Мажүрүм тал
Дүйнөгө кеңири тараган дарылардын бири – аспирин (ацетилсалицил кычкылы) качан пайда болгону тууралуу айтып берели. Медицина өнүгө элек заманда температурасы жогору болгон адамды муздак суу толтурулган ваннага салуу, ным чүпүрөк менен денесин сүртүү, анан дары чөптөрдүн тундармаларын берүүдөн башка айла жок болгон. Бара-бара сезгенүү ооруларына, ысытмаларга каршы табыптар мажүрүм талдын кабыгын жана жалбырагын колдоно башташкан. Бул дарылоо ыкмасы Байыркы Египет жазууларында сакталып калган. Кийин химиктер мажүрүм талдын кабыгын жана жалбырагын изилдөөгө алышканда, алардын курамында сезгенүүлөргө каршы күрөшүүчү салицин заты бар экени белгилүү болгон.
Феликс Хофмманн
Мажүрүм талдан салицин затын бөлүп алуу ыкмасы химиктер тарабынан XIX кылымда иштелип чыккан. Кийинчерээк окумуштуулар салицил кычкылын синтездегенди үйрөнүшөт. Сезгенүү ооруларына, анын катарында ревматоиддик артрит, подаграны дарылоодо натрий салицилат жана салицил кычкылынын тузун колдонуп башташкан. Бирок бул дарылардын жыты жана даамы өтө жагымсыз, анан да ашказан ооруларын козгоочу касиетке ээ болгондуктан, көпчүлүк бейтаптарга дары жаккан эмес.
Немис окумуштуусу, химик Феликс Хоффманндын атасы ревматоиддик артрит менен жабыркап, бирок аны дарылоо үчүн натрий салицилатын иче албай жүргөн экен. Ичсе эле көңүлү айланып, куса баштайт. Хоффманн атасына жана ага окшогон адамдарга жардам бергиси келет. Ошентип 1897-жылы ацетилсалицил кычкылын иштеп чыккан. Аталган дары каражатын бейтаптар мурдагыдай көңүлү айланбай, жакшы көтөрүшөт. Феликс Хоффманн эмгектенген “Байер” фармацевтикалык компаниясы ацетилсалицил кычкылын “Аспирин” аталышы менен медициналык каттоодон өткөргөн. 1915-жылдан баштап аспирин дарыгерлердин рецеби жок эле сатыкка чыгып, ар бир үйдүн медициналык аптечкасынан орун алган.