Бир бүркүм. 30-март - орозо айт...

Мындан ары ЖРТдан 130дан жогору упай алгандар гана педагогикалык окуу жайларга тапшыра алышат.

 Спикер Нурлан Тургунбек уулу менен Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жолугуп, сот тармагы боюнча пикир алышканы жарыяланды.

 Быйыл Орозо айт майрамы 30-мартта белгиленет.

 Бишкекте 19-20 жаштагы жигиттер баңгизат катып жүргөн жеринен кармалышты. 

 АКШнын Иллинойс штатында кыргызстандык үй-бүлө: күйөөсү, аялы жана баласы киши колдуу каза тапканы жарыяланды.

 Өлкөдө 110 оорукана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербестиги ӨКМдин текшерүүсүндө аныкталды.

 Бишкекте чет элдик жаран жасалма 362 миң доллар менен кармалды.

 1-марттан тарта Ысык-Көл облусунда желим баштыктарды жана желим буюмдарды колдонууга тыюу салынды. 

 Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.

 Барскоон-Каракол жолун оңдоого Азия өнүктүрүү банкынан 87 миллион доллар насыя алынат. 

 12-мартта Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, зыян тарткандар бар.

 Депутат Марлен Маматалиев автоунаа тыгынын жоюу үчүн Бишкектеги ЖОЖдорду шаар сыртына көчүрүүнү сунуштады.

 Талант Султанов “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

 Кыргызстанга автоунаа кузовун алып кирүүгө убактылуу тыюу салынды.

 Чоң-Алай районундагы бала бакчада ата-бала иске ууланып каза болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1161, 14-20-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан