(Башы өткөн сандарда)
Оор темир эшиктер жабылып, түрмө артта калды. Лимонду эң ишенимдүү адамы Азим тосуп алып кетип бара жатышты.
– Бишкек өзгөрүптүрбү?- деп сурап койду бир кезде Азим. Саламдашканы болбосо, Лимондун такыр сүйлөбөй келе жатканына ичи бышты окшойт. Терезеден сыртты эми караган Лимон шаардын көрүнүшүн байкады көрүнөт, башын ийкеди.
– Өзгөрүптүр, алты жылдан бери көп нерсе өзгөрдү.
– Биздин балдар...- деп сөз баштаган Азимди колун жаңсап токтотту.
– Азыр эмес, кийин сүйлөшөлү аларды. Мага “тачкаңды” калтыр. Өзүм чалмайынча мага телефон чалба.
Шашылып сүйлөдү, Азимден эч нерсе жашырчу эмес, бул жолу ага да айткан жок. Аны бир жерге таштап, өзү рулга отурду да айдап кетти. Түрмөгө түшкөндөн берки планы бар эле, ошону аткара турган болду. Элес турмушка чыгып эки балалуу болгонун билген. Бирок муну ичине жутуп “бактылуу болсун” деп кала турган адам беле Лимон? Аны бир аял убактылуу пайдаланып, андан кийин кереги жоктой таштап басып кете албайт эле. Лимонго бул жашоодо такыр эле жолукпагандай унутуп, эч нерсе болбогондой жашап жаткан Элестен өч албаса болобу? Анын жалбарып-жалынганын угуп, кечирим суратып, анан чөгөлөтүп туруп өзүнө кайткыдай кылат. Оюнчук эмес Лимон! Анын сезимдери да оюнчук эмес болчу. Кандай адамга байланышканын бир билип алсын Элес кыз! Манжаларын кырсылдатып алды. Лимондун аябай сабырсызданганда ушундай кыла турган адаты бар. Ошол учурда өзүнүн келечегин, абалын эч ойлонбоду.
Планы тыкылдап иштеп жатты. Элес менен анын күйөө сөрөйүнүн мурдунун астынан, үйүнө жапжакын жерден балдарды машинесине салып кетти. Баары ал каалагандай болду. Видеобайкоого түшүп кала турган, чалынып из калтыра турган жер эмес эле. Эркек балага машинени көрсөтүп кызыктырды да, ага карындашы да кошулуп калганда экөөнү эки колтугуна лып этип көтөрүп машинеге сала койду. “Чыр” дешти балдар. Бирок эч ким укпай калды. Көрбөдү дагы. Биринчи күнү балдардын ыйлаганынан башы жарылып кете жаздады. Экөөнү үнү угулбай турган бир бөлмөгө камап койду. Өзү тамактанып, балдарга тамак алып келип бөлмөгө кирсе экөө кучакташкан боюнча уктап жатышыптыр. Бири-бирине бекем жабышып алган эки наристени карап көпкө отура берди. Эмнегедир мээрим ойгонду. Уктап жаткан наристелер эч күнөөсүз периштедей сезилди. Акылдуу, сулуу балдар тура. Аттиң, анын ушундай балдары болгондо эмне? Элес башкага эмес, ага ушундай балдарды төрөп бергенде ханышадай кылып алаканына салып багып алат эле го. Ал ата болсо жарашпайт беле? Лимонду деле бирөөлөр сүйсө болбойт беле? А балким, бул балдар ага бала болуп калышат? Элес келсе, балдарды алып экөө чет өлкөгө кетсе... Балким... Лимондун көкүрөгүндө бир үмүт жылт этти. Ал ар бир кадамын аяр таштамай болду. Эртеси балдарды паркка алып чыгып бир аз ойнотту. Жарым саат алаксымыш болгону менен, кайрадан ыйлай башташты. Ошол жерден “башка машине алып кел” деп Азимге телефон чалды. Азим келип эки баланы көргөндө коркуп кетти.
– Ким булар? Кимдин балдары?
– Жакшылап карасаң кимдики экенин түшүнөсүң,- деди Лимон. Балдарды караса, Элестин көздөрү... Ал бул көздөрдү кайдан болсо да таанымак.
– Шеф, кантип? Кандайча?- деди алдастап.
– Ишиң болбосун. Эч кимге оозуңдан чыгарба. Чыгарсаң жаның менен коштошо бер. Менин жогото турган эч нерсем калбады. “Кобранын” жигиттери аркамда. Оңтойлуу учурду күтүп турушат. Чет жакка кетип турушум керек. Балдары үчүн Элес да мени менен кетет. Кетебиз!
– Элестин күйөөсү жөн адам эмес. Бүт өлкөнү башына көтөрөт, шеф, арты кандай болуп калар экен?
– Сен мен айтканды кыл, башка менен ишиң болбосун. Балдарга жегенге тамак-аш, кийим-кечек алып кел.
Азим айтканын аткаргандан кийин машине алмаштырды да, жөнөп кетти. Ошко кетмей болду. Анын баш ал десе бөрк ала турган бир адамы бар. Эң ишенимдүүсү ошол. Балдарды ошонун үйүнө жайгаштырып турса, Элести бир нерсе кылып чакырса, анан кетишет. Телефон менен чакыра албайт, милиция телефондорго эбак жайгаштырчусун жайгаштырса керек. Башка бир жолун табыш керек. Лимондун планы ушул эле. Ал досу Болоттун үйүнө барганга чейин Элести кантип Бишкектен чыгарып кетүү керек деп ойлонуп жатты.
ххх
Түн ичинде беймаал эшик такылдаганда жубайлар ойгонуп кетишти. Бермет сак эле, уктап жаткан күйөөсүн ойготту.
– Ким бул жети түндө?- деп сүйлөнүп эшикти ачкан күйөөсү кубанып кеткендей болду. Кийине калып сыртка чыкты. Болоттун Лимон менен алакасын билчү эле. Аны көргөндө коркуп кетти.
– Жакшысыңарбы?- деп койду ал акырын гана. Лимон Болотко бир нерселерди шыбырады. Болот шашыла машинени ачып карады.
– Эй, кел, бул жакта балдарды алсаң,- деди аялына.
– Ия? Балдар?
– Ооба, кел.
Машиненин аркасында периштедей болуп уктап жаткан эки наристени көрдү. Аялдын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Алаңдап эки эркекти карады.
– Кийин айтам. Балдарды ал.
Бирин күйөөсү, бирин өзү көтөрүп үйгө алып киришти. Аларды керебетке жаткырган Бермет алаңдап жатты.
– Кокуй, дагы эмне белээни баштады бул? Кимдин баласы экен?
– Акырын, унчукпа. Билбейм кимдин балдары. Лимон “эки-үч күн карай тургула, кайра келип алып кетем” деди.
– Кайра кеттиби өзү?
– Бир аз эс алып кайра жолго чыгам деди.
– Жараткан, бул эмне деген сырың?
Ыйлактаган аялдын заманасы куурулуп кетти. Болот экөөнүн баш кошконуна 5 жылдай болуп калды. Балалуу боло алышпады. Болоттун го камы жок, анткени мурунку аялынан балдары бар. Берметке кыйын эле. Улам үмүт кылганы менен боюнда болбой, болсо аз өтпөй түшө берип бала деп зарыгып жүргөн.
ххх
Лимон чырм этип эле кайра жолго чыкты. Оюнда эптеп Элеске кабар берип, балдары анда экенин айтса аргасыз макул болот деп ойлоду. Ойлору менен алышып бара жатып аркасында куйрук улаш келе жаткан машинени байкабай калган экен. Байкап, андан качканга аракет кылды. Бирок тиги машине өчөшкөндөй аркасына чукул кирип келди. Ошондо гана өчөшкөн топтун жигиттери аңдып келгенин билди. Аларга жеткирбейм деп катуу келе жатып бир чукул бурулуштан машинеси ала салып кетти. Лимон ошол жерде жан берди.
Ушундай болду. Кайра алып кетем деп таштаган балдарга кайрылып бара албады. Балдарды кимге алып барып таштаганын бир да жан билген жок. Эки бала ошентип алыскы бир айылда баласы жок жубайлардын колунда калды. Таң атып бара жатканда эркек бала ойгонуп кетти. Кимдир бирөө чачынан сылап жаткан экен. Апасы экен деп ойлоду.
– Апа?
Көзүн ача берди. Аны кучактап эркелетип жаткан апасы эмес, башка аял экенин көргөндө ээги эмшеңдей түштү.
– Оу, балам.
Аялдын үнү эң мээримдүү эле. Кучагы да жылуу болчу. Жүрөгү эмнегедир тынчтана түштү баланын.
ххх
– Сен булар кимдин балдары экенин билип жатасыңбы?- деп кыйкырды Бермет күйөөсүнө. – Кара интернетти... Бүт өлкө издеп жатат. Алып барып беришибиз керек.
– Катын, башыңды иштетсең, Лимон өлүп калды. Кайдан таптыңар дебейби, биз уурдабадык деп кантип далилдейсиң? Мен бул экөөнүн айынан түрмөгө тыгылгым келген жок.
– Энеси кантти экен, бечара?.. Болгонун болгондой айтып беребиз. Убал балдарга...
(Уландысы кийинки санда)