Жылдын мыкты тасмасы – "Анора"

Америкалык режиссёр Шон Бэйкерге “Коомдун өгөйлөнгөн катмарын тартат” деген стилди ыйгарышат. Документи жок иммигранттардын, же болбосо секс-кызматкерлеринин оор жашоосун, коомдогу ордун бир канча тасмаларында тарткан Бэйкер мырзанын кезектеги интим-кызматкери Анора аттуу кыздын тагдырын чагылдырган “Анора” тасмасы “Оскардын” 5 статуэткасын утуп алды. Сөзүбүз триумфатор аталган фильм тууралуу болсун.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2024-жыл, октябрь

Жанры: драма, комедия, мелодрама

Режиссёру: Шон Бэйкер

Узактыгы: 2 саат, 19 мүнөт

Бюджети: 6 миллион доллар

Топтогон каражаты: 41 миллион доллар

Башкы ролдордо: Майки Мэдисон, Марк Эйдельштейн, Юра Борисов, Карен Карагулян, Ваче Товмасян, Алексей Серебряков, Дарья Екамасова

Эни тууралуу баян...

Анора, же болбосо Эни каймана аты менен жүргөн кыз Бруклиндеги Брайтон-Бич районунда жайгашкан түнкү клубда стриптиз бийчиси болуп иштейт. Брайтон-Бичтин дагы бир аталышы бар эмеспи – кичинекей Одесса деген. Орусиядан келген же башка орус тилдүү адамдар көп жашагандыктан, аталган районду кичинекей Одесса деп коюшат. Бир күнү Эни клубдан Иван аттуу жигит менен таанышып, экөөнүн мамилеси олуттуу нукка бурулат. Орусияга кеткиси келбеген Ваня грин-карта алып АКШда калып калуу үчүн Эниге үйлөнүү сунушун киргизет. Алгач Эни "кантип эле бай Иван секс-кызматчысына үйлөнсүн?" деп ишенбейт. Анткенинин жөнү бар болчу, Ивандын атасы орусиялык олигарх Николай Захаров эле. Бирок Иван көк беттенип, акыры экөө баш кошушат. Эни жумушун таштап, мындан ары үлгүлүү кожойкелик кызматын моюнума артынам деп турган чакта баласынын кимге үйлөнүп алганын уккан Ивандын ата-энеси Орусиядан АКШга багыт алышат. Алардын максаты – баласын ажыраштырып, Энини үйдөн кууп чыгуу.

Максат ишке аштыбы, жокпу тасмадан толук көрүңүз, окурман.

Чыныгы окуядан алынган

Кызыгы, “Анора” тасмасынын сюжети чыныгы окуянын негизинде тартылган экен. Режиссёр Шон Бэйкердин досу ага орус-америкалык түгөйлөр тууралуу окуя айтып берет. Андан таасирленген Бэйкер досу Карен Карагулянга (“Анорада” Торостун ролунда) тасма тартуу идеясын айтат. Карагулян досуна көмөк көрсөтөрүн айтат. Идея 2000-2001-жылдары жаралган эле. Арадан 20 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин эки достун идеясы тасмага айланды. Бэйкер биринчи жолу интим-кызматчылары тууралуу тасма тартып отурган жок, ушул эле багытта “Старлетка”, “Мандарин”, “Флорида” долбоору”, “Кызыл ракета” деген фильмдери да бар. Дагы бир кызыктуу факт – Шон Бейкер тарткан тасмаларынын баарына сценарийди өзү жазат, монтажды өзү кылат, продюсерлигине да катышат.

Кыска убакытта тартылган

Канн фестивалынын “Алтын пальма бутагы” сыйлыгын, “Оскардын” 5 статуэткасын (“Мыкты тасма”, Мыкты режиссура”, “Мыкты сценарий”, “Мыкты монтаж”, “Мыкты актриса”) алган “Анора” тасмасы 37 күн аралыгында эле тартылган. Тасманы тартуу иштери 2023-жылдын башында Нью-Йорктогу популярдуу Бруклин районунда жүргөн. 

Баш каармандардын тандалышы

Актёрдук курамдын тандалышы тууралуу сөз кылсак. Режиссёр башкы каармандарды дээрлик кастинги жок эле алдын ала тандап алган. 

Анора – Майки Мэдисон

Аноранын ролундагы америкалык актриса Майки Мэдисонду режиссёр алгач “Бир жолу Голливудда...” (2019) тасмасынан байкап, анын ойногону жакканы үчүн гана тасманы аягына чейин көргөнүн айтканы бар. 2022-жылы “Кыйкырык” тасмасындагы ролу менен актриса Шон Бэйкерди биротоло “багынтып”, Аноранын ролуна идеалдуу талапкер катары тандап койгон.

Майки Мэдисон өз кезегинде каарманынын образына кириш үчүн тасма тартылуу иштери башталардан 1 ай мурун "райондун жашоосун байкайын, жергиликтүүлөр сүйлөшкөн акцентти өздөштүрөйүн" деп Брайтон-Бичке көчүп барган. Андан сырткары, албетте, стриптиз бийлегенди үйрөнгөн. Мурда секс-кызматкери болуп иштеген инструкторлордон кеңеш алган. Орус тилин аз болсо да өздөштүргөн. 

Игорь – Юра Борисов

Торостун жардамчыларынын бири Игордун ролунда орусиялык актёр Юра Борисов болду. Кино сынчылардын, көрөрмандардын купулуна толо алган актёр “Оскардын” “Экинчи пландагы мыкты актёр” номинациясына талапкер болууга жетишти. Бул Юра Борисов үчүн эле эмес, орус кинематографиясы үчүн да кубанычтуу кабар эле. Анткени аталган сыйлыкка биринчи жолу орусиялык актёр талапкер болуп жатат. Борисов статуэткага жетпей калганы менен, Голливудда америкалыктар анын урматына атайын флешмоб уюштурушту. Кантип дебейсизби? Ондогон мырзалар чачтарын Борисовдун чач жасалгасына окшоштуруп таз кылып кырдырып, шарларга актёрдун сүрөтүн чаптап алып жүрүш жасаган видеолор интернет желесине тарады.

2020-жылы журналисттерге берген бир маегинде Юра Борисов: “Мен Батышты багынтып, ошол жакта калып калсам деген оюм жок. Болгону актёрлук тажрыйбам Орусия менен гана чектелип калышын каалабайт элем. Азырынча финн режиссёру менен иштешкенден башка эл аралык тажрыйбам жок. Түшүнөм, мен орус болгонум үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги актёрлор менен бир катарга тура албайм...” деген экен. Аны Шон Бэйкер дал ошол финн режиссёру тарткан “№6 купе” тасмасынан көрүптүр. Анан кесиптешине чалып, Борисов тууралуу сураганда “Юраны алсаң жаңылбайсың, ал көп кырдуу талант” деген жоопту алат да, орус актёрун тасмасына чакырат.

Борисовдун “Анорадагы” актёрлук чеберчилигине Роберт Дауни (кичүүсү), Анжелина Жоли сыяктуу дүйнөгө белгилүү адамдар жогору баасын беришти. Борисовдун качандыр бир кезде “алар менен бир катарда тура албайм” деген ою тескери чыкты. 

Иван – Марк Эйдельштейн

Орусиялык актёр Марк Эйдельштейн “Анорада” кадимки мажордун образын жаратты. Анын тасмага тандалышы түздөн-түз Юра Борисовго байланыштуу. Анткени Борисов режиссёрго “Ивандын ролуна Марк туура келет. Анда өзгөчө энергия бар” деп мекендешин сунуштаган. Марктан өзүн тааныштырган видео жөнөтүүсүн суранышканда ал жылаңач образда сценкасын жөнөтүп жиберген, бул анын “баарына даярмын” дегени болчу.

Кыскача фактылар...

*Тасмада Игорь (Борисов) гамбургер жеп отурган эпизод 6 саат аралыгында тартылган.

*Кафе-ресторандарда тамактанып отурган адамдар актёрлор эмес. Аларды тейлеген кызматкерлер гана актёрдук курамда. Жөнөкөй адамдардын жашоосун, алардын табигый эмоцияларын тартып калууну көздөгөн режиссёр кадрлар тартылгандан кийин гана адамдарга барып түшүндүрүп, тиешелүү документтерге кол койдуруп алган.

*Анора Игорду жаакка чапкан эпизоддо Юра Майкиге “болгон күчүң менен чап, чындык экени билинсин. Мени аяба, чыдайм” деген экен. Борисов кандай сокку алганын тасмадан сезсе болот.

*Кошумча сценарист жана кеңешчи катары канадалык жазуучу, актриса Андреа Верхун чакырылган. Жазуучу 2018-жылы мемуар жазып, анда өзүнүн эскорттогу жана стриптиз-бийчиси катары жашоосун баяндаган эле.

*Дагы бир уруш сценасында Майки Мэдисондун буту кайрылып, бир манжасынын тырмагы сынып жаракат алган. Борисов андан кийинки күндөрдө дайыма жанына медициналык клей алып жүрүп, актрисанын тырмагын чаптап берип, андан сырткары көп колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын айтат актриса.

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан