.

3. Ыңгайлуулугу. Кулакка бекем орнойт, сүйлөшүүгө да ыңгайлуу.

4. Моделдердин көп түрдүүлүгү. Ар ким өз табитине жараша кулакчын тандай алат.

– ЖАГЫ

1. Зымы бар кулакчындарга караганда баасы кымбат.

2. Тетиктерин оңдоо үчүн атайын жабдыктар керек, андыктан бузулган кулакчынды оңдоп-түзөө дагы кымбатка турат.

3. Зымсыз кулакчындардын батареясынын кызмат мөөнөтү чектелген.

4.  Телефон сыяктуу эле маал-маалы менен кубаттандырууга муктаж.

ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

1-тарап эмне дейт?

Зымсыз кулакчын ден соолукка эмнеси менен коркунучтуу деген суроого окумуштуулар элоктромагниттик нурланууну мисалга келтиришет. Телефондогу блютуз аркылуу кошулган зымсыз кулакчындардын антеннасы баш мээге жакын болот. Кулакчын күйүп турган учурдан баштап үзгүлтүксүз электромагниттик нурлануу (ЭМН) жүрөт. Канчалык көп убакыт зымсыз кулакчынды колдонсоң, ошончолук терс таасири жогорулайт. Электромагниттик нурлануунун терс таасиринен төмөндөгү оорулар жаралышы мүмкүн:

- Баш мээнин рагы;

- Кулак угуусунун бузулуусу, начарлашы;

- ДНКнын бузулушу;

- Репродуктивдик системдин бузулуусу;

- Акыл-эстин өсүүсүнүн кечеңдеши же начарлашы;

- Гиперактивдүүлүк, эс-тутумдун начарлашы, уйкусуздук жана башка.

Андан сырткары кулакчындан чыккан үндүн деңгээли нормалдуу жана симметриялуу угуусу бар адамдар үчүн иштелип чыкканын да эске алуу керек. Ызы-чуулуу чөйрөдө (көчөдө, коомдук жайларда) кулакчындын үнүн жогорулатканга туура келет. Канчалык жогорулаткан сайын адамдын угуусуна ошончо терс таасири тиет. Музыканы кулакчын аркылуу катуу укканды жакшы көргөндөр муну эстен чыгарбашы керек. 70 дБден жогору үн деңгээли жана күнүнө эки сааттан ашык угуу убактысы адамдын ден соолугу үчүн кооптуу деп эсептелет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2015-жылы эле 1,1 миллиард жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн, жаштардын кулак угуусунун начарлашына кулакчындардын байланышы бар деген маалымат тараткан. 2050-жылы бул көрсөткүч жогорулап, Жер шарындагы ар бир онунчу адам угуу органдарынын дартына чалдыгышы мүмкүн делет.

2-тараптын ою

Зымсыз кулакчындардын организмге түзмө-түз тийгизген терс таасири бир дагы лабораторияда далилденген эмес дешет айрым окумуштуулар. Bluetooth аркылуу иштеген каражат, албетте, электромагниттик нур бөлүп чыгарат, бирок ал нурлануу аз өлчөмдө болгондуктан, адамга эч кандай терс таасири тийбейт.

Ал эми кулакчындан чыккан үндүн деңгээли боюнча эки тараптын ою бир. Канчалык үндү бийик койсоң жана көпкө уксаң, ошончолук угуунун начарлашына алып келе

ЭМНЕГЕ ЗЫМСЫЗ КУЛАКЧЫНДЫ КӨП УККАНДА БАШ ООРУЙТ?

Кээ бир адамдар зымсыз кулакчындарды узак убакыт бою колдонуу баш ооруну жана жүрөк айланууну пайда кыларын айтышат. Бул кулакчындан чыккан үн толкундарына жана кулактын кулкусуна байланыштуу. Белгилүү болгондой, кулактагы кулкунун милдеттеринин бири – кулакты тышкы факторлордон коргоо болуп саналат. Кулакчындан чыккан катуу үндөн коргонуу үчүн кулакта ашыкча кулку бөлүнүп чыга баштайт. Катуу үн кулак тарсылдактарын тезирээк иштетип, убактылуу баш оору пайда болот.

ЖАРЫЛГАН КУЛАКЧЫНДАР... КУЛАКЧЫНДЫН ТЕРС ТААСИРИНЕН САКТАНУУ

1. Кулакчын жарылып, күйүп кеткен учурлар, тилекке каршы, жок эмес. Андыктан “менин кулакчыным жарылбайт” дегенге эч ким кепилдик бербейт. Ошентсе да сапаттуу кулакчын тандаганга болот. Арзан баадагы зымсыз кулакчындар чөнтөккө туура келгени менен, сапаты жагынан төмөн болот. Алар сертификациясы жок, юридикалык документациясы жок жашыруун жайларда жасалат. Арзан, сапатсыз тетиктерди колдонушкандыктан кулакчын ысып, жарылып кетиши толук мүмкүн. Андыктан сөзсүз сертификаты бар, кепилдик убакыт бере турган компаниядан кымбат болсо да сапаттуу кулакчын алганга аракет кылыңыз.

2. Күнүнө зымсыз кулакчынды 2-3 сааттан ашык колдонбоңуз.

3. Үн деңгээлин максимумга койбой угуңуз.

4. Уктаарга жакын (2 саат мурун) кулакчын колдонбоңуз.

5. Гигиена. Дайыма кулакчын тагып жүргөндө кулакка аба кирүү процесси бузулат. Паталогиялык флоранын, анын ичинде грибоктун өсүүсү пайда болот. Андыктан көп убакытка тагынбаңыз.

Кулакчындар бир адамга гана тиешелүү жеке каражат болушу керек, андыктан ар кимге бербей, ар кимдикин тагынбаганыңыз жакшы.

Кулакчынды колдонуунун алдында сөзсүз гигиеналык салфетка менен тазалап аарчып туруу керек.

6. Жылына 1 жолу оториноларинголог врачка барып көрүнүү кажет.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан